Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

АКШ Карзайдын чечимин өкүнүч менен кабыл алды


Баграм түрмөсү.
Баграм түрмөсү.

АКШнын катуу каршылыгына карабай, ооган бийликтери бүгүн Баграм түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 65 кишини боштондукка чыгарды.

Вашингтон ал адамдар дале эл аралык жана ооган аскерлерине чабуул коюшу мүмкүндүгүн эскертип, аларды түрмөдөн чыгарбаш керек деп жаткан. Ошон үчүн бийликтердин чечимин “өкүнүч менен кабыл алды”.

АКШ азыр Кабулдун жанындагы Баграм түрмөсүнөн бошотулгандардын айрымдары “ооган аскерлерин, жайкын тургундарды жана чет өлкөлүк аскерлерди өлтүрүүгө катышканы тууралуу далилдер бар” деп билдирүүдө. Ошон үчүн Вашингтон азыр бул кадам үчүн жоопкерчилик толугу менен ооган өкмөтүнө жүктөлөрүн эскертти.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай болсо ал кишилердин күнөөсүн күбөлөндүргөн далилдер жетишсиз деп, аларды бошотууну буйруган.

Кошмо Штаттары Ооганстандан быйыл чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин да өзүнүн 10 миңдей аскерин калтырууну каалайт. Бирок эгерде ооган өкмөтү Вашингтон менен аскерий кызматташтык жөнүндө жаңы келишимге кол койбосо, аскерлерин толугу менен чыгарып кетээрин эскерткен. Президент Карзай болсо азырынча андай келишимге кол коюудан баш тартып келатат.

Шаршембиде Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни президент Обама америкалык аскерлер тууралуу азырынча чечимин чыгара электигин, андай чечим эки тараптуу аскерий кызматташтык тууралуу келишим жетишилгенден кийин да кабыл алынышы мүмкүн экенин айтты.

- Күтүүсүз окуялардын алдын алуу үчүн пландоо аракеттери келишим бар-жоктугуна карабай жүргүзүлүшү керек. Убакыт өтүп бараткандыктан өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин аскерлерди калтыруу же калтырбоо иштерин пландоо улам татаалдаша берет.

Карни азыр АКШ өз алдынча эле өз аскерлерин кийинкиге да калтыруу ишин чече албай турганын, ал үчүн береги келишимге сөзсүз кол коюлушу керектигин кайталады.

Керринин алдынан Улуттук Чалгындоо кызматынын директору Жеймс Клеппер “Карзай ал келишимге кол коеруна ишенбей турганын”, ошондуктан Вашингтон жөн гана апрелдеги шайлоодон кийин келе турган жаңы президент менен кызматташуусу керектигин айтты.

Клеппердин оюна үндөш пикирди ушул айдын башында НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен да айтканы бар.

Клеппер ал арада ооган армиясынын абалы тууралуу да талкууга катышып, азыр улуттук армия бир топ күчтөнгөнүн, бирок андан качкандардын саны проблема жаратып жатканын айтты.

Анын кабарына караганда, армиядагы 185 миң кишиден былтыр 30 миңи качкан. “Ооган аскерлери талиптер менен согуш майданында күрөшүп жеңгенге даяр, - дейт ал. – Бирок алар аймакты көпкө талиптердин чабуулунан коргоп тура алышпайт”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG