Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Ким Чен Ир мураскер уулун Кытай жетекчилигине тааныштырууда


Ким Чен Ир Кытайга баратканда поездин терезесинен кол булгоодо. Май 2010. Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги жарыялаган фото.
Ким Чен Ир Кытайга баратканда поездин терезесинен кол булгоодо. Май 2010. Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги жарыялаган фото.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир өлкөнүн жакын союздашы Кытайга сапарга барды деп маалымдалды. Бирок визиттин максаты жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Бирок көпчүлүк маалымат булактары 68 жаштагы Ким Чен Ир Бээжинге болок мураскери эсептелген кенже уулу Ким Чен Унду Кытай жетекчилигине тааныштыруу үчүн алып барды деп жоромолдошууда.

Ким Чен Ир 1991-жылдын соңунда бийликти атасынан мурастап алгандан бери календер сыяктуу элге сейрек чыккандыктан, Түндүк кореялыктарга “улуу жетекчи” ("Улуу жетекчи" Ким Чен Ирдин ырасмий даражасы) тууралуу анда-чанда гана ырасмий маалымат берилип турат. Бул ирет да мамлекет башчынын сооттолгон поезди Кытайдын чек арасынан өткөнүн Түштүк Корея телеканалы кабарлады:
Түштүк Корея телевидениеси Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин Кытайдагы сапары жөнүндөгү кабарды Кимдин мурдакы видеотасмасы менен коштоп берүүдө. 26-август 2010

-Түндүк Кореянын улуттук аскер комиссиясынын төрагасы Ким Чен Ир бүгүн эртели Кытайга визит менен барганы тастыкталды. Аны болочок мураскери Кин Чен Ун коштоп жүрөт.

Ким Чен Ир акыркы жолу быйыл май айында Бээжинде визит менен болгон.

Талдоочулар 68 жаштагы Ким бу сапар Бээжинге мураскер уулун Кытай жетекчилиги менен жакындан тааныштыруу үчүн алып барды деп боолголошот. Анткени, сентябрда Түндүк Корея жумушчу партиясынын соңку 40 жылдагы биринчи чоң жыйыны чогулат.

Ройтерс агенттигинин билдиришинче, жыйында партиянын жаңы жетекчилери шайланып, Ким уулуна партия төрагалыгын тапшырышы ыктымал. Бул бийликтин мураскерге өткөрүү башталганын билдирген алгычкы ырасмий жышаан болот.

Ким Чен Ир жаңы курулган Намунг химиялык ишканасында. Өкмөттүк агенттик 2010-жылдын 7-июнунда жарыялаган сүрөт.
2008-жылы Ким катуу ооруу деп кабарлангандан бери ал бийликти кенже уулуна мурастап берет деген маалымат тараган. Ошон үчүн мураскер уулду Пхеняндын негизги союздашы Кытай жетекчилигине тааныштырганы табигый кадам дешет талдоочулар.

Коммунисттик Кытай соңку 10 жылдан ашык мезгилде экономикасын чечкиндүү либералдаштырды. Ага карабай, Түндүк Кореяны Батыш идеологиясына жана таасирине каршы күрөштө коңшулаш Түштүк Кореяга менен тең тайлашчу жана ишенимдүү чеп катары көрөт.

Түндүк Кореянын болочок лидери болот деп жоромолдонуп жаткан кенже Ким жөнүндө да көп маалымат жок. Анын Швейцарияда окуганы, жашы 26 куракта экени, мүнөзү атасыныкы сыяктуу катаал экени белгилүү.

Бирок анын жаш курагы, серепчилердин айтышынча, лидерлик үчүн артыкчылык эмес, кемчилик. Себеби Түндүк Кореяда орто курактан өткөн жана тажрыйбалуу адамдар сыйлуу.

Мураскер уулдун саясый багыты да тыш дүйнө үчүн табышмак. Андыктан мураскер да атасы сыяктуу жабык саясатты карманып, борборлоштурулган экономикалык системаны сактайт деп боолгонууда.

Ким Чен Ирдин Бээжинге жасаган иш сапары Пхеньянга АКШнын экс-президенти Жимми Картер келген кезге туш келүүдө. Картер америкалык тынчтык активистин бошотуп кетүү үчүн келген. Аны менен Ким Чен Ир кездешеби, мекендешин абактан бошото алабы, белгисиз. Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, Жимми Картерди 25-августта Түндүк Кореянын элдик жыйынынын Туруктуу кеңешинин төрагасы Ким Ен Нам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG