Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Түркия: күрт маселеси күн тартибинде


Сот жараянына каршы митинг.
Сот жараянына каршы митинг.

Түркияда жикчил Күрт жумушчулар партиясы (ПКК) менен катышы бар деп шектелген 150 күрт тектүү саясатчынын үстүнөн сот иши башталды.

Сот жараяны көп жылдардан бери күрт маселесин чечүүгө аракет жасап келген өкмөт менен күрт тектүү саясатчылардын ортосундагы кайым айтышууларга себеп болду.

Прокурорлор тарабынан ПККга тиешеси бар деп айыпталган Күртстан бирикмесине (КЖК) мүчө деп, катарында ондогон шаар башчылары кирген 150 саясатчынын үстүнөн сот иши 18-октябрда Диярбакы шаарында башталды.

Мындан 1,5 жыл мурда камакка алынып, ошо кезден бери тергөө абагында кармалып келаткан шектүүлөргө колдоо көрсөтүү максатында бир нече шаардан келген соттолгондордун жүздөгөн жакындары, укук коргоочулар соттун алдында митингге чыгышты. 7500 барактан турган айыптоо корутундусунда соттолуучуларга “террорчул уюмга мүчөлүк жана жетекчилик кылган”, “мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга аракеттенген”, “террорчул маанайдагы баракчаларды тараткан”, “террорчул уюмга жардам кылган” деген айыптар коюулууда. Айыпталуучулардын арасында Күртстан автономиясын талап кылган Диярбакыр шаарынын мэри Осмон Байдемир да бар.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган
Бул сот жараяны өкмөттүн өлкөнүн күрт тектүүлөргө кеңири укук берүү максатында демилге баштаган мезгилге туш келди. Күрттөрдүн парламенттеги БДП партиясынын лидерлеринин ырастоосу боюнча, өкмөт “демократиялуу демилге” аталган планынын алкагында күрт маселесин чечүү жолдорун издеп жатканы менен, күрт тектүү саясатчыларга каршы коопсуздук органдарынын куугунтугу уланууда. Алардын айтымында, учурда миңге жакын күрт активисти ПКК менен байланышы бар деген айып менен камакта отурат.

Апта соңунда түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган БДП партиясын чыгыш аймактарда калкты коркутуп, добуш бердирген деп айыптады:

- Андай “өлтүрөм, өрттөп-талкалайм” деген коркутуулар менен элдин добушун алуу оңой. Элди өз эркине койгулачы, өз эрки менен добуш берсин, анан канча добуш аларыңарды көрөбүз.

18-октябрда БДПнын теңтөрагасы Селахаттин Демирташ өкмөт башчыга парламентте жооп кайтарып, аны кызматтан кетүүгө үндөдү:

- Өкмөт башчысы бар өлкөдө 2 жарым миллион шайлоочу коркконунан бир партияга добуш берсе анда ал өкмөттүн күнү бүттү деген сөз. Бул туура болсо мен ал орунда отурбайт болчум. Дароо кызматтан кетет элем.

Ал арада ПККнын Ирактын түндүгүндөгү лидери Мурат Карайылан Лондондун “Independent” гезитине курган маегинде “өкмөт берген убадаларын аткарсын, антпесе ПКК учурда күчүндө турган “согуштук мораторийди” айдын акырында соңуна чыгарат” деп айтты. ПКК өткөн айдагы референдумду утурлап, согуштук аракеттерди убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG