Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Швейцария менен Ливия элдештиби?


Ливиянын түрмөсүнөн кутулган Макс Голди өзүн ага эч тиешеси жок жаңжалдын курмандыгы болдум деп эсептейт.
Ливиянын түрмөсүнөн кутулган Макс Голди өзүн ага эч тиешеси жок жаңжалдын курмандыгы болдум деп эсептейт.

Швейцария менен Ливия эки ортодогу дипломатиялык талашты жөнгө салууну караган келишимге кол коюшту. Аны натыйжасында эки жылдан бери түрмөдө отурган швейцариялык ишкер бошотулду. Мекенине кайтып келген соң ал Муаммар Каддафинин өкмөтүн өзүн жалгыз кишилик абакта кармаганы, уурдап кеткени үчүн айыптады.

Макс Голди ысымдуу швейцариялык ишкер Ливияда 2008-жылдын июлунда камакка алынган эле. Айтылуу Муафмар Каддафинин өкмөтү Швейцария менен Швециянын биргелешкен АВВ инженердик компаниясынын Ливиядагы бөлүмүн башкарган Макс Голди менен катар дагы бир швейцариялык ишкер Рашид Хамданини виза режимин бузганы, мыйзамсыз ишкерлик кылганы үчүн айыпташкан. Ливиянын соту Хамданини толук актагандан кийин ал мекенине быйыл февралда кайтып келе алды. Ал эми Макс Голди абакта дагы төрт айга олтурду. Ал Швейцарияга 14-июнда кайтып келген соң ага тиешеси жок жаңжалдын курмандыгы болгонун баса белгиледи:

- Азыр мен үчүн абдан эмоционалдуу учур. Мени туура түшүнүүңүздөрдү суранам. Мен абдан чарчадым. Бирок акыры Швейцарияга кайтканыма кубанычтамын. Соңку 23 ай бою менин үй-бүлөм коркунуч менен жашады. Мен өзүм эч тиешесиз жаңжалдын курмандыгы болдум. Бүгүн мен күнөөмдү такыр моюнга албайм.

Голдинин ырастоосунда, ал түрмөдө бир кишилик камерада, караңгы жана кичинекей бөлмөдө олтурган. Эки ай бою бирге камалган мекендеши же Швейцариянын консулдук мекемесинин кызматкерлери менен жолуга алган эмес. Макс Голди ага катар абакта эң башкысы белгисиздиктин азабын тартканын, алган психологиялык жарааты качан чыгарын айтуу кыйын экендигин кошумчалады.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык чатак тутанганы ишкерлер Швейцарияда Ливия президенти Муаммар Каддафинин уулу Ганнибалдын камалуусунан соң орун алганында. Мына ушул эки окуянын өз ара байланышы бар деп эсептегендер Ливиянын аракетин өч алуу катары баалашкан.

Каддафинин уулу Швейцарияда анын мейманканадагы бөлмөсүн тейлеген кызматчыларга кол көтөрдү деген айып менен кыска убакытка камалып, кайра бошотулган. Анын үстүнөн арыз жазгандар дооматын кайра артка алышкан эле. Бирок окуя дипломатиялык чатакка айланып, ага Европа Биримдиги, АКШ жана ири энергетикалык фирмалар да тартылууга аргасыз болушту.

Швейцариялык ишкерлер камакта олтурган мезгил аралыгында алардын бошотулуусу үчүн эл аралык "Мунапыс" уюму да аракеттенип келди. Уюм алардын абакка салынуусун саясий жүйөөсү бар иш катары баалаган. Бирок Ливия бийликтери мындай айыпты четке кагып, швейцариялыктар менен Муаммар Каддафинин баласынын камалышында эч байланыш жоктугун ырастап келишти.

Макс Голдинин бошотулуусу Швейцария менен Ливия өткөн дем алыш күндөрү кол койгон келишимдин натыйжасында жетишилди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мишлен Калми Рейди Триполиге испан тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратинос, Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони коштоп барды.

Италия Европанын Ливия менен экономикалык байланышы күчтүү өлкөсү катары эсептелинет. Ливиянын тышкы иштер министри Мусса Куссанын документке кол коюу жөрөлгөсү учурунда жарыялаганына караганда, Женева шаарынын жергиликтүү өкмөтү Ганнибал Каддафинин камалганы үчүн 1,5 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берди. Бирок шаар бийликтери мындай ырастоону четке кагышты.

Анткен менен ишкер Голдини бошотуу боюнча келишимдин алкагында Каддафинин баласынын жеке турмушунун купуялуулугун бузган сүрөттөрдүн гезитте жарыяланып кеткендиги үчүн расмий кечирим сурашты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG