Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Майкл Андерсен: Батыш медиасы жаңылат


Майкл Андерсен
Майкл Андерсен

Майкл Андерсен - акыркы 10 жылдан бери Борбор Азиянын ар кайсыл аймактарында жашап, иштеген даниялык журналист. Ал дүйнөдөгү белгилүү маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндө болгон атышууларды “кыргыздар менен өзбектер ортосундагы этникалык согуш” деп аташканына нааразы экенин билдирди.

Майкл Андерсен: Тилекке каршы, дүйнөдөгү эң абройлуу маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды “этникалык кагылышуу, этникалык тазалоо” деп, аларга натуура баа берип жатышат. Мен буга таптакыр кошулбайм. Бул канчалык опурталдуу экенин түшүнүү керек. Бул кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы уруш эмес, кичинекей кылмыш топторунун, бандиттердин конфлигинен тутанган окуя. Батыштагы медиа ушуну алигече түшүнбөй жатканы мени аябай кыжаалатка салат.

Төрөкул Дооров: Сиз өзүңүз Ошто төрт жыл жашап, чет-өлкөлүк журналист катары иштедиңиз. Ал жактагы кыргыздар менен өзбектерди ушундай карама-каршылыкка, урушка алып келчү кандайдыр бир себептерди буга чейин байкадыңыз беле?

Оштогу атышуулар үчүн жаатташкан тараптар бири-бири айыптап жатышат
Майкл Андерсен:
Мен Ошто жашап жүргөндө өзбектер менен кыргыздар бири-биринин жинине тийип, от жандырып жиберчү нерселерден качканга аракет кылышканын билем. Балким, адамдар 90-жылдардагы кагылышуулардын кайталанышынан чочулашса керек. Ошондуктан ортодо бирин-экин майда араздашуу болсо да, аны тезирээк чечип, тынчтанууга аракет кылышчу. Муну Ошто жашаган башка чет-өлкөлүктөрдөн сурасаңыз да болот.

Башка өлкөнүн адамы катары мен, маселен, “Эртең согуш болуп кетиши мүмкүн” деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени кыргыздар өзбектер менен, өзбектер кыргыздар менен дос күтүп, кыз алып, кыз бергендер бар. Адамдар бирге иштешет, бирге мектепке барышат дегендей. Азыр Батыштын бир өлкөсүндө же Москвада жылуу кабинетте отуруп алып, Ошту өмүрүндө көрбөй, бул жактагы чыныгы абалды билбей туруп, “ал жакта этникалык тазалоо болуп жатат” деп жазган журналисттер көп болуп жатат. Биз эми андай стереотиптүү деңгээлден көтөрүлүшүбүз керек. Анткени ал чындыкты көрсөтпөйт.

Төрөкул Дооров: Майкл, сиз Оштогу дос-тааныштарыңыз менен сүйлөшкөндө атышуулар болгон күндөрдөгү окуялар жөнүндө эмнелерди угуп жатасыз?

Майкл Андерсен: Менин көптөгөн өзбек тааныштарым ал оор күндөрдө алардын кыргыз достору ошол өзбектерди өздөрүнүн үйлөрүндө же коопсуз жайларда жашырып, коргошконун айтып жатышат. Кыргыздар менен өзбектер көптөн бери эле дос болуп келишкен. Мына ушундай опурталдуу учурда да алар достугун сактай алышты. Бул өзү түштүктөгү окуялар “этникалык согуш” эмес экенин айгинилеген ачык далил.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG