Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Испандар өкмөттүн үнөмдөө саясатына нааразы


Испания. Өкмөттүн антикризистик планына каршы демонстрацияга чыккан өкмөттүк мекемелердин кызматчылары. Мадрид. 8-июнь, 2010
Испания. Өкмөттүн антикризистик планына каршы демонстрацияга чыккан өкмөттүк мекемелердин кызматчылары. Мадрид. 8-июнь, 2010

8-июнда Испанияда бюджеттик мекемелердин кызматчыларынын иш таштоосу болду. Алар өкмөттүн өлкөдө Грекиядагыдай финансылык кризисти болтурбоо максатында кабыл алган катаал планына нааразылык билдиришти.

7-июнда Евромейкиндиктин финансы министрлери бирдиктүү акча зонасына кирген өлкөлөргө анти-кризисттик жардам көрсөтүү механизминин техникалык аспектилерин даярдап бүтүштү.

Иш таштоо бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча катаал планды аткарууга бел байлаган Испания өкмөтүн кыжаалатка салган чоң окуя болду. Анын кесепетинен шейшемби күнкү Испанияда таштандылар жыйналбай, тез жүрчү поезддер жүргөн жок. Кесиптик союздар уюштурган жалпы улуттук акцияга кызматчы-доктурлардан тартып, көчө шыпыргычтарга чейин катышты. Бюджеттен каржыланган бу тармактарда 2,6 миллиондой адам эмгектенет.

Профсоюздар иш таштоого коомдук сектордо иштегендердин 75 проценти катышты десе, өкмөт 11 проценттен көп адам катышпаганын билдирди.

Премьер-министр Сапатеро башындагы социалисттик өкмөттүн эки жылдык планына ылайык, 1-июндан тарта өкмөттүк ишкана-мекемелерде эмгек акы 5 процентке кыскартылып, эмки жылы да көбөйтүлбөйт. Пенсияларды индексациялоо токтотулуп, бала төрөлгөндө берилчү 2,5 миң евролук сый пул берилбейт, региондорго берилчү каражаттар 1,2 млрд. еврого кыскарат.

Шейшемби күнкү жалпы улуттук иш таштоого мадриддик Антонио менен Сюзана да катышты.

- Биз элге кошулуп чыктык. Себеби нааразылык акциясы өкмөттүк кызматчылардын маяналарын кыскартуу осол иш экенин ашкере кылчу жакшы жөрөлгө. Демократиялык коомдо буга жол берилбеш керек,- дейт Антонио.

Сюзана өкмөт адамдардын ак мээнетинен тапкан акчаларын алдап алууда деген пикирде:

Грек полициясы өкмөттүн анти-кризистик планына каршы өткөн 24 сааттык иш таштоо учурунда. Афины. 20-май 2010

-Бийлик бизди алдап, эмгек акыларыбызды кыскартып жатат. Биздин эмгегибиз мурдакыдан аз бааланбаш керек. Өкмөттүк кызмат аябай маанилүү. Байдөөлөт коомубуз үчүн аларга ырахмат. Биз азыр жаман кырдаалга багыт алдык.

Испан өкмөтүнүн катаал чарасы 15 млрд. еврону үнөмдөөгө, 11,2 проценттик бюджеттик тартыштыкты кыскартууга жана инвесторлорго испан өкмөтү өз милдеттенмелерин аткарарын шардана кылууга тийиш. Евросоюздун шарты боюнча, бюджеттин дефицити 3 проценттен ашпоосу абзел. Бюджеттик тартыштыгы 12 процентке чыгып кеткен Грекия финансылык саздактан чыгуу үчүн Эл аралык валюта фондунан олчойгон карыз алган.

Грекиядагы финансылык капсалаңдын айынан евро арзандап, ушу жумада 1 евро АКШнын 1 доллар 20 сентинен да ылдый түшүп кетти. Акыркы төрт жылда евро мындай арзандаган эмес. Бу жагдайда евромейкиндикке кирген 16 өлкөнүн финансы министрлери евроөлкөлөргө кризисттик кырдаалда көмөктөшүүнүн механизмин макулдашты. Үч жылга эсептелген иш чара үчүн каралган 750 млрд. евронун 440 миллиарды ортодон чыгарылат, 60 миллиардды Еврокомиссия жана 250 миллиардды Эл аралык валюта кору берет.

Евробиримдиктин финансы министрлери 8-июнда Люксембурда өткөн жыйында уюмдун мүчөлөрү Грекия сыяктуу финансылык абалын жымсалдап көрсөтпөөсү үчүн Евростаттын көзөмөлдөө укугун күчөттү. Ошондой эле финансылык тартипти ого бетер катуулатмак болушту. Эми келерки жылга кайсы өлкө бюджеттик дефицитти чоң пландаса, анын жайын түшүндүрүп бериши шарт. Мунун максаты, Евросоюздун төрагасы Херман ван Ромпейдин сөзүнчө, өлкөнүн чыгаша-кирешесин таразалоо, инфляцияны жана ар бир өлкөдөгү экономикалык өсүүнү туура эсептөө.

XS
SM
MD
LG