Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Акыркы коңгуроо: коопсуздукка ким жоопкер?


Бишкектеги мектептердин биринде өткөн Акыркы коңгуроо. (архивдик сүрөт)
Бишкектеги мектептердин биринде өткөн Акыркы коңгуроо. (архивдик сүрөт)

Акыркы коңгуроого жакын Кыргызстанда окуучулар катышкан эки жол кырсыгы катталды. Билим берүү министрлиги жыл сайын ушул маалда оюн-зоок кечелерине тыюу салганына карабай, бүтүрүүчүлөр катышкан ар кандай кырсыктар болуп келет.

Жолдо кыйылган үч өмүр

23-майга караган түнү 12 жана 14 жаштагы үч окуучу түнкү саат бирде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машине менен Кызыл-Өрүк айылында баратып, айдоочу “Улан” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.

Машине аласалып, үч бала тең каза тапканын окуя болгон жерден күбөлөр видео тартып, социалдык трамактарга жүктөгөн.

Милициянын маалыматында окуучулардын бири таятасынын машинесин үйдөн сурабай айдап чыккан.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу бул окуя боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

"2009, 2010 жана 2011-жылы туулган өспүрүмдөр алдын ала маалыматка ылайык, ата-энесинин уруксаты жок үйдө токтоп турган автоунааны айдап чыгышкан. Катуу ылдамдык менен бара жатып Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен үч өспүрүм окуя болгон жерде мерт болгон. Мына ушундай фактыларга жол бербөө үчүн ата-энелерге, мугалимдерге, жана энелер комитетине эскертип, балдарды көзөмөлгө алгыла деп жатабыз. Айрыкча 25-май күнү бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну тапшырдык".

Бул кырсык болгон күндүн эртеси, 24-майда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 610-чакырымында да үч мектеп окуучусу жол кырсыгына кабылган. Анда өспүрүмдөр бараткан "Тико" үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу чукул бурулуштан автоунааны башкара албай жолдогу бетон тосмону сүзгөн.

Автоунаанын ичиндеги окуучулар түрдүү жараат алып, медиктердин кароосунан өткөн. Азыркы учурда бул окуя боюнча да тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлиги ата-энелерге жана автоунааны ижарага берген ишкерлерге кайрылуу жолдоду. Мыйзамга ылайык, машине айдоого укугу жок жарандарга автоунаа бергендерге 15 миң сом айып пул салынат.

"Бүгүнкү максатыбыз - жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздоо болуп турат. Нөөмөт бөлүмү адаттагыдай иштеп жатат. Андан сырткары, жарандардын кайрылуусун ыкчам кабыл алуу үчүн 0777 102 102 номурлуу WhatsApp ачылган. Бардык укук бузууларды жарандарыбыз жөнөтсө болот. Биздин кызматкерлер тийиштүү чараларды көрүп, кайрылуу жөнөткөндөргө жообун берет", - деп кошумчалады Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу.

Айткул уулунун айтымында, 22-майдан тарта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү коюу менен күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочу бир жылга автоунаа айдоо укугунан ажыратылат. Ал эми айдоого укугу жок адам эреже бузган учурда айыпка жыгылат.

"Акча чогулткан ата-энелер бар"

Билим берүү жана илим министрлиги да быйыл бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салып, апрель айынан бери окуучуларга жана мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Эгиз кыздары быйыл мектепти аяктап жаткан Нарындын тургуну Асылзат Алмазова мындай чогулушка эки жолу катышканын айтты:

"Ата-энелердин Вотсаптагы тайпасына "балдарга ачкыч бербегиле, кечкисин эшикке ээн-эркин чыгарбагыла" деген үндөр келип жатат. Бизден өтүп мугалимдер, мектеп директору бушайман болууда. Майдын башында райондук милициядан келип, балдарга жана ата-энелерге лекция окуп кетишкен. Анда мектептен кийин баланын коопсуздугуна ата-эне өзү жооп бере турганы айтылды. Бирок бала деген бала экен, каратып туруп жок болуп кетет. Биз колдон келишинче көзөмөлдөп атабыз. Бүгүн эми балдар акыркы коңгуроодон кийин тоого чыгышты, жанында ата-энелер комитетинен төрт киши келип, кайтарып отурабыз".

Түшүндүрүү иштери өлкөдөгү эки миңден ашык мектепте өткөнү кабарланды. Анда мугалимдер жамааты, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана милиция бүтүрүүчүлөрдүн өзү менен да, ата-энелер комитети менен да сүйлөшүү жүргүзгөн.

Окуучулардын ар кандай кече, отуруштарына тыюу салынгандыктан, милиция Бишкектеги жана аймактардагы оюн-зоок жайларынын ээлери менен сүйлөшүп кеткенин Бишкектеги ресторандардын биринин атын атабоону каалаган администратору ырастады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева былтыр атайын жарлыктын жана министрликтин токтомунун негизинде ар кандай майрамдык иш-чараларды уюштурууга, акча чогултууга тыюу салынганын белгиледи. Бирок ата-энелер бул эрежеге баш ийбей жатканын кошумчалай кетти.

"Президент Жапаровдун былтыр чыгарган жарлыгы азыр деле күчүндө. Андан сырткары биздин министрлик да буйрук чыгарган. Алардын негизинде мектептерде акча чогултууга тыюу салынган. Бирок ата-энелер бүтүрүү кечелерин уюштуруу үчүн акча чогултууну токтотпой жатат. Биз мугалимдерди мындайга аралашпоого, демилге көтөрбөөгө чакырып, эгер аралашкан болсо административдик чара көрүлөт деп келебиз. Бүтүрүүчүлөр менен катар башталгыч классты аяктап жаткан окуучулардын да ата-энелери да каражат чогултат. Тилекке каршы, министрлик маалымат таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башка чара колдоно албайбыз. Мындан улам жылда окуучулар ичимдик ичип мушташка же жол кырсыгына кабылган учурлар катталууда".

"Майрамга эмес билимге ыктаган күн керек"

Жогору Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев Акыркы коңгуроону "кесипке багыттоо" күнү деп өзгөртүү керек деген пикирде. Мурдагы депутат бул күнү шаан-шөкөт коштолгон бүтүрүү кечелерин эмес, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү туура болмок деп эсептейт.

Абдывахаб Нурбаев
Абдывахаб Нурбаев

"Ата-энелер да, мугалимдер да мектептеги окуучуларды кесип тандоого үйрөтпөйт. Биз университет тандатабыз. Кесипти жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына карап айтабыз. Бирок бул туура эмес. Анткени баланын шыгына карап анын келечегин түзүш керек. Ошондуктан 25-майды кесип тандоо күнү десек, баласынын билимдүү, шыктуу болушун каалаган ар бир ата-эне буга маани бере баштамак. Тилекке каршы чоң адамдар чогулганда спорт, дин жана саясат гана темасын талкуулашат. Ал эми билим берүү, багыттоо, сарамжалдуулук деген нерсе ойдо жок. Албетте биз бүтүрүү кечелерин токтото албайбыз, анткени 11 жыл бою бирге окуган классташтары менен улан-кыздар коштошуп, бири-бирине тилек айтат. Болгону мындай майрамдардын маанисин бурсак болот. Китеп тууралуу талкууларды, маданий иш-чараларды же театралдаштырылган сценкаларды койсок болот. Айтор, балдарды шаан-шөкөткө үйрөтпөй, сарамжалдуулукка жана билим алууга багытталган аракеттерге көндүргөнүбүз жакшы. Болбосо жол кырсыктары, адам өлүмү менен аяктаган окуялар кайталана бергени жакшы эмес".

№70 мектепте өткөн Акыркы коңгуроо салтанаты. 25-май, 2024-жыл

Быйылкы окуу жылында 9-классты Кыргызстандын мектептеринде 128 миң бала аяктап жатат. Ал эми 11-классты 73 миңден ашык улан-кыз аяктоодо. Бүтүрүүчүлөр быйыл биринчи жолу электрондук күбөлүккө ээ болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG