Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Польшада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат


Президентикке талапкер Ярослав Качинский шайлоочулар арасында
Президентикке талапкер Ярослав Качинский шайлоочулар арасында

Бүгүн бүткүл Польша боюнча мөөнөтүнөн мурда президент шайлоо өтүп атат. Эки айдан саал мурдараакта өлкө башчы Лех Качинский баш болгон мамлекеттик делегация түшкөн учак кыйрап набыт болгон эле. Ошондон улам эрте шайлоо өтүп атат. Бул жолку ат салышууда алдыга чыгып келет деген эки талапкердин ысмы аталууда. Бири – башкаруучу партия өкүлү Бронислав Коморовский, экинчиси – мерт болгон президенттин эгиз бир тууганы Ярослав Качинский.

Мамлекеттеги эң жогорку орунга он киши ат салышууда. Бирок алдын ала айтылган божомолдо ылдыйкы палата төрагасы Бронислав Коморовский менен мерт болгон президенттин эгиз биртууганы Ярослав Качинский алдыга чыгып, экөө ит
жыгылыш болуп калышы мүмкүн.

Баса, Я. Качинский мындан үч жыл башта, эгиз биртууганы президент болуп турганда, премьер-министрлик орнудан өз ыктыяры менен түшүп берген.

Канткенде да талапкерлер жеңиши жарандардын шайлоо бекеттерине келип беришине жараша болот дешет. Польшанын кайсы бир жерлерин суу ташкыны каптап, калкты кыйла жүдөтүп аткан кез. Мамлекет аймактарында бул күнү 25 миң добуш берүүчү бекеттер ачылган. Бирок бардык эле жерде шарт бирдей эмес. Айрыкча түштүк-батыш тарапта кыштактар, шаарлар аралай каптаган суу дагы эле тайыздай элек. Ошондуктан шайлоо өткөрүү тартиби башкачараак болуп оңдолгон.

«Азаттыктын» кабарчысы Алексей Яковицкийлын айтымына караганда суу баскан жерлер эмдигиче кургай элек. Ошондуктан мурда өтүп жүрүүчү жердеги бекеттер башка жерге орнотулууда. Ал эми добуш берүүчүлөрдү автоунаа менен ташып барып добуш бердирүү да дурус деп эсептелип калды.

Азырынча коом арасында сурамжылоо жыйынтыгы Коморовский үчүн 48 пайызга дейре добуш берет деп, ал эми Качинский үчүн ар бир үчүнчү киши добуш берет деп чыгууда. Саясий талдоочулар арасы 10 талапкердин бардыгы эле сыналгы уюштурган жарыш сөзгө катышпаганын кеп салышат. Экинчи мүчүлүш - шайлоону чукул убак ичинде өткөрүү болду дешет. Талапкерлер көзкарашы менен добууш берүүчүлөр түзүктөп тааныша албай калганын айтышат.

- Жарыш сөзгө умтулгандар добуштун бир пайызын жыйначулар болду. Аттуу-баштуу талапкерлер маалымат каражаттары менен сыналгыдан качышты. Азыр эл алдында оозунан жаңылуудан качышты, - дейт саясатчы Марцин Козловский.

61 жашка кирген Ярослав Качинскийдин бул жолку эл алдында таштаган урааны: «Баарыдан мурда Польша!» болгон. Талапкер Качинский жетектеген партия «Укук жана адилеттүүлүк» шайлоодо улут кызыкчылыгы үчүн кандай гана оңтойсуз талапкер кеби болбосун алар менен тил табышууга даярбыз деген. Тырмак астынан кан чыкканча тырыша бербей, жеңилип баратканда аттын башын кайра тартып, жеңилдим кебин кыларын айткан. Кыргызстан саясатчылары үчүн дагы бир өрнөк ушунда жаткандай.

XS
SM
MD
LG