Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:37

БУУ: Газада согуш кылмышы жасалган


Израил армиясынын танкы Газа тилкесинин чек арасында. 14-январь 2009-ж.
Израил армиясынын танкы Газа тилкесинин чек арасында. 14-январь 2009-ж.

Израил декабрь-январда Газадагы аскерий операция учурунда эл аралык мыйзамдарды бузган жана ашыкча көп күч колдонгон.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму жаңы жарыялаган докладда айтылат.

Улуттар Уюмунун далилдерди издөө миссиясы ХАМАСтын жоокерлери жана Израил аскерлеринин аракетин “ согуш кылмышына теңесе болот жана айрым өңүттөн адамзатка каршы кылмыш деп баалоо мүмкүн” деп тыянак чыгарат. Израил өкмөтү жана ХАМАСтын жетекчилиги докладды бир жактуу деп сындашты.

Биз (карапайым элге чабуул жасоо боюнча) атайын саясат кабыл алынганы жана аскерий күчтөр зарылдык болбосо да колдонулганы жөнүндө айтуудабыз.
Р. Голдстоун



Палестиндер Израилдин авиажапырыгнда жарадар болгон аялды ооруканага алып баратышат. Газа шаары. 27-декабрь 2008-ж.
Улуттар Уюмунун докладына тиркелген материалдарга караганда, израилдик күчтөр сегиз ай мурда Газада карапайым палестиндерге атайылап чабуул койгон жана эл ичиндеги жоготууларды азайтуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес.

БУУнун иликтөөчүлөрү ушул далилдерге таянып, Израил аскерлери үч жумалык операция кезинде согуш учурунда жарандардын укугун коргоо жөнүндөгү эларалык келишимди бузган деген бүтүм жасайт.

Палестиндердин жана адам укугун коргоочулардын ырасташынча, декабрда башталып, үч жумага созулган операция мезгилинде 1400дөн ашуун газалык тургун өлгөн. Израилдин эсеби боюнча, өлгөндөрдүн саны 1166дан ашпайт.

Миссиясынын башчысы, Түштүк африкалык юрист Ричард Голдстоундун билдиришинче, Израил өкмөтү миссия менен такыр кызматташпаган, атүгүл жарандар менен сүйлөшүүгө жана Батыш Иорданга өтүүгө уруксат бербей койгон. Ошон үчүн, Голдстоундун айтышынча, израилдик күбөлөр менен Женевада жана Амманда сүйлөшүлгөн.

-Биз өзүбүз тапкан далилдердин негизинде бүтүм чыгардык. Мында эларалык мыйзамды орой бузуулар жөнүндө талашкыс далилдер
Израилдик танктар Газаны көздөй баратышат. 14-январь 2009-ж.
бар. Израил Газадагы аскерий операция кезинде эларалык мыйзамды адамдардын укуктарын бузган. Миссия Израилдин коргонуу күчтөрүнүн бул аракеттерин согуш кылмышына жана айрым өңүттөн адамзатка каршы кылмыш деп баалоо мүмкүн деп тыянак чыгарды.

2008-жылдын 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилди камтыган бул докладга 188 интервью, 10 миңден ашуун документ, 400 сүрөт, видеотасмалар, 38 кишинин коомдук угууда айткан сөзү далил ирети тиркелген.

Газадагы аскерий операцияны изилдөө, Голдстоундун сөзүнчө, чабуулдун бутасы карапайым палестиндер болгонун көрсөткөн:

-Биз кан майдандын ортосунда жүргөн командирлер менен жоокерлерди каралабоо максатында чоң жана мүмкүн болгон 36 окуяны териштирдик. Биз (карапайым элге чабуул жасоо боюнча) атайын саясат кабыл алынганы жана аскерий күчтөр зарылдык болбосо да колдонулганы жөнүндө айтуудабыз.

Израил докладды бир жактуу деп сындады жана БУУнун миссиясы менен кызматташпай туура кылганын билдирди.

Израилдик аскерий медиктер жарадар жоокерди ооруканага алып баратышат. Бэршеба шаары. 4-январь 2009-ж.
-Израил өкмөтү бул жасалма сот менен кызматташпай туура кылган. Алар алдын ала эле кайсы тарап күнөөлү деп тон бычышканын биз көрдүк. ХАМАС режими зулумдук менен контролдоп турган Газанын аймагында коомдук угуу өткөрүү-Сталинчилердин маскарапоз сотуна окшош болмок. Мунун көзкарандысыз далил жыйноого эч тиешеси жок, - деп билдирди Израил өкмөтүнүн өкүлү Марк Регев 16-сентябрда.

Улуттар Уюмунун докладында палестиндердин ХАМАС кыймылынын жоопкерчиликсиз аракеттери да сындалат. Голдстоундун сөзүнчө, ХАМАСтын аскерлери Израил жарандарын атайын ракетадан аткылаганын ырасталган:

-Палестиндердин аскерий топторунун ракета жана башка куралдардан элди жок кылуу үчүн, жарандарга зыян келтирүү үчүн жана турак жайларды кыйратуу үчүн атайылап аткылаганы талашсыз. Миссия мунун баарын олуттуу согуш кылмышы деп баалайт. Бул адамзатка каршы кылмыш десе да болушу мүмкүн.

IИзраилдик аял эки уулун хамасчылардын ракета чабуулунан коргоодо. 7-январь күнү хамасчылар Израилдин түштүгүн 27 жолу ракетадан аткылашкан.
Миссия даярдаган доклад ХАМАС тараптан да сынга алынды. Ошол эле учурда ХАМАСтын өкүлү Мушир Масри иликтөөгө канааттануусун да билдирди:

-БУУнун докладында кыйноо астындагы жана киши катары саналбаган палестиндерди бир жактуу же адилетсиз көрсөткөн учурлар бар. Ошентсе да, доклад ХАМАСтын тууралыгын ырастап, ондогон палестин үй-бүлөлөрүн кырган сионист душмандарыбыз жасаган согуш кылмышын тастыктайт. Доклад боюнча чара көрүлүп, Израилдин (Газадагы чабуулу жөнүндө) эларалык коомчулук буга дейре даярдаган бардык докладдарды тануусун токтотуш керек.

Ричард Голдстоун башындагы топ даярдаган иликтөө Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Женевадагы Кеңешинде 29-сентябрда ырасмий түрдө талкууга салынат.

XS
SM
MD
LG