Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Жаратылыш менен кошо саясат да жанданабы?


"Кел-кел" жаштар кыймылынын акциясы, 24-март, 2005-жыл
"Кел-кел" жаштар кыймылынын акциясы, 24-март, 2005-жыл

2005-жылдын 4-мартында бийликке нааразы болгон жалалабаддыктар облустук администрациянын имаратын ээлеп алышкан. Ошондон тарта экс-президент Аскар Акаевдин бийлигине баш ийбөөчүлүктөр күчөп, натыйжада 24-март окуясы келип чыккан. Анын ордуна келген азыркы президент Курманбек Бакиевге деле дал ошол сыяктуу нааразычылыктар айтылып келатат. Деги бийлик өткөндөн сабак алып атабы?

2005-жылдын февраль-март айларында парламенттик шайлоо өтүп, ага ошондогу президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев экөө тең катышкан. Ал кезде Б.Акаева бийликчил “Алга Кыргызстан!” партиясын жетектеп калган эле. Дал ошол шайлоо бийликке болгон наразычылыктарды күчөтүп, натыйжада жер-жерлерде баш ийбөөчүлүктөр башталган.
Акыркы кездери болуп аткан камоолор, куугунтуктар, өтө чоң деңгээлдеги саясатчылар менен таасирлүү журналисттердин буюртма өлүмдөрү кошумча болуп, саясатчылар да абдан эле ачык түрдө күрөшүүдөн чочулап турат.
Т.Акеров

2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абадда митингге чыккан эл облустук администрацияны басып алышкан. Анын аркасынан башка региондордо да ири митингдер өтүп, миңдеген адамдар мамлекеттик администрация имараттарын басып ала башташкан.

22-март күнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялап, оппозиция өлкөнүн жарымын көзөмөлдөп калганына карабай Аскар Акаевдин катышуусунда жаңы парламенттин алгачкы сессиясы өтөт. Жер-жерлерде милиция менен атайын бөлүктөрдүн аскерлери өткөргөн элди күч менен таркатуу операциялары да ишке ашпай калган. Натыйжада, 24-март күнү Бишкекте өткөн ири митингден кийин эл “ак үйдү” да басып алып, президент үй-бүлөсү менен качууга аргасыз болгон.

Мурдагы жана азыркы окшоштуктар

Мурдагы президент менен азыркы президентке болгон нааразычылыктар негизинен окшош. Андан да оппозиция бийликти үй-бүлөлүк башкарууга жол бергени, өлкөнүн кирешелүү тармактарын басып алышканы, саясий куугунтуктар үчүн күнөөлөшкөн. Азыр деле президент Курманбек Бакиевге карата дал ошол сөздөр айтылууда.

Саясий серепчи Табылды Акеровдин пикиринде, эл арасында ошол 2005-жылдагы саяктуу эле нааразычылыктар көп. Бирок ошондогудай элдин активдүүлүгү байкалбай атат. Анын да себептери бар. Анткени 2006-2007-жылдагы миңдеген адамдар катышкан митингдерде бир катар оппозиционерлер бийлик менен жең алдынан сүйлөшүп, бийликке өтүп кеткендери болду. Ошол себептүү оппозицияга ишенич азая түштү:
Т.Акеров

- Буга чейин деле бир топ митингдер болду, оппозиция менен бийлик ортосунда өтө катуу тирешүүлөр болду. Ошондо оппозициядагы айрым саясатчылар элди аянтта таштап коюп бийлик менен жең алдынан сүйлөшүп, өздөрүнө портфелдерди алып, ары жакка өтүп кеткен учурлары болду. Ошондуктан эл бүгүн кайсы саясатчыны колдосо болорун так аныктай албай атат. Мындайча айтканда ишенимдүү лидердин, саясий күчтүн жоктугу кичине байкалып тургандай.

Экинчиден, акыркы кездери болуп аткан камоолор, куугунтуктар, өтө чоң деңгээлдеги саясатчылар менен таасирлүү журналисттердин буюртма өлүмдөрү кошумча болуп, саясатчылар да абдан эле ачык түрдө күрөшүүдөн чочулап турат.

Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек.
К.Бакиев, 2006-жыл

Ошондой эле талдоочунун айтымында, мындан аркы кырдаал оппозициянын 17-мартта өткөргөнү жаткан элдик курултайына байланыштуу болот. Эгер оппозиция курултайга миңдеген тарапкерлерин чогулта алса, абал 2005-жылдагыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Анткени бийликтеги беш жыл убактысында президент бийлигин катуу бекемдеп, андай кооптуу учурларга үчүн жакшы даярданып алды.

Тарых кайталанабы?

2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиев эл алдында көптөгөн убадаларды берген жайы бар. Оппозиция өкүлдөрү ошол убадалардын бирөө да аткарылбаганын, тескерисинче президент балдарын, ага-туугандарын бийликке алып келип алганын айтышат.

Президент К.Бакиев бийликке келген алгачкы жылы үй-бүлө мүчөлөрүн башкарууга аралаштырбасын бир курдай айтканы бар. Маселен, 2006-жылы К.Бакиев УТРКга интервью берип атып, өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасын айткан эле:
Kурманбек Бакиев

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Айта кетсек, президенттин кичүү уулу Максим Бакиев азыр өлкөдө экинин бири. Ал жетектеген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги өлкөнүн бүтүндөй каржы-экономикалык тармагын көзөмөлдөп турат. Эл арасында аталган агенттик “жогорку өкмөт” деген атка конгон. Ал эми президенттин улуу баласы Коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары, иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматын башкарат, дагы бир иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде, дагы башкасы Сузактагы Ырыс айыл өкмөтүн жетектейт.

XS
SM
MD
LG