Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Газа кыргынында ким жеңди?


Газалыктар кайра үйлөрүнө кайтып жатышат
Газалыктар кайра үйлөрүнө кайтып жатышат

Газа согушу токтоп, жөөт аскерлери аймактан чыга башташты. Yч апта «Хамасты» ар тараптан аткылаган Израиль «максатына жеткенин» айтты. «Хамас» болсо андан да өтүп, «Израилди жеңдик» деп жарыя кылды. Деги чыныгы жеңүүчү барбы?

Бүгүндөн тарта жөөт аскерлери Газаны бошотуп кете башташкандыктан, ар кайсыл жерлерге жашырынган палестиндиктер кыйрап бүткөн көчөлөрдү аралап, өздөрүнүн мүлкүн тапканга аракет кылып жатышат.

Бул жерде үч апта бою уланган атышуулардан, абадан урулган соккудан соо калган имарат жоктой көрүнөт. Yйлөрдүн дубалдары же танктардан, же бомбадан улам бузулуп, тешилген. Айрым жерлерде үйлөр такыр эле кыйрап жок болду. Бул – Израилдин 27-декабрдан бери «Хамасты» жок кылам деген аракетинин натыйжасы.

Кадимки үйлөр бери турсун, парламент имараты бузулган. Андан башка да мамлекеттик органдардын имараттары кыйрады, Ислам университети бузулду.

Катуу чабуулдардан 1300 адам набыт болду, канчалаган өлүктөр урандылар астынан табылды.

Израиль мунун баарына «Хамас» күнөөкөр деп, дал ушул куралчан топ өзүнүн объектилерин адамдар жыш жайгашкан жайларга жакын тургузганын айтат. Атышуулар бүткөндөн кийин Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт газалыктардан кечирим сурады. «Биз бир да куралсыз жөнөкөй газалык тургунду атууну каалаган эмеспиз, - деди Олмерт. - Андыктан биз бул конфликт учурунда көптөгөн күнөөсүз адамдар да набыт болгонуна аябай кейип турабыз. Мен Израиль өкмөтүнүн атынан ушул операциялар учурунда жапа тарткан газалыктардан кечирим сурайм».

Бирок ушу менен эле атышуулар толук токтоп калды деп айтыш кыйын. Израиль атышууларды токтотконун жарыялагандан соң, жөөт аскерлери аймактан чыгып кетиши үчүн «Хамас» да бир аптага куралдардан баш тартаарын билдирди.

Израилдин өкмөт-башчысы Эхуд Олмерт Иерусалимдеги маалымат жыйынында, 18-январь, 2009
Э.Олмерт Иерусалимде европалык лидерлер менен конеференция учурунда эми Газадан чыгып жатышканына канааттанганын билдирди. «Биз Израилдин түштүгүнө эми коркунуч жок деп ишенишибиз менен эле Газадан чыгып кетебиз», - деди ал.

Бул билдирүүдөн көрүнгөндөй, Израиль өз аймагынын түштүгүнө коркунуч жок болсо гана кетебиз деген. Бирок акыркы уруштарда бул максатка Израиль толук жетишти деп айтуу кыйын. Израиль уруштарда максатына жеткенин жекшембиде билдиргенден кийин да, «Хамас» Түштүк Израилге 16 ракета атты. Анын үстүнө, «Хамас» Египеттен курал ташып жаткан туннелди жок кылабыз деген максатка да израилдик тарап жеткен жок.

Азыр ал туннелдин үчтөн бир бөлүгү кадимкидей эле иштеп турат. Калган бөлүгүн деле кыска мөөнөттө калыбына келтирсе боло турганы айтылууда.

Израиль негизги аскерий максаттарына жетпей жатып, өзүнүн дүйнөдөгү имиджине да зор залака келтирип алды. Чабуулдарда мерт болгон газалыктар дүйнөлүк маалымат каражаттарынын негизги темасына айланды. Эларалык укук коргоо уюмдары болсо аскерий кылмыш тууралуу да сөз көтөргөнгө убакыт келгенин айтышууда.

Өз кезегинде, Хамастын лидери Исмаил Хания согушта жеңгенин айтып чыкты. «Агрессия максатына жете албай калгандан кийин, биз урушта жеңдик деп айта алабыз, - деди ал сыналгы аркылуу жасаган билдирүүсүндө. - Бул Газанын, анын балдарынын, биздин улуттун жана дүйнөдөгү эркин элдердин жеңиши».

Ошол эле маалда, Хания да өз айтканына толук ишенүү оңой эмес экенин билет. Анткени газалыктар куралдан тажап бүтүштү. Алар жөнөкөй тынч жашоодо күн өткөрүүнү каалашат. Андыктан палестиндиктер эми «Хамастан» эл тарабынан шайланган партия катары Израиль менен саясий келишимге жетишүүнү талап кылышы айкын.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG