Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:02

“Америка трагедиясы” “Кыргыз трагедиясына” жетпей калды


"Жамиля" повестинин орус тилинде басылышы.

Балалык кезимде кат тааныгандан баштап колума тийген кыргыз тилиндеги китептерди тишим өтсө да, өтпөсө да окуй берчүмүн. Авторлору менен деле ишим жок. Өспүрүм кезимде да мектептин китепканасынан чыкчу эмесмин. Ал кездеги көркөм адабият жалаң советтик идеологияга ылайыктап жазылаар эле.

Онунчу класста окуп жүргөнүмдө колума мукабасы жупуну “Обон” аттуу чакан китеп урунду. Адатымча авторун карабай туруп бир отуруш менен окуп чыктым. Көңүлүмө жакса, адатымча, дагы бир сыйра шашпай окумакмын. А бул китеп мага жаккан жок. Ата Мекенин фашисттик баскынчылардан коргогону фронтко кеткен күйөөсүн күтпөй, үй-бүлөсүн таштап, башка эркекти ээрчип кеткен келин жөнүндө экен. Таң калдым! Ушундай да болобу? Кызыл кыргында жүргөн жоокер жубайынын аман-эсен кайтып келишин тилегендин ордуна жана аны кат аркылуу жылуу сөз менен колдоонун ордуна өз кызыкчылыгын көздөп, “жаңы күйөөсү” менен Казакстанга качып кеткени туурабы? Мындай окуя кыргыздын каада-салтында болду беле? Ата-энесин, төркүн-төсүн эле эмес, кайын-журтун бүт тууган-уругу менен жаманатты кылганы эмнеси?..

"Бул китеп кокусунан эле жарыкка чыгып кетсе керек" деп ойлодум. Ал кезде мен мектептин комсомол комитетин башкарып, башка балдардай эле мен да Коммунисттик партиянын осуяттарына сугарыла баштагам. Биз, жаштар, 1980-жылдан баштап “коммунизм” мезгилинде жашайбыз деп жүз пайыз ишенчүбүз.

Кийинки жылы Орусиянын техникалык жогорку окуу жайына өтүп, Куйбышев шаарында (азыркы Самара) окуп калдым. Айылдагы мектепте лидер болуп жүргөнүм менен институтта окуш мен үчүн кыйынга турду. Айрыкча орус тилинен... Бирок ага карабай тырышып окуй бердим. Экинчи курста бош убакыт болсо эле жатакананын китепканасына кирип көркөм чыгармаларды көп окудум. Марк Твен, Фенимор Купер, Михаил Булгаков, Жек Лондон, Александр Дюма жана башка көптөгөн белгилүү жазуучулардын чыгармалары менен тааныштым. Айрыкча Теодор Драйзердин “Америка трагедиясы” аттуу чыгармасы жүрөгүмө катуу таасир берди. Ушундай улуу чыгарманы жазган жазуучуга, тирүү болсо, тим элеби, сыйынгым келди! Бизди саясий сабактарда окуткандай “чирип жок болуп бараткан империалисттик Батышка” болгон көз карашым өзгөрдү. Эмне үчүн биздин “демократия” туура эмес? Эмне үчүн бизде жалаң “дефицит”?.. Эмне үчүн?... Ушуга окшогон көптөгөн суроолор пайда боло баштады. Акырындап “Свобода”, “Голос Америки” үналгыларын жашыруун угуп жүргөндөргө кошулдум. Жазуучу Александр Солженицын, академик Андрей Сахаров сыяктуулардын ким экенин билдим. “Азаттык” үналгысын да ошондо биринчи эшитип, Батышта кыргыз тилинде да үналгы бар экендигине таң калдым. “Азаттыкта” иштеген кыргыздар Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып жана Аким Өзгөн менен сыймыктанып, казак досторго мактандым...

Авазбек Жусупбеков Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында.
Авазбек Жусупбеков Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында.

Ошол студенттик чөйрөдөн жана окуткан агайлардан Чыңгыз Айтматов жөнүндө жылуу сөздөрдү көп уктум, уккан сайын териме батпай жүрдүм. Анын атактуу жазуучу экенин тастыктаган макалаларды Москвадан чыккан “Литературная газетадан” жана башка борбордук массалык маалымат каражаттарынан көп окудум. Франциянын Коммунисттик партиясынын лидери, жазуучу жана котормочу Луи Арагондун "“Жамийла” - сүйүүнү даңазалаган дүйнөдөгү эң кереметтүү чыгарма” деп айтканы мени аябай толкундантты. Атактуу жердешимдин чыгармалары менен жакындан жакшылап таанышкым келди. Издеп жүрүп агайдын орус тилинде чыккан алгачкы атактуу “Джамиля” чыгармасын таптым. Кудуңдап сүйүнүп китептин биринчи бетин ачып окуй баштаарым менен, азыркы тил менен айтканда, шок болдум! Шок болдум да, жок болдум! Мен бул китепти мурда эле окуптурмун! Ооба! Бул китеп мен бала кезде жактырбаган “Обон” повести экен! Кыргыз тилинде алгач ушундай ат менен жарык көргөн турбайбы! Өзүмө өзүм күлкүм келип, жиним да келип, аябай таң калып, туталандым!.. Эми кунт коюп кайрадан окуп чыктым. Окуп алып, бала кезде көп нерсени байкабай да, түшүнбөй да жүргөнүмдү, жаңылганымды билдим. “Бузулган” келинге болгон “комсомолдук” көз карашым таптакыр өзгөрдү. "Жамийланы ушунчалык чечкиндүү кадамга түрткөн сүйүүнүн, махабаттын күчү эбегейсиз зор экен" деп ойлодум.

Союздун убагында, табына келип күчөп турган советтик саясатка, идеологияга каршы чыккан авторго тан бердим, жүрөктүүлүгүнө шыктандым да, Айтматовдун ошол мезгилдеги жарык көргөн чыгармаларын бирин калтырбай окуп чыктым. Аябай зор таасир берди. Өсүп келе жаткан муундарга туура тарбия берүүдө, аң-сезимин өстүрүүдө миңдеген агартуучу мекемелердин, сан жеткис идеологдордун ордун Айтматов кайталангыс чыгармалары менен эле алмаштырып койгонуна ишендим.

Агайга жаштайынан дем берип, чыгармаларын корпой-үркпөй жарыкка чыгарып жүргөн атактуу жазуучу Александр Твардовский жетектеген “Новый мир” журналына Айтматовдун кезектеги чыгармасы - “Ак кеме” повести басылып чыкканда баарыбыз талашып окуп калдык. Мен өзүм, чынын айтсам, окуп алып, стресске кабылдым! Башкы каарман – жети жашаар баланын тагдырына кейип ыйладым... Ушундай да жан кейиткен чыгарма болобу!? Жашоодо көрсөк да көрмөксөн болуп, билсек да билмексен болуп жүрчү элек... Эң жөнөкөй сюжетти автор эң кайгылуу трагедияга айландырды! Мына, чеберчилик, талант деп ушуну айт!

СССРдин убагындагы жашоо-турмушту чагылдырган чыгарманы ар бир автор сөзсүз жакшылык менен бүтүрүүгө милдеттүү эле. Ал кезде китептин финалын, англис тили менен айтканда, “хеппи енд” менен аяктоо жазылбаган мыйзам болчу! Анткени биз Коммунисттик партиянын жетекчилиги менен “жыргал” заманда жашап жатабыз да... Ал эми мында, жети жаштагы бала ырайымсыздарга, эки буттуу айбандарга, эки жүздүү жалган турмушка таарынып, өзүнүн чыныгы жомок дүйнөсүнө “балык” болуп сууга сүзүп, Ысык-Көлгө түшүп кетти, Ак кемедеги атасына кете берди! Не деген айтып бүткүс трагедия!? Бул деген биз көнгөн идеологияга каршы жүз сексен градуска бурулган, теңирден тескери, акылга сыйбаган көрүнүш эле! Чыгармасында Айтматов бизде да “Кыргыз трагедиясы” бар экендигин көзүбүздү чоң ачып көрсөттү. “Америка трагедиясы” шоона эшпей калды. Драйзердин талантынан ашып түштү!

Ушул “Ак кемеде” көрсөтүлгөн трагедия ар бир элде бар болсо керек деп ойлойм. Ошондуктан анын чыгармалары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн орун тапканы бекеринен эместир. Айтматовдун кеменгерлиги, көсөмдүгү ушунда экен: өзүнүн чыгармалары аркылуу алдыда боло турган трагедияларды, ал түгүл дүйнөлүк масштабдагы алааматтарды алдын-ала айтып, эскертип, бүткүл адамзатты гумандуулукка чакырганында. Айрыкча бул ”Жаныбарым Гүлсары”, “Ак кеме”, “Кылым карыткан бир күн”, “Кыямат”, “Кассандранын эн тамгасы”, “Чынгызхандын ак булуту” жана “Тоолор кулаганда” сыяктуу китептеринде баса көрсөтүлгөн. Алар кийинки кылымдарда да актуалдуулугун жоготпогон дүйнөлүк алдыңкы шедевр чыгармалардан боло бермекчи.

Студенттик мезгилде орусиялык курбу-досторго мен Чыңгыз агайды көрбөсөм да "көргөм" деп далай ирет мактанган күндөрүм болгон. Шекер айылы биздин айылдан 70 чакырымдай алыс болсо да, “улуу жазуучу кошуна айылда жашайт” деген сөз оозумдан далай ирет чыккан. Кийин окууну бүтүп Кыргызстанга келип, аймактарда иштеп жүргөндө да далай кыялдандым, атактуу жазуучуну көргүм келди, жолугуп таанышкым келди, бирок эч мүмкүнчүлүк болбоду...

Тилегиме 2008-жылы 19-январда гана жеттим!

Ал тууралуу кийинки баяндамада айтып берейин...

Авазбек Жусупбеков, ардагер инженер, байланышчы (жөнөкөй пенсионер).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG