Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Ооганстанда добуштар санала башталды


Бюллетендерди эсептөө учуру. Кандагар. 5-апрель, 2014-жыл.
Бюллетендерди эсептөө учуру. Кандагар. 5-апрель, 2014-жыл.

Ооганстанда ишембидеги президенттик шайлоодо берилген бюллетендер 34 дубандан Кабулга ташыла баштады. Бюллетендер алгач жеринде саналып, анан баш калаага жөнөтүлөт.

Ооганстанда тарыхый президенттик шайлоодо берилген добуштарды саноо башталды.

Шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Мохаммад Нурдун президенттик шайлоонун эртеси билдиргендей, алыскы аймактардан бюллетендер келип жеткенче бир жумага чукул убакыт кетиши мүмкүн. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 24-апрелден кийин гана белгилүү болору айтылууда.

Жекшембиде өлкөнүн түндүгүндө бюллетен ташып келаткан машина минага жарылып, үч кишинин өмүрү кыйылды. Жардырууда бюллетен салынган сегиз үкөкчө жок кылынды.

Алдын ала санакка караганда, 5-апрелдеги шайлоого добуш берүүгө укугу бар 12 миллион оогандын 7 миллиону же 60 пайызга жакыны катышты.

Кызматынан кетип жаткан прездент Карзай жана Батыш лидерлери ишембидеги шайлоону ири ийгилик катары мүнөздөштү.

Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Карзай начар аба ырайына жана талиптердин коркутуусуна карабастан, оогандар шайлоого активдүү катышканын белгиледи.

АКШнын президенти Барак Обама бул шайлоону «Оогандар жоопкерчиликти толугу менен өз мойнуна алып жатышынын дагы бир маанилүү кадамы» деп мүнөздөдү.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг шайлоону «тарыхый көз ирмем» деп баалап, оогандарды добуштар саналып бүткөнгө чейин «сабырдуу» болууга чакырды.
Шайлоо участогун кайтаруу. Герат.
Шайлоо участогун кайтаруу. Герат.
2009-жылы Карзай кайра шайланган шайлоодо эреже бузуулар жана зомбулук көп болгон эле.

Талиптердин коркутуусуна карабастан, ишемби күнү кырдаал жалпысынан тынч болду:

- Биз шайлоонун тынч маанайда өткөнүнө өтө кубанычтабыз. Өлкө боюнча коопсуздук камсыздалып, бардык жерде тынч болду,- деди Кабулдун тургуну Абдул Латиф Рейтер агенттигине.

Бирок ички иштер министри Умар Даудзай жекшемби 6-апрелде 24 саат аралыгында 100дөн ашык чабуулда 20, негизинен ооган коопсуздук күчтөрү курман болгондугун билдирди.

Шайлоодогу арыздар боюнча комиссиянын төрагасы Саттар Саадат "Азаттыкка" шайлоодогу эреже бузуулар боюнча ондогон даттануу түшкөндүгүн маалымдады. Бир катар бекеттерде бюллетендер жетишпей, шайлоочулар добуш бере албай калышты.

Президент Карзайдын ордуна сегиз талапкер ат салышты. Алардын ичинен мурдагы тышкы иштер министрлери Залмай Расул менен Абдулла Абдулла жана мурдагы каржы министри Ашраф Гани экинчи айлампага чыгат деп күтүлүүдө.

Эгер эч ким 50 пайыздан ашык чекти ала албаса, кийинки добуш берүү 28-майда болмокчу.

XS
SM
MD
LG