Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Россиялык "Өлүм соодагери" АКШда соттолот


Виктор Бутту Таиланддын атайын күчтөрүнүн жоокерлери Бангкок сотуна алып келишүүдө. 4-октябрь, 2010
Виктор Бутту Таиланддын атайын күчтөрүнүн жоокерлери Бангкок сотуна алып келишүүдө. 4-октябрь, 2010

16-ноябрда россиялык соодагер Виктор Бут Таиланддан АКШга америкалык агенттердин коштоосунда учуп кетти.

“Өлүм соодагери” деген лакап ат менен белгилүү, 43 жаштагы Буттун күнөөлөрү тастыкталса калган өмүрүн абакта өткөрүшү ыктымал. Аны АКШ бийликтери Вашингтон “террорчу” деп тааныган топторго курал саткан жана америкалык жарандарды өлтүрүүгө шыкакчылык кылган деп айыптоодо. Москва Бутту экстрадициялоону “мыйзамсыз” деп атады.
Виктор Бут Бангкоктун сотунда. 11-август 2009


Жолдуу соодагер Бангкокто кантип кармалган?

Мурдакы учкуч-офицер Виктор Бут дүйнөдөгү курал соодагерлеринин эң жолдуусу эсептелчү. Таиланд полициясы жана аэропорттун жетекчилиги АКШдан атайын келген учак Виктор Бут менен кошо Бангкоктон учуп кеткенин билдиришти. “Аны он мүнөт мурда унаага салып, аэропортко жөнөткөнүн тастыкташты”,-деп маалымдады Буттун адвокаты Лак Ниттиваттанавичан журналисттерге. Андан мурдараак Таи өкмөтү Бутту Кошмо Штаттарга өткөрүп берүүгө макулдук берген.

Виктор Бут кармалгандан берки эки жыл Вашингтон-Москва арасындагы дипломаттык эрөөл менен коштолду. Азыр да Россия “Тай өкмөтү тышкы кысымга туруштук бербей” Бутту АКШга “мыйзамсыз өткөрүп берди” деп эсептейт. Министр Сергей Лавров Кениянын борбору Найробиде жасаган билдирүүсүндө Буткону АКШга өткөрүп берүүнү саясый кысымдын натыйжасы деп атады:

-Бул (Буткону экстрадициялоо) Таиланддын сот өндүрүшүнө жана өкмөтүнө жасалган теңдешсиз кысымдын натыйжасы болду деп эсептейм. Бул окуя чектен ашкан адилетсиздиктин үлгүсү болду. Биздин мамлекет Виктор Буткого өлкө жараны катары бар көмөгүнү көрсөтө берет.


Мурдарак ИНТЕРФАКС агенттиги Россиянын Бангкоктогу элчилиги Тай өкмөтүнүн чечимине таң калганын кабарлаган. Виктор Буттун зайыбы Алла орус телеканалдарынын бирине берген интервьюда: “Тай өкмөтү АКШнын кысымынан улам татыксыз саясый кадамга барды”,-деди жана бийлик менен чогуу сотко кайрыларын кошумчалады.

Экс-учкучтун соодадагы ийгилигинин табышмагы


“Өлүм соодагери” деген атка конгон орус соодагери 2008-жылы Вашингтондун суранычы боюнча Бангкокто камакка алынган болчу. АКШлык чалгынчылар ошондо Виктор Бутту Колумбиянын ынкылапчыл күчтөрү же ФАРСка курал сатып алган адамдар катары келип, тузакка түшүрүүгө көмөктөшкөн.

Вашингтон экс-учкуч соодагерди ФАРСка миллиондогон долларга ракета, тикучар, автоматтык курал, бомба жана ракета атчу учактарды саткан деп күнөөлөөдө; террорчуларга каржылык жардам көрсөтүп, америкалык жарандарды өлтүрүүгө түрткөн деп да эсептейт. Бут ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы калабалуу аймактарга курал саткан деп шектелип жүрөт.

Виктор Бут соңку эки жылда отурган Бангкоктун борбордук түрмөсү. 16-ноябрь 2010
Москвада чыкчу “Профиль” журналынын жазышынча, Виктор Бут Россиянын чалгындоо кызматынын жогорку чөйрөлөрүнүн колдоосу менен иштечү. Батыш булактарынын ырасташынча, Виктор Бут 1980-жылдардын башында Анголада Россиянын азыркы вице-премьери Игорь Сечин менен чогуу кызмат өтөгөн.

Таиланддын апелляциялык соту 20-августта эле Виктор Бутту 3 ай ичинде экстрадициялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Бирок АКШ тарап сотко Буттун мыйзамсыз акча адалдаштырганы жана финансылык көз бойомочулуктары жөнүндө жаңы далилдерди бергендиктен иш токтоп калган. Себеби Таиланддын мыйзамына ылайык, сот жалааны карап көрүшү шарт. Бирок сот 5-октябрда береги материалдарды карабасын билдирип, аны АКШга өткөрүп берүүгө жол ачкан. Ошентип Виктор Бут шашылыш АКШга чыгарылып кетпесе, 19-ноябрда экстрадиция мөөнөтү бүтмөк.

XS
SM
MD
LG