Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Апсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү



Бекбосун Апсатаров.
Бекбосун Апсатаров.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени расмий кабарланды. Атайын кызматтагы мындай өзгөрүү кызуу талкууга негиз болуп жатат. Анткени Апсатаров Садыр Жапаровдун жакын адамы катары сыпатталып келген.

Кеч жарыяланган расмий маалымат

УКМКда экинин бири болуп турган Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткенин журналисттер 4-июлда эле жазып чыгышкан. Бирок расмий органдар маалыматты тастыктап же төгүндөгөн эмес. Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин биринчи орун басары боюнча талкуу күчөп, 13-июлда атайын кызмат кыска маалымат таратты. Анда:

"Генерал майор Бекбосун Апсатаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан кетти. Анын ордуна Тимур Шабданбеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду", - деп жазылат.

УКМКнын маалыматында Бекбосун Апсатаровдун кайсы кызматка которулганы айтылган эмес. Ошондой эле Садыр Жапаровдун жарлыгы качан чыкканы да белгисиз болуп жатат. Президенттин басма сөз кызматы маалымат берген жок.

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Дордой” азык-түлүк базарындагы ишкерлер менен жолугушуу учурунда УКМКнын биринчи орун басары кармалганын жана кызматтан бошотулганын кабарлаган эле. Бирок кимдир бирөөнүн атын атаган эмес.

"Мына азыр УКМКнын биринчи орун басары кетти, кармалды. Салыкчылар да кармалды", - деген Акылбек Жапаров.

Мындай билдирүүдөн кийин коомчулукта Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени айтыла баштаган. 14-июнда Министрлер кабинети Акылбек Жапаровдун айткандарына түшүндүрмө берип, кеп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев тууралуу болгонун билдиришкен.

"Аталган жетекчиге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын алкоголдук тармактагы ири субъектилердин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу аны ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган. Убакыттын өтүшү менен алкоголдук тармактан түшкөн салыктын көлөмүнүн өсүшү байкалган. Буга байланыштуу Акылбек Жапаровдун сөздөрүн туура чечмелөөнү өтүнөбүз", - деп жазылган өкмөттүн маалыматында.

Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ошол эле жылы 22-ноябрда кызматтан кеткен. Бирок анын кармалганы тууралуу маалымат чыккан эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков буларды айтты:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

“Акылбек Жапаровдун айтканы Бекбосун Апсатаровго байланыштуу болгон деп эсептейм. Анткени Жаныбек Жоробаевди тааныйм. Ал УКМКнын биринчи орун басары эмес, төртүнчү орун басары болгон. Анын үстүнө ал камалган эмес. Акылбек Жапаров бир жыл мурун болгон окуяны ишкерлердин алдында кеп кылып, шардана кылмак эмес. Көп өтпөй эле Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кетип жатышы Акылбек Жапаровдун айткандарын тастыктап жатат да”.

"Азаттыктын" журналисттери Акылбек Жапаровдун айткандарын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден тактаганга аракет кылган. Ал 21-июнда “Акылбек Жапаров жаңылып айтып алды болуш керек” деп жооп берген.

Апсатаровдун ордуна дайындалган Тимур Шабданбеков 48 жашта. Буга чейин УКМКнын башкармалыгын жетектеп, Коррупцияга каршы кызматында да эмгектенген.

Апсатаровдун таржымалы, журналисттердин иликтөөсү

Бекбосун Апсатаров 2020-жылы октябрь айында УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорлугуна дайындалган. Бул дайындоо Апсатаровдун он жылдан кийин УКМКга кайтып келиши эле. 2021-жылы 24-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев баштаган төрт адамга генерал-майор наамын ыйгарган. Алардын арасында Бекбосун Апсатаров да бар болчу. Ал президенттин атайын кызматтагы ишеничтүү адамдарынын бири экени айтылып келген.

Жарандык активист Атай Бейшенбек күдүк ойлор жаралбаш үчүн атайын кызматтагы кадрдык жүрүш боюнча маалымат ачыкталышы керек деп эсептейт.

Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

“Тар чөйрөдө УКМКны Камчыбек Ташиев карап атканы менен, кээ бир маселелер Садыр Жапаровдун адамы аркылуу чечилип атканы айтылып жаткан. Апсатаров менен Сабыр Жапаровдун мамилеси бар экен деген сөздөр да жүргөн. Эгерде бийлик ички маселелер жок экенин далилдегиси келсе, анда Апсатаровдун эмнеге кызматтан кеткенин айтышсын. Кайсы кызматка которулганын да жарыялаш керек. Азыр маалымат берилбей жаткандыктан коомчулук ар кандай имиштерди талкуулаганга укугу бар”.

Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени белгилүү болгондон кийин “Темиров LIVE” каналы иликтөө жарыялады. Анда Апсатаров менен президент Садыр Жапаровдун байланышына орун берилген.

Иликтөөдө Бекбосун Апсатаровдун УКМКга келишине бийликтин алмашып кетиши себеп болгону айтылат.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров мындай маалымат берди:

Болот Темиров
Болот Темиров

“2018-жылы Садыр Жапаровдун абактан жазган кайрылуусун Бекбосун Апсатаров окуп берген. Мындан тышкары Садыр Жапаровдун бир тууганы Салтанат Жапаровага таандык “Брикет-Жыргалаң” компаниясынын бажы төлөмдөрүн Апсатаров төлөп жүргөнү далилденди. Аталган компаниянын директору Сабыр Жапаровдун уулу Азат Жапаров болуп эсептелет. Бул Апсатаров менен Жапаровдордун жакындыгын далилдеп турат. Апсатаров 2010-жылы кызматтан кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин орун басар болуп отурган”.


Бекбосун Апсатаров жетектеп келген УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында, 2020-жылы 14-октябрда өзүнүн акыркы жарлыгы менен жоюп салган. Анткен менен эки күндөн кийин, 16-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган. Бирок ал 2021-жылы июнь айында Коррупцияга каршы кызматын кайра жойгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Апсатаровдун кызматтан кетишинен саясат издештин кереги жок экенин айтууда.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Бекбосун Апсатаров президенттин чечими менен кызматтан кетти. Аны талкуулаштын кереги жок. Анткени Жапаров өзү чечип атпайбы. УКМК аскердик кызмат болуп эсептелет. Кол башчыбыз президент чечим кабыл алды. Бул жерде кандай саясат болушу мүмкүн? Эч кандай саясат жок”.

2020-жылы бийлик алмашкандан бери атайын кызматты Садыр Жапаровдун жакын досу Камчыбек Ташиев жетектөөдө. Атайын кызмат бул бийликтин коррупция менен күрөшүндө негизги ролду аткарып, ишкерлерге, мурдагы кызмат адамдарына, депутаттарга кылмыш ишин козгоп келет. Алардын бир тобу бюджетке акча төгүп жоопкерчиликтен кутулушту.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG