Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:33

Жазуучунун турмуш сабактары


"Делбирим" спектаклинен бир көрүнүш.

"Мен билген Айтматов" сынагына Элчи Талантбековдон келген блог.

Кылымдарды карыткан кыргыз элинин бактысына жаралып, кереметтүү ойлору, чыгармалары менен кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, улут үчүн жан үрөй эмгек кылган, элибиздин чыгаан инсаны Чыңгыз Айтматов тарых барактарына өчпөс тамгалар менен жазылып калды. Залкар инсаныбыз согуш учурунда эл менен кошо түйшүк тартып, эл көргөн күндү көрүп, элдин ошол кездеги абалын, адамдардын психологиясын жана бүткүл дүйнөлүк көйгөйлөрдү чыгармаларында сүрөттөп, баяндап, окуган адамдарды өзүнө тарта алды. Эмгектеринде оң каармандар менен терс каармандардын, адамды ойго салып таасирленте турган жакшы-жаман сапаттарын, иш-аракеттерин салыштырып, жүрөккө жеткирип, сезимге бүлүк салып тарбиялай турган эмгектери, кыргыз окурмандарын гана эмес, дүйнөнүн 170тен ашык улутуна таасир берип, адамдыкка үндөгөн чыгаар деген ойдомун.

Улуу жазуучунун чыгармалары окуган сайын өзүнө сиңирип, таасирлентип, жакшы менен жаманды үйрөтүп, турмушка сабак берээри анык. Ошол эле турмушка аябагандай сабак бере турган "Делбирим" чыгармасын алсак болот. Повестте "бакыт кушун колдон учурган адамдар" туурасында баяндалган. Үй-бүлөсүнүн кадыр-баркына жете албаган Илияз, ошол эле Илиязды сүйгөн, бирок сүйдүрө албаган, Илияздын үй-бүлөсүнүн бузулушуна себеп болгон Кадийча, Кадийчаны сүйүп, бирок ага жете албаган Жантай туурасында чагылдырылган. Ушул эле чыгармада таасир берүүчү каарманыбыз Бектемир. Илияз баалай албаган үй-бүлөнүн кадырына жетип, Саматтын бактылуу атасы, Аселдин камкор жолдошуна айланып, окурмандарга үлгү боло алды десем болот.

Ал эми "Биринчи мугалим" чыгармасындагы мугалим Дүйшөндү алсак, ал окуучуларды караңгылык заманда ата-энелери каршы болгонуна карабай, алардын келечеги үчүн тобокелге салып, окуучусу Алтынайды жашоодогу орду чоң билимдүү адамга айланта алды. Балким Дүйшөн болбогондо Алтынай коомго кереги тийбей эле карапайым келин болмок. "Биринчи мугалим" чыгармасында "Дүйшөндөй өз кесибин сүйгөн, окуучулары үчүн күйгөн, билгенинин баарын үйрөткөн мугалим болгула, мугалим деген окуучулардын келечеги үчүн жаны менен берилип, кызмат кыла алган адам болушу керек" деген ой тургансыйт.

Азыркы актуалдуу көйгөйгө айланган жагдай - кыргыз тилинин маселеси. Бүгүнкү күндө эне тилин, кыргыздын салт-санаасын билбеген жаштар аз эмес, аларды "Кылым карытар бир күн" чыгармасындагы маңкуртка салыштырсак жарашчудай. Ушул чыгармада Айтматов "кыргыздын салтын сактайлы, тилин сактайлы" деген чакырык салган. Бул чыгарманы ар бир кыргыз окуса балким намыстанып, тилди, салтты чанганды токтотуп акылына келээр беле деген ой келет.

Айтматовдун чыгармалары ак менен караны айкалыштыра билүүгө үйрөтүп, жаратылышты коргоого, мекенчилдикке, жөнөкөйлүккө, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө, сүйүүгө чакырат.

Ырас, жогоруда айтылгандай, Чыңгыз Айтматов кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытты жана кыргызга эле эмес, дүйнөгө опол тоодой кызмат кылды. "Кыргыз десе Чыңгызды, Чыңгыз десе кыргызды" дүйнө эли эстей тургандай чыйыр салып кетти. Ал бир гана кыргыз уулу десем жаңылармын.

Аалам кезди Айтматовдун атагы,

Кыргыз элдин бир жаралган бактысы.

Ал бир гана кыргыз уулу болбостон,

Дүйнө элинин болгон эле Чыңгызы.

Ыр саптарында айтылгандай Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бүткүл дүйнө элинин жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Анын чыгармалары дүйнөдөгү эң көп басып чыгарылган. Демек, эмгектери дүйнөлүк адабиятта окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татып жаткандан кийин, бүт ааламдын уулу деп атасак туура болор. Ал окурмандардын эле эмес, дүйнөлүк адабиятта орду бар жазуучулар тарабынан да мактоого татыган. Француз жазуучусу Луи Арагондун: ""Жамийла" - махабат жөнүндөгү дүйнөдөгү эң сонун баян" деп айтканын мисалга алсак болот.

Айтматов көптөгөн чыгармаларды жаратып, кыргыз элинин сыймыгы, мактанычы боло алды. Ушул жылы жазуучунун 90 жылдыгы өтүп жаткан учуру. Бул жылда китеп окууга үндөгөн жакшы иш-чаралар уюштурулуп, коомубузда китепкөй адамдар көбөйсө, ата-энелер балдарын жаш чагынан китепке болгон кызыгуусун арттырса, коомубуз оңолуп, мүмкүн Чыңгыз атабыз эңсеген коомго жетербиз. Коомдо китеп көп окулса, балким келечек муундардан Чыңгыз Айтматовдой улуу инсан чыгат деп үмүт кылалы. Бирок ага окшогон гений жаралабы-жокпу, Кудайдын буйругунда.

Өкүнөбүз, Чыңгыз ата кеткенине,

Чыгарма жаза албай, барактын беттерине.

Ыйлады кыргыз элим атаганат,

Ордуңду баса турчу, чыгаандар качан чыгат?

Жаралса бир жаралат, эми качан?

Ордуңду эч бир адам баса албайт. Анткени бул өмүргө гений адам,

Көп жылда, жаралса эгер, бир жаралат.

Элчи Талантбеков, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG