Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

"Түрмөдө орун жок" же Айтматовдун күлкүсү


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Ошентип тилегеним кабыл болуп, Айтматов агайды көрдүм, жолуктум... Албетте, жолугушууну уюштуруп, мени унутпай чакырган Апилмажнун Темиралиев доско өмүр бою ыраазымын.

Дүйнөдөн

Семиз өтөт, арык өтөт.

Дүңгүрөп

Хандар өтөт, карып өтөт.

Токтолот

Далай пенде көмөчүнө.

Тоскоолду

Шумкар гана жарып өтөт!

(“Ой ордо” борборунда дубалда илинген жазуу)

Ошентип тилегеним кабыл болуп Айтматов агайды көрдүм, жолуктум... Албетте, жолугушууну уюштуруп, мени унутпай чакырган Апилмажнун Темиралиев доско өмүр бою ыраазымын.

Жумушту таштап, ашуу ашып Таластан түндөп болсо да жетип келдим. Жолугушуу 2008-жылы 19-январда Бишкек шаарындагы аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын “Ой ордо” аттуу борборунда болуп өттү.

Айтылган убакытта жолугушуунун катышуучулары чогулуп күтүп отурсак: “Келди! Келди!” деп калышты. Сыртка жүгүрүп чыктык. Айтматов агай чоң кара “Мерседес” машинесинин арткы эшигин шашпай ачып түшө бергенде Апилмажнун сол тарабынан сүйөп, "жардамдаш" дегенсип мага башын ийкеди. Мен агай менен саламдашып оң колун кармап колтугунан сүйөдүм. Кар жаап жер сыйгалак болуп турган эле. Агай бир аз эңкейип басып калыптыр. Ар нерсени айтып тамашалап баратты.

Чыдамсыздык менен күткөн адамыбыз чакан залдын төрүнөн орун алып, саламдашты да, колун жаңсап баарыбызды отурууга чакырды. Киши көп, орун жетишпегенден мен агайдын сол тарабынан стол четинен орун алдым. Жолугушуу жыйынын Апилмажнун ачып, сөздү агайга узатты. Жолугушуу төрт-беш саатка созулду, ал киши көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди айтып берди. Угуучулар бирде таң калып, бирде жылмайып, кээде күлүп жыргап угуп отурушту. Мен болсо өз көзүмө ишенбей, улуу адамдын энергиясынанбы же аурасы таасир эттиби, бир сөзүн уксам экинчисин укпай толкунданып отурдум.

Бул сүрөт ошол бактылуу учурдан калган бир элес. Солдон оңго: Чыңгыз Айтматов, Апилмажнун Темиралиев жана мен - Авазбек Жусупбеков.
Бул сүрөт ошол бактылуу учурдан калган бир элес. Солдон оңго: Чыңгыз Айтматов, Апилмажнун Темиралиев жана мен - Авазбек Жусупбеков.

Чыңгыз агайдын Европада элчи болуп иштеп турганда Люксембург шаарындагы болгон бир окуя тууралуу аңгемеси мени өзгөчө кызыктырды. Эмесе, эсимде калган ошол окуяны агайдын атынан кыскача айтып берейин.

- Ошол, мен жаңыдан барып жашап турганда Люксембург шаарынын бир жараны соттолот, - деп баштады Чыңгыз агай жылмайып. - Эмне кылмыш кылганы азыр эсимде жок. Биздин көз караш менен алганда майда-барат эле кылмыш окшойт. Мындай окуя аларда өтө сейрек болот экен. Сот аны бир жылга эркинен ажыратып, чечим жазылган кагазды жарандын колуна карматат. Ал ыйлап-сыктап, үй-бүлөсү менен кош айтышып түрмөгө өзү эле жөнөйт. Жанында жандап жүргөн кишиси жок, кайтарган кароолу жок, түрмөгө өзүнүн машинеси менен келет.

Ооба, бизге бир чети күлкүлүү, экинчиден таң калычтуу... Алар үчүн бул кадимки көрүнүш. Анткени өлкөдө тартип темирдей бекем, эли мыйзамды сыйлайт жана мыйзамга баш иет, бийликтин айтканын аткарат. Ошентип, соттун чечимин көтөрүп алып түрмөгө келсе, түрмө бош эмес. Демейде такай бош турган түрмөдө бир да орун жок! Жаран таң калат. Кагазын көтөрүп алып түрмөнүн начальнигине кирет. “Бул кандайча? Мен түрмөгө отурушум керек” дейт... – Чынгыз агай стол үстүндө турган стакандан ак суу ууртады.

Отургандар бир сыйра күлүп да, таң калып да, кээ бирлери ишенбегендей баштарын чайкап отурду.

Агай сөзүн улантты:

- Көрсө, окуя мындай болуптур. Люксембург шаарына жайы-кышы дебей туристтер көп келет. Көчөдө топурап жүргөн туристтерди күнүгө көрүүгө болот. Үч күн мурда Польшадан бир топ туристтер келиптир. Социалисттик режимден эркиндикке чыгып буулугуп калышса керек, аябай ичип алып, бейбаштык кылып, шаардын тартибин бузушуптур. Албетте, полиция баарын кармап, түрмөгө камап салат. Эми сот болмоюнча чыгарбайт экен. Түрмө чакан, болгону отуз гана орун бар, бирөө да бош эмес. Шаарда башка түрмө жок. Мен билгенден, ошол убакка чейин түрмө бош турса керек. Анткени мамлекетте тартипти бузгандар, кылмышка баргандар жокко эсе окшойт.

Соттолгон жаран ошол эле күнү үйүнө кайра келет. Бир жума өткөн соң түрмөгө дагы барат, абак дагы эле бош эмес. “Сот боло элек” деп түрмөнүн башчысы шартты түшүндүрүп, кечирим сурап жаранды артка кайрыйт. Ал он чакты күндөн кийин үчүнчү ирет түрмөгө барат. Дале бош эмес. Польшалык туристтер абакта жатып да түрмөнүн ички тартибин бузушуптур, анан албетте, жаза мөөнөтү дагы эки жумага узартылыптыр.

Бул жерден айтып кетейин - Люксембургдун түрмөсүндөгү камералар кадимки шаардык батирлер сыяктуу, бардык ыңгайлуулугу бар, Интернет, китепкана, спорт, кино залдары жана да биз билбеген башка шарттары менен... Ошондой эле төрт маал кадимкидей тамак берилип турат. Мүмкүн, ошол себептен польшалык туристтер убактылуу болсо да кеткиси келбегендир. Бекер даамдуу тамак, бекер люкс “мейманкана”...

Тиги соттолгон жарандын ачуусу чындап келет. Жогорку сотко кайрылат: “Мен убакытты коротпой жаза мөөнөтүмдү тезирээк аякташым керек!” дейт жана башка сөздөрдү айтып даттанат. Бүт массалык маалымат каражаттары бул маселени көтөрүп чыгышат, мамлекет башчысына чейин жетет... Мамлекет башчысы ишти кайра каратып жана коомчулуктун талабы менен жаранга мунапыс берип, жазадан бошотот. Мына ушинтип бул окуя миллионго жетпеген калкы бар кичинекей мамлекетте чоң резонанс жаратат.

Биз үчүн абдан кызыктуу окуя, бирок мен муну эмнеге айтып жатам? Европадагы кээ бир өнүккөн мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчүн, цивилизациясын жана элинин аң-сезимдүүлүгүн белгилегим келет. Биз да ушундай жетишкендиктерге эртерээк жетсек деген тилек. Ал үчүн силер, силерге окшогон окумуштуу жаштар Мекенди сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүп, болгон билимиңерди, күчүңөрдү жумшап, экономикабызды жана элдин аң-сезимин көтөргөнгө өбөлгө түзүшүңөр керек, - деди агай сөзүнүн аягында.

“Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген сөз абдан туура айтылган экен. Жолугушуу учурунда Чынгыз Айтматов агайдын жөнөкөйлүгү, жупунулугу ушунчалык жакты. Көптөн бери көрүшпөй жүргөн жакын тааныш адамың менен маектешкенсип отурдук. Сүйлөгөнү да уккулуктуу, эч жадабайсың, угуп эле отургуң келет. Берилген суроолорго эч шашпай жеткиликтүү кылып жооп берип жатты. Күлсө да чын ниетинен жылмайып, акырын каткырып, отургандарды өзүнө тартып турду.

Аягында мен да жөн отурбай атайын ала барган “Куудул куржун” аттуу жаңы чыккан китебимди тартуулап жатып:

- Ушул тырмак алды чыгармамды, чакан болсо да, Люксембургдай кичинекей болсо да, ыраазы болуп алып коюңуз, - дедим.

Ошондогу агайдын чалкалай берип каткырганы эсимден эч качан кетпейт!..

Кайдасыз, Чыңгыз агай? Эмне унчукпайсыз?.. Эх! Бири кем дүйнө...

Авазбек Жусупбеков, ардагер инженер

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG