Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Аксы: мал уурдагандар элди көчөгө чыгарды


Аксынын Итагар айылында өткөн жыйын.
Аксынын Итагар айылында өткөн жыйын.

Аксы районунда соңку жылдары мал уурулук күчөдү. Буга нааразы болгон Итагар айылынын тургундары 21-декабрда көчөгө да чыгышты.

Нааразылар менен жергиликтүү бийлик жана ички иштер органынын кызматкерлери жолукту. Алдыдагы күндөрү тургундар райондун борборунда митинг өткөрүү үчүн уруксат сурашты.

Аксынын Итагар айылынын тургуну Субаналы Керимкулов уурулардан тажаганын айтууда. Акыркы жолу анын саан уйларын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен.

Субаналы Керимкулов
Субаналы Керимкулов

- Былтыр музоолуу уюмду жоготком. Быйыл сентябрда да мал уурдаттым. Жыл сайын менде ушул түйшүк. Эсептесем, бештей бодо малды ууруга жегизген экем. Буга чейин да далай жолу жоготтук. Милицияга кайрылгандан пайда жок. Кур дегенде акыркы жоголгондорун таап берсе жакшы болмок.

Субаналыга окшоп малын уурдаткандар Итагар айылынын борборуна 21-декабрда чогулуп, бийликке нааразылык билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын бири Адылбек Кочкоров милицияны ууруларды таба албайт деп сынга алды.

- Азыр бийлик, орган кызматкерлери менен элдин ортосунда чоң ажырым пайда болду. Себеби, элди эч ким коргобой калды. Бийлик элди карабаса, кармап берген ууруну милиция эркелетип жатса нааразы болосуң да. Эмнеге эл алдында бардык уурулукту мойнуна алган шектүүгө тергөө жумшак мамиле кылат? Кылмышты мойнуна алдыра албаса, анда аны чыгарсын. Өзүбүз жазага тартабыз.

Ажыбек Алымкулов
Ажыбек Алымкулов

Өткөн айда Итагар айылынын тургундары эки кой уурдап жаткан жеринен башка айылдын тургунун кармап, милицияга өткөрүп беришкен. Андан кийин кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн.

Итагардын айыл башчысы Ажыбек Алымкулов тергөө ишинде уурулук окуяларынын баары камтылбай калганына эл нааразы экенин билдирди:

- "Шектүү башкалардын да малын уурдаган" деп айткандарды тергөө карабай жатат. Ошондуктан бул жерде акыйкаттык жок. Район акимине, прокурорго кайрылдык. Милиция болсо кодекске жаңы өзгөртүүлөр киргенин, кылмышка шектүүлөрдүн укугу бузулганын айтууда. Биз айылда комиссия түзүп, шектүү "уурдаган" деп 67 фактыны жазып бердик. 2010-жылдан бери мал уурулук боюнча бир да иштин бети ачыла элек. Ууруну эл кармайт, милиция чыгарып жиберет. Айылдыктар ушуга нааразы.

Маалыматтарга караганда Аксы району боюнча быйыл 18 мал уурулук фактысы катталып, анын 11инин бети ачылган. Айылдыктар кылмыштын көбү катталбай жатканын да айтышууда.

Ал эми Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Акыл Иманкулов буларды айтты:

Акыл Иманкулов
Акыл Иманкулов

- Учурда уурдалган эки баш жылкы жана эки кой боюнча тергөө аяктап, соттун кароосуна өттү. Калган арыздар боюнча текшерүү иштери уланып жатат. Мурдагыдай азыр эки айлык тергөө мөөнөтү жок. Уурдалган мал табылып, кылмышка шектүүлөр кармалганга чейин тергөө улана берет. Мен сиздерден кандай маалымат болбосун биз менен байланышууну суранам. Тергөөгө бут тосуу болсо ачык эле айткыла. Маселени чечкенге аракет кылайын. Кылмыштардын баарынын бетин ачып, иш алып баруу кыйын. Ошондуктан бул багытта элдин жардамына муктажбыз.

Авлетим айыл өкмөтүнүн бир топ айылдарынан жакында эле малын жоготкон 70 тургун ички иштер органына кайрылган. Азыр алардын арызы райондук милициянын кароосунда жатат.

Нурмырза Абдраманов
Нурмырза Абдраманов

- Биз райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганбыз. Тергөөчүлөр иштеп жатат. Эл эки кой жана эки жылкы уурдаган фактынын бети ачылганына нааразы болууда. Бул маселе 2010-жылдан бери көтөрүлүп келет. Былтыртан бери уурулук күчөп кетти. Малын жоготуп арыз жазган 70 адамдын канчасынын арызы кабыл алынганы тууралуу менде толук маалымат жок, - деди Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов.

Итагарлыктар нааразылык акциясын райондун борборунда да уюштурууну көздөп, ага уруксат алып берүүнү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынан талап кылышты.

Итагар айылында 1200дөн ашуун калк жашайт. Айыл тургундары жаңгак жана мал менен жан багат.

Айыл башчы Ажыбек Алымкулов айылдыктар мал уурулукту ооздуктоону суранып, район акимине бир нече ирет кайрылганын билдирди:

- Район акими эл менен жолугуп кетсин деп бир нече жолу кайрылдык. Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысына ушул маселе менен үч жолу кайрылып, эки ирет райондук мамлекеттик администрациясынын имаратына бардык. Беш жолу тең район башчысы элдин үнүн уккан жок. Акыркы жолу барган учурда “Аким иш сапарда” деп айтышкан экен, чогулгандар сыртка чыкса, ажаткана тарапта жүрүптүр. Ал киши быйыл элдик курултайда “Райондун ар бир айылын барып көрүшүм керек” деп айткан. Бирок кызматка келгенден бери бир жыл өттү, эч нерсе жасаган жок.

"Азаттык" радиосу Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев менен байланышууга аракет кылып, бирок андан майнап чыкпады. Райондук администрациядан аким Бишкекке иш сапар менен кеткенин, алдыдагы күндөрү эл менен жолугушууну пландап жатканын билдиришти.

Жалал-Абад облусунун аймагында быйыл жыл башынан бери 375 мал-жандык уурдалып, бул багытта 160 кылмыш иши козголгон. Алардын 135инин гана бети ачылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG