Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Азиянын эболага каршы күрөшкө салымы солгун


Либериядагы көрүнүш. Сентябрь, 2014-жыл.
Либериядагы көрүнүш. Сентябрь, 2014-жыл.

Дүйнөлүк банк Азия мамлекеттерин эбола илдетине каршы күрөштө салымын көбөйтүүгө чакырды.

Кайрымдуулук чөйрөсү боюнча эксперттер Азиянын дөө-шаалары арасынан айрыкча Кытайдын жана кытайлык бизнестин эболага жардамы алардын экономикалык кубатына шайкеш келбей жатканына көңүл бурушууда.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким Азия өлкөлөрүн эболага каршы күрөшкө салымын көбөйтүүгө Түштүк Кореяда иш сапарда жүргөн жеринен чакырды.

Ал Сеулдагы басма сөз жыйынында белгилегендей, машыккан жана дасыккан медициналык кызматкерлеринин саны арбындыгына карабай, Азия мамлекеттери эболага каршы глобалдык аракеттерге жигердүү аралашпай жатат:

- Азиянын жардам бере ала турган көп өлкөлөрү өзгөчө медициналык кызматкерлерди жөнөтүүгө келгенде унчукпай коюшууда. Мен Азия лидерлерин Батыш Африкадагы үч өлкөгө эболаны жеринен токтотууга жардам берүү үчүн даярдыктан өткөн медициналык кызматкерлер тобун жиберүүгө чакырам. Биз алдыдагы алты ай, бир жыл аралыгында миңдеген медициналык кызматкерлер зарылдыгын билебиз.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким камтамага салган маселе - медициналык кызматкерлерди табуу экенин өткөн айдын соңунда Африкага барган кезде айткан эле.

Эсептерге караганда, Батыш Африкада жайылып жаткан эпидемияны басаңдатуу үчүн машыккан 5 миңге жакын дарыгерлер менен медайымдар талап кылынат.

Анткен менен чет элдик медициналык кызматкерлер ириде вирусту өздөрү да жуктуруп алуудан кооптонгондуктан улам Батыш Африкага ыктыярчы катары жөнөөдөн кетенчиктеп тургандай.

Анткени буга чейин АКШдан жана Испаниядан барган медайымдар эболаны жуктурган учурлар катталды.

Медициналык кызматкерлерден тышкары эболага каршы күрөш үчүн андан эң көп жабыр тарткан Либерия, Гвинея, Сьерра-Леон өлкөлөрүнө каражат, медициналык жабдууларды берүү, андан да маанилүүсү илдетти айыктыра турган вакцинаны аныктоо күн тартибинде турат.

Кошмо Штаттар Батыш Африкага төрт миңдей аскер жиберерин жарыялаган жана бир миллиард доллар жардам убада кылды.

Каржылык жардамын да көбөйтүү чакырыгы эми Азиянын дарегине айтылууда.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким Сеулдагы сөзүндө:

- Эболага каршы күрөш үч өлкөдөгү (Либерия, Гвинея, Сьерра-Леон) көрсөткүч нөлгө түшмөйүнчө бүтпөйт. Чек араны гана көзөмөлдөө туура эмес чара. Дүйнө аны очогунда өчүрүшү керек. Антпесе, эбола кайсыл өлкө болбосун, анын ичинде Азияга да жайылып кете алат.

Кайрымдуулук чөйрөсү боюнча эксперттер Дүйнөлүк банк кайрылган Азиянын дөө-шаалары арасынан айрыкча Кытайдын жана кытайлык бизнестин Батыш Африкага жардамы алардын экономикалык күч-кубатына шайкеш эместигине көңүл бурушууда.

Бээжин өкмөтү ырастагандай, алар буга чейин эболага каршы иштерге 750 миллион юань же 123 миллион доллар сарптады. Кытайдан ошондой эле Африкага жүздөгөн медициналык кызматкерлер да кетти.

Ал эми өлкөнүн Cоода министрлигинин эсебинде, кытайлык фирмалар менен бизнес ассоциациялардын кошумчасынын акчалай наркы 600 миң доллардай болду.

Мамлекет карамагындагы Кытай-Африка өнүгүү фонду Либерия, Гвинея, Сьерра-Леонго 450 миң доллар убада кылган. Кытай Африканын эң ири соода өнөктөшү, Батыш Африкада эле 200дөй белдүү компаниясы иштейт.

Ал миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турарын эске алган талдоочулар эбола менен ооругандарга жардамынын көлөмү боюнча кытайлык бизнесмендер арасында кайрымдуулук маданияты азырынча калыптана электигин көргөзгөнүн белгилешүүдө.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бир апта мурдагы санагына караганда, эбола эпидемиясы башталгандан бери вирусту жуктургандар саны 10 миңден ашып, алардын беш миңге жакыны каза тапты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG