Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:12

Айтматов пендечиликке алдырган эмес


Чыңгыз Айтматов сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров менен.

Кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматовго жакшы сөз айтуу парзыбыз жана милдетибиз!

Айтматов, Айтматов жана да Айтматов - кандай гана уккулуктуу жана да жагымдуу, түбөлүккө өлбөй, өчпөй жашай турган улуу ысым. Азыр эл арасында, калк түшүнүгүндө теңдешсиз эки сөз бар. Бири “Аалам”, экинчиси “Айтматов”. Эки сөздү тең укканда акылыбызга кандайдыр бир чен-өлчөмсүз кенендик жана да табышмактуу болгон сырдуу дүйнө көз алдыңа тартылат. Албетте, ар бир адамдын түшүнүгү ар түрдүү, ушул сыңары деги эле “дүйнө” деген сөз да бир топ маанини камтыйт. Аларга токтолсок, кыргыздар “кең дүйнө”, “кем дүйнө”, “дүйнө”, “бул дүйнөнүн алды кубаныч, арты өкүнүч”, “ошол дүйнө болуп береби сага”, “тиги дүйнө, бул дүйнө” деген жана башка ушул өңдүү түрдүү маанидеги сөздөрдү кездештиребиз. Бирок, ар тараптуу дүйнө деген түшүнүктү жогорудагы маанилүү эки атка салыштырып таптакыр болбойт. Мүмкүн да эмес.

Себеби; түрдүүчө айтылган “дүйнө” сөзү менен эч бир нерсе теңдешсиз болгон ай “ааламга” жана да түбөлүккө өчпөй жанып турган, кол жеткис асмандагы ак жылдызга аты уйкаш, кыргыз уулу, улуу Чыңгыз аганы бирдей коюу акылга сыйбаган иш экендигине жөнөкөй эле мисал, далил боло алат: Айтматов пендечиликке салып бир базарды же мейманкананы ээлеген жок да. Улуу инсан улуулукту өлбөстүктү, өчпөстүктү, түбөлүктүүлүктү ээледи, адамга тиешелүү болгон жакшы сапатка, адамкерчиликке, кең пейилдик, кечиримдүүлүккө, тээ канча бир кылымдан бери көксөп, зарлап жүргөн, элдин көкүрөгүндө, ички туюмунда арка - жөлөк, аска – зоо болуп жашап келген арбагы күчтүү Айкөлдүн мүнөзүнө ээ болду. Кээ бир өзү тең келбесе да, сөзүн тең келтирген, "ар ким кыялындагысын айтат" болуп, кер ооз акылдуулар, чалакайым жазмакерлер "уруктун, уруунун атасы" десе, түбү бирге түрк эли жана да жумурай журт жана акыл калчап, реалдуу сүйлөгөн инсандар "элдин, улуттун, адамзаттын теңдешсиз рухий атасы" деген наамды жүрөгүнө сактап, көкүрөгүнө такты. Демек, Ааламдык Айтматов кайсы тилде, кайсы динде, өңү-түсүнө карабастан адам затынын көзүнүн карегинде, жан дүйнөсүндө жашап өмүр сүрө берээри - табияттын көчмөн кыргыз элине тартуулаган белеги, айтып бүткүс дастаны экен.

Ар бир адам сөз айтаардан мурун "Мен эмне кылдым?", "Мен киммин?" деген суроону койсо, балким азыр биз айтып, какшап жүргөн материалдык бийлик, байлык тең келбеген моралдык-этикалык, руханий, деги эле жан дүйнө жакырчылыгы толор беле! Аттиң, бул жагынан улуу кеменгер агабыз өзүнө өзү суроо коюп, бирок жеке кызыкчылык үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн жооп таап: “Адам баласы канткенде адам болот?”, “Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” деген өңдүү жана башка көптөгөн дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бура турган ойлорду таап, таң калаарлык, тунук акылын айтып, биз мактап, даңктап жүргөн жез, алтын, күмүш өңдүү айкелсиз эле өзүнө өзү өлбөс-өчпөстүктүн түбөлүк эстелигин тургузган тура! Ошентсе да акылдын ээси болгон агабызга, темирден чапан кийгизе албасак да, кандаш катары таазим кылып жакшы сөз, тилек ниет айтуу - парзыбыз жана милдетибиз.

Ч. Айтматовдун ысымы жыйырманчы жүз жылдыктын 50–60 – жылдары өзүнүн кайталангыс “Жамийла”, “Бетме-бет” өңдүү эң жогорку психологиялык күчкө ээ болгон, адамдын ички жан дүйнөсүнө үңүлүп сиңип кирген, идеялык-тематикалык жактан белсемдүү чыгармалары менен дүйнө жүзүнө жарк этип, жанар тоодой атылып, ааламга жаңы кыргыз атагы, ысымы, аты таркай баштады! Ошол күндөн тартып канчалаган публицистикалык макалалар, илимий монографиялар жазылды. Документалдуу, көркөм фильмдер, деги эле искусствонун ар тармагы гениалдуу инсандын калемине таандык болгон өнөрдөн жаңы көз караштар, идеялар, жалпылап айтканда чар тарабы өнүктү, өстү. Тарыхта эбегейсиз зор из калтырды.

Ал эми чыгармачылыгына илимий изилдөөлөр ондоп, жүздөп саналат. Алар изилдене берсин, келечекте да изилденгенине тилек каалайлы! А биздин максат - элдин уюткусу, көрөңгөсү болуп, ар бир урпак көкүрөгүндөгү ойду аздек тутуп, жөнөкөй инсандардын кара сөз жана ыр куруу жолу аркылуу билдирген өнөр жөнүндө сөз кылмакчыбыз. “Башкасын коюп Манасты айт” дегендей, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун (көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да) бейнесине арналган чыгарма – ырларды белгилүү профессионал поэзия өкүлдөрүнөн тартып, жамактатып ыр жазган карапайым адамдарга чейин жаратышты. Айрыкча улуу агабыздын дүйнө салганында бир топ кыска-кыска чыгармалар, ырлар, эскерүүлөр, көлөмдүү поэмалар пайда болду. Булардан айырмаланганы да, өзгөчөлөнгөнү да - жөнөкөй адамдардын Айтматовго улуу жазуучуга арнап, ички сезимин, туюмун билдирген чыгармаларды жаратышканы, деги эле залкар инсандын адамдык портретине штрих тартып, чыгармачылык талдоо жүргүзүшкөнү күбө!

Жогоруда сөз кылгандай айырмаланганы кайсы? Албетте, адабиятка тиешелүү бардык жанрды жиликтей билген белгилүү адабиятчы же акын, таланттуу инсан болбосо да Айтматовго болгон сый-урматын адам катары, кыргыз катары, жөнөкөй жаран катары таза чыгармачылык мамиле кылып, ички ой туюмун жан дүйнөсү менен чагылдыргандары окурмандарды кубантат. Ойго салат.

Ал эми өзгөчөлүгү - улуу жазуучуга б.а. Айтматовго ушунчалык чын дилинен, ак ниетинен берилгендигин жан дүйнөсүнөн чыккан ырлар, поэмалар, макалалар, күндөлүктөр менен далилдей алгандыгында. Улуу жазуучуга арналган, “Азаттыкка" чыккан ар бир макала - бул факт, аргумент.

Албетте, Улуу инсанга "мынча чыгарма болду" деп айтуу чекилик. Анткени Айтматовго арналган чыгармалардын саны да, ченеми да, чеги да жок. Ушул өңүттө, жогорудагы аты аталган макалалардын, ырлардын ар бириндеги идеялар татыктуу жана баалуу. Ыр түрүндөгү же чыгарманын кайсы түрү болбосун, өз көз карашын, көргөн-билгендерин угуучуларга таасирдүү жеткириш үчүн чыгармачыл инсан дайыма алдыда турушу абзел. Ошон үчүн поэзия өнөр ээсинин бүт жан дүйнөсүн, коомдук жана башка турмушка көз карашын, мамилесин, ички сезимин, сүйүнүч менен күйүнүчүн чагылдырууга тийиш. Жана да чыгармада эң негизгиси реалдуу чындык болуусу шарт. Бул жагынан алып караганда жарыяланган ар бир чыгарманын, ар бир сабында реалдуу ой, реалдуу чындык камтылганы көрүнүп турат. Авторлор өзүн "акынмын" же "публицистмин" деп айтышпайт, алар жөн гана жан дүйнөсү таза окурмандар. Бирок, чыгармачылыгында кесипкөй акындарга тиешелүү бардык өзгөчөлүк камтылгандай туюлат. Себеби, анын эң башкысы, негизгиси – реалдуу ой, турмуш чындыгы камтылгандыгы. Чындыгында, Айтматовду “Аалам алпын” жаштыкка, даңазалуу сүйүүгө теңечү эмес белек.

Албетте, эң оболу, реалдуу чындык, чыныгы окуя гана поэзияга канат бүтүрүп, кереметтүү күчкө, сүймөнчүлүккө ээ кылат, кара сөз деле ошондой. Коомдо болуп жаткан реалдуу турмуш чындыгын сезе билген, аны чыгармачылыкта чагылдырууга күчү жеткен чыныгы талант гана өзүнүн ички оюн ыр түрмөгү аркылуу же кара сөз түрүндө бере алаарын эстен чыгарбашыбыз керек. Ушундай чоң күчкө, реалдуу чындыкка ээ – “Азаттыкка” чыккан ар бир макалалар ырлар экени талашсыз. Себеби, жогорудагы биз айткан өзгөчөлүк менен айырмачылык чыгармачылыкты толуктап жана тастыктап турат. “Азаттыкка” чыккан ар бир автор улуу инсандын чыгармачылыгына экскурсия жасап, ар бир каармандын ички дүйнөсүн ыр аркылуу же кара сөз менен айтуу аркылуу болобу, залкарга тиешелүү бардык сапаттарды, мүнөздү чагылдырып, коомдо болуп келген жана да болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө көз чаптырып, акыл калчап ой бөлүшкөн. Кара кылды как жарган калыс чыгармачылык менен көргөн-билгендерине баа бере алышкан.

Улуу инсанга жылуу, жакшы сөз айтуу - биздин милдетибиз.

Жээренче Исмаилов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG