Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Карзай Пакистандан калканчты Индияда издөөдө


Индиянын премьер-министри Манмохан Синх жана Ооган президенти Хамид Карзай
Индиянын премьер-министри Манмохан Синх жана Ооган президенти Хамид Карзай

4-октябрда Ооган президенти Хамид Карзай Индияда эки күндүк сапарын баштады. Сапар эки өлкө арасындагы экономикалык алыш-беришти жакшыртууга багытталган.

Жаңы Делиде Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн индус инструкторлордун машыктыруусу боюнча келишимге да коюлары айтылууда.

Мындай келишим, серепчилердин сөзүнө караганда, коңшулаш Пакистанды кыжырдантышы мүмкүн. Себеби ырасмий Кабыл экс-президент Бурхануддин Раббанинин өлүмүнө Пакистандын тиешеси бар деп айыптаган.

Саясат кырдаалга карай өзгөрүүдө

Хамид Карзайдын Индиядагы быйылкы экинчи сапары Ооган жетекчилигинде Пакистанга болгон нааразылык курчуп турган мезгилге туура келди.

20-сентябрда Ооганстандын Тынчтык кеңешинин төрагасы Бурхануддин Раббани жанкечтинин бомба чабуулунан өлгөндөн кийин ырасмий Кабыл Пакистандын чалгындоо кызматтарын кол салууну жетектеди деп айыптаган.

Президент Карзайдын өкүлүнүн “Азаттык” радиосуна айтышынча, Раббанини өлтүрүү жана башка террордук чабуулдар Ооганстанды Түштүк Азия өлкөлөрү менен мамилени бекемдөөгө түртүүдө.

Ооганстандын экс-президенти Бурхануддин Раббанинин тарапкерлери Кабылдагы демонстрация маалында талиптерге жана Пакистанга каршы ураандарды чакырышууда. 27-сентябрь 2011.
“Биз мындай кырдаалда өз досторубуз жана региондогу өлкөлөр менен тынчтык орнотуунун, терроризмге каршы согушуунун жаңы жолдору, ошондой эле террорчулукту колдогон мамлекеттер менен чөйрөлөргө каршы жалпы позицияны иштеп чыгуу жагын сүйлөшүүбүз зарыл,”-деди "Азаттыкка" курган маегинде Хамид Карзайдын басма сөз өкүлүнүн орун басары Хамид Элми.

Индиялык кээ бир серепчилердин боолгошунча, Карзай 2014-жылы АКШ армиясы Ооган жеринен чыгып кеткенден кийин Индия региондогу тынчтыкты камсыздоодо чоң роль ойноосуна кызыкдар. Анткени эки тарап тең Пакистанды Ооганстандагы жана Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө аракеттенген согушчандарды каржылайт деп күнөөлөп жүрүшөт.

Индия Ооганстандын эң чоң донорлорунун бири. Акыркы он жылда эле Индия Ооганстандын экономикасына 2 миллиард доллар капитал салууга убада кылып, кан жолдордон тартып, Ооган парламентинин имаратын курууга чейин көмөктөшүүдө.

Пакистанга эмне жакпайт?

Жаңы Делиде, айтылгандай эле, Ооган полициясын жана коопсуздук күчтөрүн машыктыруу жөнүндө келишимге кол коюлса, Пакистан ого бетер нааразы болору калетсиз. Буга чейин индус инструкторлордун чакан тобунун Ооган армиясынын офицерлерин машыктырганы Исламабадды катуу нааразы кылган.
Мумбайдагы "Таж-Махал" мейманканасы 2008-жылдын 28-ноябрындагы чабуулдан кийин жана чабуулга чейин. Индия

Пакистандын айтымында, Индия кан жолдордун курулушун Ооганстандан провинциялдык өкмөтүнө өз шпиондорун киргизүү үчүн пайдаланат.

Индия өкмөтү АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкө 1990-жылдардын башындагыдай кайрадан жарандык согуштун кучагына кирүүсүн жана ислам согушчандары Түштүк Азияга жайылуусун каалабайт.

Ооган президентинин өкүлү Хамид Элми президент Карзайдын сапары Пакистан менен мамиленин осолдоп кетүүсүнө түздөн-түз байланышпаганын билдирди:

- Визит эбак пландалган болчу. Бул Пакистан-Ооганстан же Пакистан-АКШ алкасы курчуп кеткенге байланыштуу уюштурулду дегенди түшүндүрбөйт. Жок, визит мурда мерчемделген эле. Ырас, биз досторубуз менен Ооганстанга жана регионго тынчтык алып келүүнүн жаңы сценарий жөнүндө сүйлөшүүнү каалайбыз.

Хамил Элми белгилегендей, өткөн айда Кабылдагы Кошмо Штаттардын элчиканасына жана АКШ союздаштарына кол салуулар үчүн Ак үй Пакистанды күнөөлөгөн.

Вашингтон-Исламабад мамилеси быйыл майда “ал-Кайиданын” көсөмү Усама бин Ладенди америкалык атайын күчтөр Пакистанда жок кылгандан кийин начарлай баштаган.

XS
SM
MD
LG