Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Эбола Европага коркунуч жаратты


Эбола вирусунун микроскоптон көрүнүшү
Эбола вирусунун микроскоптон көрүнүшү

Македонияда эбола вирусун жугузуп алды деп шектелген британ жараны көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, ал Скопье шаарынын ооруканасына жеткирилгенден кийин тогуз саат өтпөй каза тапкан.

Эбола вирусунан улам жан берди деп шектелип жаткан британ жараны Македонияга 2-октябрда келген. Өлкө борбору Скопье шаарында бул окуядан кийин эболага шектүү бейтап токтогон мейманкана ичиндеги кызматкерлери менен кошо карантинге алынды.

Македониянын Cаламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү доктор Жована Костовсканын айтымында, алар азыр каза болгон бейтаптын канынын анализдеринин жыйынтыгын Германиядан күтүшүүдө:

- Анын клиникалык абалы өтө начар болчу. Чыйрыгып, кан кусту. Бул белгилер эбола илдетинин белгилерине окшошкондуктан, ар кандай божомолдорду жаратты. Жарым саат мурда бейтап спирттик ичимдикти да ашыкча ичип койгонун билдим, анын жыйынтыгында да ушундай абал болушу мүмкүн. Биз азыр бул маалыматты текшерип, ооруканадан жыйынтык күтүүдөбүз.

Ал арада Чехияда эбола вирусуна шектелип ооруканага жаткырылган 55 жаштагы бейтаптын анализдери бул илдетти тастыктаган жок. Ал Либериядан кайтып келгенден кийин ооруп калып, дароо медициналык көзөмөлгө алынган.

Европанын башка өлкөлөрүнөн Испанияда Африка өлкөлөрүнө барбай туруп ушул илдетке чалдыккан биринчи адам - медайымдын абалы 9- октябрда начарлап кеткен. Жалпысынан бул өлкөнүн борбору Мадридде эбола вирусун жугузуп алды деп шек менен жети адам карантинге алынган.

Ал арада Британия эбола вирусу кулач жайып жаткан Батыш Африка өлкөлөрүнөн келип жаткандарды Лондондун эки башкы аэропортунда жана Евростар поезддеринин терминалдарында текшерүүнү күчөткөнү жатат.

Эболадан сактануу чарасы катары Кошмо Штаттар да өлкөнүн беш ири аэропортунда, анын ичинде Нью-Йорктогу JFK аэропортунда көзөмөлдү күчөтөрүн жарыялады. Мындай чара Кошмо Штаттарда эбола вирусун жуктурду деп диагноз коюлган алгачкы адам каза тапкандан кийин көрүлүүдө.

Вашингтондон түшкөн маалыматтарга караганда, Конгресстин Өкүлдөр палатасынын бери дегенде 26 мүчөсү Гвинея, Либерия жана Сьерра- Леон өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө жана виза берүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри

Мамлекеттик катчы Жон Керри бейшемби күнү Бостондо, кабарчылар менен маегинде буларды белгиледи:

- Биз Африканын эбола кеңири кучак жайган Гвинея, Сьерра-Леон, Либерия өлкөлөрүндө кошумча дарылоо пункттарын түзүп атабыз. Буга олуттуу салым кошуу үчүн биз тышкы иштер министрлери, мамлекет башчылары менен биргеликте иштеп жатабыз жана кытайлыктарды көбүрөөк киши жөнөтүүнү сурандык. Башка өлкөлөр да салым кошо алат деп ойлойбуз.

Ушул жылдын март айынан бери эбола илдетинен Батыш Африка өлкөлөрүндө төрт миңдей адам көз жумду. Африка лидерлери вирус менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк коомчулукту көбүрөөк акча жана медициналык жарак-жабдыктарды берүүгө чакырууда.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ Вашингтондо, Дүйнөлүк Банктын Батыш Африкадагы эбола кризи боюнча өткөн жыйында сүйлөп жатып:

- Баары жакшы болмоюнча начарлай берет. Канчалык начарлайт, ал бизден - эл аралык коомчулуктан көз каранды. Ошондуктан учурда же кийин жардам берүүнү көздөгөндөрдү азыр баштагыла деп суранат элем. Бул менин токтоосуз аракет жасоого болгон чакырыгым. Бул катаал оору,- деди.

​Эпидемиологдор эбола вирусу экваториалдык Африканын тропикалык токойлорундагы жаныбарларда пайда болгонyн айтышат. Тагыраак айтканда, алгач мөмө-жемиш менен азыктанган жарганаттар оорушкан. Вирус адамга жаныбарлардан же алардын этин жегенде жукканы аныкталган.

Биринчи жолу вирус 1976-жылы Заирде же азыркы Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола дарыясында табылган. Жугуштуу инфекция адатта санитардык абалы начар, медициналык тейлөө жетпеген алыскы айыл-кыштактарда козголот. Бул илдетти жуктургандар Конго, Уганда, Түштүк Судан аймактарында катталган. Батыш Африкада быйыл биринчи жолу катталды.

XS
SM
MD
LG