Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Орус газынын кайра “оорусу” кармады


"Газпромдун" орунбасар төрагасы Александр Медведев 5-январда Парижде маалымат жыйынын өткөрдү.
"Газпромдун" орунбасар төрагасы Александр Медведев 5-январда Парижде маалымат жыйынын өткөрдү.

Эртең Прагада Евросоюздун тышкы иштер министрлеринин кеңеши ачылат. Анда орус газына байланышкан соңку кырдаал талкууланат. Ушул эле маселени Европа комиссиясы жума күнкү жыйынында да атайын караганы жатат. Ага “Газпром” менен “Нафтогаздын” өкүлдөрү чакырылды.

Украина аркылуу Европага келүүчү орус газынын агымы кескин азайды. Болгарияга, Түркияга, Грецияга жана Македонияга иш жүзүндө газ келбей калды. Анын жетишсиздигин Австрия, Германия, Италия, Франция, Словения, Хорватия жана Венгрия да сезе баштады. Европада бул учурда кыштын суугу күч алып, ”көгүлтүр отунду” керектөө өстү. Газ кризисинин коркунучу жок деп ырастап келген Брюссел эми катуу камтамалана баштады.

Евросоюздун төрагасы Чехия менен Еврокомиссия биргелешип бул маселе боюнча шейшемби күнү атайын билдирүү жарыялады. Документте орус газын европалыктарга жеткирүү жагынан кырдаал “мүнөт сайын кыйындап” баратканы белгиленет.

“Европалыктар газ жөнөткөн Россиянын да, аны бизге өткөргөн Украинанын да барымтасында кала албайт”,- деп көрсөттү Чехиянын премьери Мирек Тополанек кечээ Прагадагы маалымат жыйынында. “Бул таптакыр жол берилгис иш”,- деп бышыктады аны өкмөттүн вице-премьери Александр Вондра.

Кырдаалды эртең Прагада шаркеттин тышкы иштер министрлери өздөрүнүн жыйынында талкуулашат. Алардын соңунан маселени Брюсселде Еврокомиссия россиялык “Газпромдун” жана украиналык “Нафтогаздын” өкүлдөрү менен атайын карамакчы.

Москва түзүлгөн жагдай үчүн жоопкерчиликти Киевге жүктөп,аны жаңы келишим түзүүдөн качып жатканы жана европалыктарга арналган газды орто жолдон уурдап алганы үчүн айыптоодо. “Газпромдун” орунбасар төрагасы Александр Медведев Лондондогу маалымат жыйынында Украина экспорттук төрт куурдан үчөөнү шаршемби күнү түштөн кийин жаап салганын кабарлады. Натыйжада европалыктарга арналган газдын агымы демейкиден жети эсеге азайган.

Украина болсо транзит куурлары аркылуу Европага жөнөтүлө турган газдын көлөмүн Россия өзү азайтты деп ырастоодо. “Газпром” быйылкы жылы “Нафтогазга” бир миң кубометр газды 335 евро наркында сатмакчы болгон эле. Украин президентинин кеңешчиси Олександр Шлапак муну орустардын экономикалык кысымы катары баалап, мындай баа жалпы европалык рыноктогу газдын наркынан көптүк кылат деп билдирди.

Европалыктар орустардан миң кубометр газды 500 еврого сатып алышат. Киевде жайгашкан саясий борбордун эксперти Володимир Фишенко адатынча Украина Евросоюзга даттанып, Россия болсо европалыктарга украин бийликтерин жаманатты кылууну көздөп жатат деп эсептейт.

Энергетика иштери боюнча римдик аналитик Федерико Вордонаро иш жүзүндө эки тарап тең өздөрүнүн кадырын өздөрү кетирип жатканын белгиледи. “Бул окуя 2006-жылдан бери кайталанып келатканын эске алганда, Россия менен Украина ошондон бери орток пикир таба алышпаганына ишенүү кыйын”,-дейт ал.

XS
SM
MD
LG