Отуз сегиз жаштагы Олексий Бритюк Интернеттеги Twitter коомдук сайтында микроблог кызматын пайдалануу менен Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жүрүшүн жана добуштардын санагын чагылдырууга катышкан жүздөй активисттин бири. Ал бул көрүнүштү демократиялык өнүгүүнү көздөй маанилүү кадам деп эсептейт:
- 2004-жылдагы президенттик шайлоонун учурунда массалык маалымат каражаттары калыс турушу үчүн аларды демократиялаштырууга аракет жасалган. Бирок майнап чыккан эмес. Азыр мен түшүнгөндөй, Twitter'дин философиясы окуянын күбөлөрү эмне кылып жатканы жана сайттан көргөндөрү боюнча кабар берүүгө шыктандырылат. Бул ыкма аркылуу каалагандардын баары реалдуу убакыттын шартында маалымат ала алышат.
Активист Олексий Бритюк “Азаттык” радиосунун Киевдеги кабарчысы менен маегинде азыркы өнөктүк 2004-жылдагыдан айрымаланганын, талапкерлерде өзүн жана программасын эле жеткирүүдө жаңы технологияны колдонуу жагынан тажрыйба көбөйгөнүн, ага катар жарандар да жаңы медианы өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга даяр болуп калганын кошумчалады:
- Коомдун алдыга кеткен (технологиялык жактан) катмары, ошондой эле жаштардын баары ар түркүн, кызыктуу жана улам жаңыланган маалыматтарды алып жатышты. Мен Интернеттеги классикалык сайттар, блогдор, анын ичинде Twitter жөнүндө да айтып жатам. Менимче тараза ташы жаңы медианын пайдасына оой баштады.
Украинанын 2010-жылкы шайлоосун Twitter'де чагылдыруу боюнча долбоорго "Интерньюс" эл аралык уюму колдоо көргөзгөн эле. Бул уюмдун Украинадагы кеңсесинде маалымат каражаттарынын жаңы түрү боюнча бөлүмдү жетектеген Виталий Мороздун көз карашында, Twitter жаңылыкты аудитория менен бөлүшүүнүн эң ыкчам ыкмасы катары өзүнүн баалуулугун далилдеди. Ал Ирандагы былтыркы талаштуу президенттик шайлоодо жана андан кийинки массалык демонстрациялар учурунда Интернеттеги коомдук байланыш түйүндөрү өтө маанилүү роль ойногонун белгилөө менен буларга токтолду:
- Ирандыктар жана украиналыктар Twitter'ди кантип колдонгонун салыштырууга болот. Бирок бул жерде фундаменталдык айырмачылык бар. Иранда Twitter элди шайлоодон кийин мобилизациялоо үчүн пайдаланылса, Украинада маалыматтын эң тез булагы катары шайлоону чагылдыруу үчүн колдонулду.
Анткен менен Украинада жаңы медианын саясий өнөктүктөгү ролу учурда анчалык деле жогору эместигин айткандар да бар. Киевде чыгуучу “Телекритика” журналынын башкы редактору Наталья Лигачеванын пикиринде, шайлоону Twitter'де чагылдыруу өңдүү долбоорлор кандайдыр бир деңгээлде айкындуулукка салым кошот. Бирок карапайым эл үчүн анын азырынча эч маңызы жок экенин эске алганда, Интернет салттуу маалымат каражаттарынан кийинки орунда:
- Телекөрсөтүү пропаганда оркестриндеги биринчи скрипка бойдон калууда жана жыйынтыгында ал чечүүчү ролду ойноорун далилдеди. Муну талапкер Сергей Тигипконун (Улуттук банктын мурдагы төрагасы) шайлоо өнөктүгү ырастап олтурат. Алты айга созулган өнөктүк учурунда анын башкы стратегиясы салттуу маалымат каражаттарына чыгуу болду. Биз анын командасын билбейбиз, тегерегинде саясий күч деле жок. Бирок үчүнчү орунду ээледи. Менимче, ал буга салттуу маалымат каражаттарын жана көчөдөгү рекламаны сабаттуу колдонуу аркылуу жетишти.
Журналист Лигачева “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Киевдеги кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, украин саясатчылары Интернетти саясий оппоненттерге чабуул жасоочу эмес, маалымат жана жарандар менен пикир алышуучу аспап катары колдонгондой деңгээлге чыгыш үчүн али узак жолду басып өтүүсү керек.
"Азаттыктын" архивинен: Ала-Тоодогу украин жарандары да добуш беришти
17-январда Бишкектеги украин атуулдары да Украинадагы президенттик шайлоого катышып, добуш беришти. Кыргызстанда 246 украин жараны катталган. (MiT)