Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

БУУ: ИМдин бөлүм башчысы - тажик жараны


Сайвали Шафиев. Сүрөт тажик атайын кызматы даярдаган тасмадан алынган.
Сайвали Шафиев. Сүрөт тажик атайын кызматы даярдаган тасмадан алынган.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмүн 31 жаштагы тажик жараны башкарат.

Бул тууралуу террордук уюмдун коркунучун, кесепетин талдап-иликтеген БУУнун эксперттеринин соңку баяндамасында айтылат. Тажик бийлиги Ооганстанда жоочулардын катарында ондогон тажик жараны бар экенин билдирген жана соңку эки айдын ичинде сегиз адамды алып келип камаган.

БУУнун эксперттеринин «Ислам мамлекети» террордук тобунун кесепети тууралуу баяндамасы 15-июлда уюмдун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Анда бул террордук топтун Ооганстандагы «Ислам мамлекети - Хоросан» деп аталган бөлүмүн Тажикстандын жараны Сайвали Шафиев жетектеп жатканы, ал көбүнесе Абубакри Муавиа деген каймана ат менен белгилүү экени жазылган.

БУУнун эксперттери билдиргендей, Ооганстандын Нангархар провинциясын байырлаган бул топтун катарында 200дөй жоочу бар. Сайвали Шафиев негизинен Интернетте өздөрүнүн катарын калыңдатыш үчүн башка адамдарды азгырат жана каражат чогултат.

Баяндаманын авторлорунун маалыматына ылайык, Ооганстанда жоочулардын арасында 100дөй тажик жараны жүрөт, алардын көпчүлүгү «Талибан» кыймылын колдойт.

Эл аралык эксперттердин баяндамасында Ооганстандын түндүгүндө, тактап айтканда Бадахшан провинциясында бир канча экстремисттик жана террористтик топтор жашырынып жатканы белгиленген. Ошондой эле алар баңгизат соодагерлери менен кызматташары, Борбор Азия мамлекеттерине жоочуларды жөнөтүү менен алектенери айтылган.

«Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун белдүү мүчөсү катары Сайвали Шафиевдин аты былтыр май айында аталган. Ошол маалда Дүйшөмбү шаардык соту бул өлкөдө тыюу салынган, оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын 14 мүчөсүн жети жылдан 26 жылга чейин эркинен ажыраткан. Аларга «борбор шаарда Нооруз майрамында терракт уюштурганга аракет кылышкан» деген айып коюлган.

Тажикстандын Биринчи каналы Улуттук коопсуздук комитети даярдаган «Маңкурттар» деген тасма көрсөткөн. Анда терракт уюштурууга аракет кылган деген айып менен Дүйшөмбү шаардык соту соттогон Фахриддин Гулов менен Махмуджон Азамов «Zello» деген программа аркылуу жоочулар азгырганын айтып беришкен.

Тасмада Гулов Ооганстанда атайын машыгуудан өткөнү, ага «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү Абубакири Муавиа же «Жалалабади» деген каймана ат менен таанымал Сайвали Шафиев устаздык кылып, жардам бергени маалымдалган.

Тажик атайын кызматы Шафиев Гиссар районунун тургуну экенин билдирип, аны «Интернетте «Ислам мамлекет» террордук тобунун идеясын жайылтып, үгүттөп жүрөт» деп күнөөлөгөн.

Баяндаманын авторлору Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандын түндүгүндө жашырынып жаткан ашынган топтордон чочулап турганын белгилешкен. «Ооганстандын түндүгүндө катарында Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары бар бир канча куралдуу топ бар. «Катиба-ал-Имам-Ал-Бухаринин» 50, «Өзбекстан ислам кыймылынын» 100, «Жихади исломи» тобунун 50, «Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын» 50дөй жана «Жамаати Ансарулах» кыймылынын 30 мүчөсү борбор азиялыктар» деп жазылган баяндамада.

Эксперттер былтыр аталган аймакта атайын операциялардын негизинде «Ислам мамлекети» террордук тобунун 26 жоочусу камалганын белгилешкен.

Тажик бийлиги соңку эки айдын ичинде Ооганстандын сегиз жаранын алып келгенин маалымдаган. Баарына кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Камалгандардын бири, 19 жаштагы Шодижон Боевдин атасы Акажон Боев «Азаттыктын» тажик кызматына уулу Ооганстанга кантип барып калганын айтып берген. Анын сөзүнө ылайык, Шодижон алгач Орусияга курулушта иштегени кеткен. Ал жактан азгырылып Түркияга учуп, андан ары Иранга жол тарткан. Ирандан Ооганстанга өтүп, Нангархар провинциясында жергиликтүү уруулардын үйүндө жашап жүргөн.

«Уулум менен Куляб милициясында бир канча жолу көрүштүм. Ал «Ислам мамлекети» террордук тобунан качып баратып талибдердин колуна түшүп калыптыр. Алардан америкалык аскерлердин колуна түшүптүр. Алар болсо уулумду тажик бийлигине өткөрүп бериптир».

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан тартып Сирия менен Иракка эки миңге чукул тажик жараны кеткен, алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

БУУнун эксперттеринин баяндамасында 2015-жылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулуп кеткен мурдагы тажик полковниги Гулмурод Халимовдун да аты аталган.

Баяндаманын авторлору Халимов ушул тушта Сириянын Идлиб аймагында тажик улутундагы 600 жоочудан куралдуу топту башкарарын маалымдашкан. Ага ылайык, мурдагы тажик полковниги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун «согуш министри» болбой калган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ирак менен Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө 600дөй тажик жараны кармалып отурат. Алардын арасында бала-чакалуу аялдар да бар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон.

Террордук топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Көбү 2013-2015-жылдардын аралыгында кетип калган.

Кыргыз өкмөтү Ирактын лагерлеринде кармалып жаткан жарандарынын балдарын быйыл сентябрь айынын башында алып келгени жатат. Ал эми Сириядагы кыргызстандык балдарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG