Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

“Дурбан-I” чыры сегиз жылдан кийин Женевага жетти


Женева. Конференция залындагы израилдик делегациянын орду беш күн бою бош турат. 20-апрель 2009
Женева. Конференция залындагы израилдик делегациянын орду беш күн бою бош турат. 20-апрель 2009

Улуттар Уюмунун расизм боюнча Женевада ачылган конференциясына бир катар Батыш өлкөлөрү келбей койду. Себебин алар Иран президенти Махмуд Ахмединежад жыйынды Израилди жөнсүз жемелөө үчүн пайдаланат деген кооптонуулары менен түшүндүрүштү.

Женевада ачылган беш күндүк конференция бейирасмий түрдө “Дурбан-II” деп аталат. Бул акыркы сегиз жылда расизмге каршы күрөшүүгө арналган биринчи эларалык конференция экенин жана расизм адамзатка коркунуч туудурган саясый илдетке айланып
БУУнун башкатчысы Пан Гимун жана БУУнун Адам укуктары боюнча башкомиссары Нави Пилау Женева конференциясында
баратканын БУУнун башкатчысы Пан Гимун жыйындын ачылышындагы сөзүндө белгилеп өттү:
Расизм-адам укугун ачыктан ачык танат. Пан Гимун


-Расизм-адам укугун ачыктан ачык танат, ырасмий түрдө десе да болот. Ал эми Холокос адам укугун эсибизге салып турат. Түз айтканда, расизм кайсы бир элди, же классты жек көрүүчүлүк же антисемитизм сыягы өзүн ырасмий түрдө көп шарданалбашы этимал. Эч качан исламофобия өзүнчө феномен болгон эмес.

Сегиз жыл мурда Түштүк Африканын Дурбан шаарында болгон 1-конференциядагыдай опсуз талаш-тартыш жана саясый тирешүүлөрдн кайталанышын каалбай, жыйынга катышууну оң таппаганын АКШ ишемби күнү билдирген. Конференциянын соңунда кабыл алынчу резолюциянын долбоорунда Израил гана катуу сынга алынып, исламды ар кандай формада сындоого тыйуу салынат дешип, Австралия, Германия, Канада, Нидерландия, Италия, Израил жана Жаңы Зелландия Женевага өз өкүлдөрүн жөнөтүшпөдү. Бирок БУУнун жыйынына Франция жана Британия катышууда.

Пан Гимундун сөзүнчө, жыйынга “бойкот жарыялоо” аны аябай таң калтырган:

-Жакшы келечекке барчу жолду курууга жардамдашчу айрым өлкөлөр жыйынга келишкен жок. Кээ бир топтордун бул залдын сыртында туруп алып, саясый жана идеологиялык сөздөрдү айтуусу жарабаган көрүнүш. Аларда биз менен чогуу болуп, сүйлөшсө болмок.

Пангимун глобалдык экономикалык кризистин толеранттуулукка жараткан коркунучка каршы дүйнөнү биригүүгө да үндөдү:

-Биздин адам укугунун негиздерине, ар намыска жана баарбызга баалуу дөөлөттөргө болгон ишенимибизди кайра ырастоочу убакыт келди; толеранттуулуктун артыкчылыктарын жана ар кылдуулукту сыйлоочу мезгил жетти. Мурдакы бөлүнүүчүлүктү коюп, бизди бириктирчү болочокко сереп салалы. Мезгил келди, айымдар жана мырзалар. Мезгил келди.

Жулия де Риверо- Хьюман Райтс Уоч уюмунун үгүт иштери боюнча директору. Ал Женева конференциясында кабыл алынчу резолюциянын долбоорун расизмге каршы турчу жана адам укук бекем коргоочу документ деп санайт:

-Бул документ эларалык нормалардан жогору турбайт, - деди де Риверо “Азаттыка” берген интервьюда.-Иш жүзүндө жек көрүүчүлүккө түртүү зобун зордукка себепчи болсо, ал коркунучка айланат. Бул документ эларалык адам укугун коргоочу механизмдин бир бөлүгү. Ошон үчүн жыйынды создуктурууга себеп боло албайт.

Иран президенти Махмуд Ахмединежад конференцияда дүйшөмбү күнү сүйлөмөкчү. Ал мурда миллиондогон жөөттөрдү кырган Холокосту жалган миф деп атап, Израилди Европага же Аляскага көчүрүш керек деген.

Израил жана жөөт уюмдары президент Ахмединежад БУУнун конференциясында анти-семиттик сөздөрдү сүйлөйт деп, анын Женевадагы жыйынга катышуусуна тынчсыздануусун билдиришкен.

2001-жылы Түштүк Африканын Дурбан шаарында болгон конференцияда сионизмди расизм менен теңеген резолюциянын долбооруна каршы АКШ жана Израилдин өкүлдөрү жыйынды таштап кеткен эле.

XS
SM
MD
LG