Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Обама Ооганстандан кетүү планын жарыялайт


Коалициялык күчтөр кетсе, коопсуздукту ооган күчтөрү өздөрү сактай алышпайт деген кооптонуу күч
Коалициялык күчтөр кетсе, коопсуздукту ооган күчтөрү өздөрү сактай алышпайт деген кооптонуу күч

АКШнын президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык аскерлерди чыгарып кетүү планын бүгүн жарыялаганы турат. Анын жол-жобосу, тартиби учурда Кошмо Штаттарда кызуу талаш-тартыштарды жаратууда.

Барак Обама ооган жеринде талиптер менен күрөшүп жаткан миңдеген америкалык аскерлерди үйлөрүнө кайтаруу иши башталаарын жарыялаганы турат.

Азыр Ооганстанда 100 000 америкалык аскер бар. АКШнын аскер командачылыгы аларды кезек-кезеги менен шашпай кайтарууга кызыкдар. Ошол эле маалда, алгачкы айларда эле аскерлердин көпчүлүгүн массалык кайтарган оң деген кеңешчилер да жок эмес.

Обаманын администрациясынан айтышкандай, президент бул ирет канча аскер июлда АКШга кайтаарын айтып эле тим болбойт. Ал жалпысынан 2014-жылга чейин Ооганстанда коопсуздукту камсыздоо озуйпасын толугу менен оогандардын өзүнө өткөрүүнүн планына кайрылмакчы.

Аскерлерди кантип кайтарып келиштин түрдүү жолдорун өткөн аптада Обамага Ооганстандагы аскерлердин башкы командачысы, генерал Дэвид Петреус түшүндүрүп берген.

Обама жарыясын Вашингтондо жасайт деп жатышат. Эртеси ал Нью-Йорктогу “Форт-Драм” базасына бармакчы. Ооганстандагы жана Ирактагы операцияларда катышкан аскер бөлүктөрү ушул жерде жайгашкан.

Эки башка жаат

Азыр эми баары эле келерки айда Ооганстандан канча аскер чыгарылат деп талкуулап жатышат. Чынында, июлдан кийин эмне болот? Маселенин маанилүү бөлүгү - ушунда.

Президент Обама 2009-жылы Ооганстанга жиберген кошумча 30 000 аскер качан кайтышы керектиги тууралуу суроо да кызуу талкууланып жаткан кез.

Аскер командачылыгы Ооганстанда мүмкүн болушунча көбүрөөк аскер узак убакытка калышы зарыл деген позицияны карманууда. Алар ооган жеринде талиптерге каршы күрөштө жетишилген ийгиликтер дале бекем эмес экенин айтышат.

Аскерлерди чыгарып кетүү иши июлда - Ооганстанда атышуулар өзгөчө кызый турган жайкы мезгилде - башталаары да көп камтамачылыкты жаратты окшойт.

Демократияны коргоо боюнча Вашингтондогу фонддун аскерий аналитиги Себастиан Горканын ишениминде, Ооганстандын өзүнүн аскерлери 2014-жылдан тарта коопсуздукту камсыздоо милдетин өз мойнуна алганга даяр эмес.

“Жөнөкөй эле статистикага карап көрсөк, жалпы коргой турган аймактын алкагын алып, анан коалициялык күчтөрдүн саны менен ооган өкмөтүнүн аскерлеринин санын салыштырганда, биз алда канча алдыдабыз. Бул – факт, - дейт Горка. - Президент Хамид Карзайдын өкмөтү өлкөнүн эгемендигин коргоп калаарына ишене тургандай деңгээлде күч-кубатка ээ эмес”.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс аскерлерди чыгаруунун алгачкы этабы “жупуну” эле болушу абзел деп билдирди.

Ушул айдын башында Кабулда президент Хамид Карзай менен жолугушкан учурда Гейтс: “АКШ бул жакта козголоңчулар менен эми ооган өкмөтү өзү күрөшө берсин деп таштап койбойт”, - деп ишендирди.

Узак мөөнөткө өнөктөш

“Оогандар эки нерсени унутпашы керек: Биринчиден, АКШ жана коалициядагы башка өнөктөштөр аскерлерибизди чыгараарыбызга карабай, биз Ооганстан менен узак убакытка өнөктөш болдук, - деп белгиледи Гейтс. - Биз ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууну, керектүү техника менен жабдууну, ошондой эле, ооган өкмөтүнө элдин турмушун жакшыртууда колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Биз аскерлерди тез арада чыгарып кетүүгө шашпайбыз”.

Бирок Обаманын кеңешчилери арасында аскерлерди тезирээк эле үйлөрүнө кайтаруу зарыл дегендер бар. Алар соңку айларда АКШ Ооганстанда бир топ ийгиликтерди жаратканы, Усама бин Ладен өлтүрүлгөнү, “Ал-Каиданын” бөлүктөрүнүн көпчүлүгү жок кылынганы Обамага быйыл көбүрөөк сандагы аскерлерди үйүнө кайтарып келгенге мүмкүнчүлүк берет деп жатышат.

Обамага азыр бул үчүн саясий басым да жасалып турган учур. Өткөн аптада 27 сенатор – арасында республикачылдар да, демократтар да бар – президентке кат жолдоп, Ооганстан боюнча стратегиясын өзгөртүүнү, аскерлердин санын кыскратууну талап кылышты.

Аскерлер тезирээк үйлөрүнө кайтсын деген маанай карапайым америкалыктар арасында да күч. Коом пикирин иликтеген соңку сурамжылоого караганда, америкалыктардын 80% келерки айдан аскерлерди Ооганстандан чыгара башташ керек дегенди колдойт. Буга каршы болгондордун саны 15% тегерегинде.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG