Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

"Айтматов мени сактап калган"


Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү эстелиги. 4-август, 2017-жыл.
Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү эстелиги. 4-август, 2017-жыл.

Күнүмдүк тиричиликтин айынан Орусияга иштегени келген чагым. Дароо жумуш табыш кайда? Бир топко ишсиз жүрүп калдым.

Жумуш таппасаң документ, квартира деген балээ бар. Убагында төлөп бүтүрүп койбосоң түйшүгүң көбөйгөндөн көбөйөт. Ошентип эптеп бир жерде иштеп жүрүп жашаган жерге убактылуу катталуу үчүн паспорт столуна барсам, инспектор "үч ай бою катталбай жүрүпсүң, бул административдик укук бузуу, сага айыппул салам" деп түшүнүк кат жаздырмак болду. Айыппул биздин акча менен 7000 сом болмок. Ал эми алган айлыгыбыз жарытарлык эмес болчу.

Ошентип каңырыгым түтөп, болгонун болгондой кылып түшүнүк кат жазып кирдим. "Мен бул жерге иштегени келгем, бирөөнүн үйүнө каттоого турайын десем тааныштарым жок" деген сыяктуу өз көйгөйүмдү жаздым. Эптеп эле бир бет чиймелеп бердим. Анан эле инспектор түшүнүк катты окуп туруп, бир саамга ойлонуп:

- Сен Кыргызстандансыңбы? - деп калды.

- Ооба.

- Сен Чыңгыз Айтматовду билесиңби?

- Албетте, - деп сыймыктанып жооп бердим.

- Сен кокусунан Айтматовдун тууганы эмессиңби?

- Жок, эмне үчүн?

Көрсө, менин жазгандарым ага аңгемедей көрүнгөн экен.

- Сенин жазгандарың кызыктуу экен. Пролог, эпилог, драманын баарын бир баракка батырыпсың. Кантип ушундай кылып жаздың? Мен сени Айтматовдун тууганы деп ойлосо... Макул эми, мен Чыңгыз Айтматов үчүн сенин административдик укук бузууңа көз жуумп, айыппул салбай эле коёюн, - деп калды.

Мен болсо аң-таң болуп, рахмат айтып чыгып кеттим. Сүйүнгөнүмдү айтпа, бир туруп акчам өзүмдө калганына кубансам, бир туруп кичинекей мамлекет болсок да, аз гана эл болсок да бизди башка элдердин урматтаганы мени сыймыктандырды.

Ошентип улуу жазуучубуз бар экен, ошол кишинин аты менен, бешене тер менен тапкан акчам айыппулга кетпей, балдарыма буюрду. Көрсө, улуу жазуучубуз артынан бир эле өзүнүн дүйнөлүк атын калтырбастан, Кыргызстандын сыйын, кыргыз элинин урматын, өчпөс атын түптөп кеткен экен.

Мамытов Тимурлан Абдираимович

Орусия, Санкт-Петербург шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG