Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Акыйкатчыга жарым жылда кыйноо фактыларына байланыштуу 25 кайрылуу түштү

Бишкектеги абак. Архив
Бишкектеги абак. Архив

Быйыл алты айда Акыйкатчы институтунун Кыйноолорду алдын алуу башкармалыгына жабык жайлардагы жана кармоо учурундагы кыйноо фактыларына байланыштуу 25 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган башкармалыктын бөлүм башчысы Эмилбек Ажибеков “Азаттыкка” билдирди.

"Арыздардын 14ү ИИМ, 8и УКМК, 4ү Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине карата түшкөн. Басымдуу көпчүлүгү кармоо учурунда, тергөөгө чейинки териштирүү мезгилинде зомбулукка кабылганы жөнүндө даттанышкан. Алардын бардыгын биз териштирип, Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Анын негизинде бир кылмыш иши козголуп, азыр тергелип жатат”, - деди Ажибеков.

Маалыматта айтылгандай, арыздангандардын көбү уруп-сабоо, медициналык жардамды кечиктирип берүү, жакындары менен жолуктурбоо, тамак-ашты чектеп берүү сыяктуу мазмунда жазышкан.

Өткөн жылы аталган мекемеге 56 кайрылуу түшсө, алардын көбү жаза аткаруу системасындагы абалга, соттолгондорго жасалган мамилеге байланыштуу арызданган.

Кыргызстанда соңку кезде абактагы бир нече киши, арасында саясатчылар, активисттер абактагы адамгерчиликсиз, ырайымсыз мамилеге даттанышты.

№27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, кызматкерлер соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына токтолгон. Буга удаа ушул эле мекемеде отурган саясатчы Алга Кылычов кан басымы кескин көтөрүлгөнүнө карабай жазалоочу изоляторго киргизилгени белгилүү болгон.

Ушундан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган түзөтүү мекемесине барып, Кылычовдон жана Жетигенден кабар алган. Топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жаза аткаруу кызматы бул дооматтарды четке кагууда. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG