Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Медведев: Кыргызстанда экиге бөлүнүп кетүү коркунучу бар


Россия президенти Дмитрий Медведев Брукинс институтунда сүйлөөдө. Вашингтон. 13-апрель 2010
Россия президенти Дмитрий Медведев Брукинс институтунда сүйлөөдө. Вашингтон. 13-апрель 2010

Россия президенти Дмитрий Медведев тактан ажыраган президент Курманбек Бакиев менен оппозиция түзгөн убактылуу өкмөт арасындагы тирешүү токтобосо, Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетет деп кооптонот.

Медведев ошондой эле өлкөдө ич ара согуш чыгып кетүү коркунучу бар, ошон үчүн саясый лидерлер жеке саясый мүдөөсүн эмес, жалпы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын ойлош керек деп эсептейт. Ал Вашингтондогу изилдөө борборунда 13-апрелде болгон кездешүүдө АКШ жана Россияны 8-апрелде өзү жана президент Барак Обама кол койгон СТАРТ келишимин тез ратификациялоого да үндөдү.

Кремль Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетет деп чочуйт

Кыргызстан. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева(оңдо) жана АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк(солдо) маалымат жыйынында. Бишкек.14-апрель 2010

Президент Бакиев менен Роза Отунбаева башындагы утурумдук бийликтин эрегиши токтобосо, Кыргызстанда ич ара согуш чыгып кетиши ыктымал. Мындай кооптонуусун президент Медведев 13-апрелде Вашингтондун Брукинс институтундагы жолугушууда айтты:

- Азыр баарынан да маанилүүсү: жарандык согушка жол бербөө. Менин баамдашымча, Кыргызстан азыр граждандык согуштун босогосунда турат.

Медведевдин пикиринче, бардык саясый күчтөр Кыргыз мамлекетинин болочогу үчүн жоопкерчилигин түшүнбөсө, өлкөдө экиге бөлүнүп кетүү коркунучу бар:

Президент Курманбек Бакиевдин тарапкери (солдо) убактылуу өкмөттүн колдоочуларын опузалоодо. Жалал-Абад. 14-апрель 2010

- Кыргызстан мамлекет боло албай калышын мен эч качан каалабайт элем. Кыргызстандын түндүк жана түштүк болуп бөлүнүүсү үчүн реалдуу коркунуч бар.

Эгер жарандык согуш башталып кетчү болсо, Кыргызстанга экстремисттер бир нече жыл мурда Ооганстанга агып баргандай чогула баштайт деп эскертти Россия президенти:

- Азыркы кырдаалда жарандык согуш эмне экенин биз түшүнөбүз. Непада андай согуш чыгып кетсе, бул аймакка террорчулар, ар кыл экстремисттер агып барат. Себеби берегидей жоболоң учурунда радикалдар үчүн ыңгайлуу кыртыш пайда болот. Ошондо Кыргызстан бир нече жыл илгерки Ооганстанга айлынышы мүмкүн.

Өлкөнү ич ара бөлүнүүдөн сактоо үчүн Курманбек Бакиев өз саясый мүдөөсүнөн Кыргызстан элинин кызыкчылыгын өйдө тутушу зарыл экенине президент Медведев эч кимдин ысмын атабай ишара да кылды:

- Саясый лидерлердин кимдир бирөөсү өз тагдыры жөнүндө жооптуу чечим кабыл алышы керек. Бул чечим анын жеке саясый амбициясына эмес, Кыргыз калкынын кызыкчылыгына ылайык жасалыш керек.

Ал эми москвалык эксперт Федор Лукянов Кыргызстандагы кырдаалдын тез жөндөлүшү Россия менен АКШга байланыштуу деп боолгойт:

- Келечек үчүн Россия менен АКШнын Кыргызстанда бири бирине тоскоолдук кылбаганы маанилүү. Азыр Россия жана АКШ Евразиянын түрдүү бөлүктөрүндө өз аракеттерин координациялай алганы чоң мааниге ээ. Кыргызстанда Россия менен АКШнын аскерий базасы бар. Эки өлкөнүн атаандаштыгына катар окшош кызыкчылыктары да бар. Плюс Кытай да бар.

Президент Медведев СТАРТты тез ратификациялоого үндөдү

Брукинс институндагы жолугушууда президент Медведев стратегиялык куралдарды кыскартуу жөнүндө Россия-АКШ 8-апрелде кол койгон СТАРТ келишимин эки өлкө парламенттеринин тез ратификациялоосу өтө маанилүү экенине да көңүл бурду.

Ядролук коопсуздук боюнча Вашингтондо аяктаган эл аралык саммит учурунда АКШ жана Россия курал плутонийинин корун жок кылалы деп макулдашты.

Аталган жыйынга катышкан 47 өлкөнүн лидерлери ядролук материалдарды контролдоону күчөтөлү деген бүтүмгө келишти. Эки күндүк саммитке БУУ, МАГАТЭ жана Евробиримдик да катышты. Анда кабылган алынган коммюнике жөнүндө президент Обама мындай билдирүү жасады:

Ядролук коопсуздук боюнча Вашингтондо өткөн саммиттен бир көрүнүш, 13-апрель 2010

- Жыйынга катышкан бардык өлкөлөр мен бир жыл мурда Прагада айткан сунушту: дүйнөдөгү бардык кооптуу ядролук материалдарды кайтарууну төрт жылга күчөтөлү деп макулдашты.

Барак Обама Канада толо байытылган урандын коруну азайтууга, Чили, Украина жана Мексика биротоло жок кылууга бет алганын да белгиледи. Аргентина менен Пакистан болсо ядролук заттардын аткезчилигине жол бербөө үчүн аларды күзөтүүнү күчөткөн.

XS
SM
MD
LG