Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Климаттын өзгөрүшү кайрадан дүйнө назарында


АКШда климаттагы өзгөрүүлөргө көңүл бурдурууну көздөгөн демонстрация. 22-сентябрь.
АКШда климаттагы өзгөрүүлөргө көңүл бурдурууну көздөгөн демонстрация. 22-сентябрь.

Улуттар уюмунда климаттын өзгөрүшү боюнча саммит өтүп жатат. 120дан ашуун мамлекет чогулган жыйындын максаты – дүйнө өлкөлөрүнүн булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча глобалдык жаңы макулдашууга жетишүүсү. Бул маселе соңку бир нече жылдан бери талкууланып, бирок мунаса табылбай келет.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун саммиттин ачылышында сүйлөп жатып, дүйнө мамлекеттерин климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүнүн “жаңы багытын” белгилөөгө үндөдү:

- Климаттын өзгөрүүсү өтө кыйынчылык менен жетишилген тынчтыкка, бакутбатчылыкка, миллиарддаган адамдар үчүн жаралган мүмкүнчүлүктөргө коркунуч туудурууда. Биз бүгүн дүйнөнү багытка салышыбыз керек. Климаттын өзгөрүүсү - биздин доордун тагдыр чечүүчү маселеси. Мен өкмөттөрдүн баарын 2015-жылы Парижде климаттын өзгөрүшү боюнча маңыздуу глобалдык келишимге жетишүү үчүн милдеттенме алууга үндөйм. Глобалдык температуранын жылышын Цельсий боюнча эки градустан өйдө чыгарбоо үчүн ар ким өзүнүн адилеттүү үлүшүн кошуусу абзел.

Саммитке 120дан ашуун өлкө чогулганы менен абанын эң ири булгоочусу Кытайдын, ошондой эле Индиянын келбегени анын ишине көлөкө түшүргөндөй болду.

Жыйында Кошмо Штаттардын атынан сөз алган президент Барак Обама буларга токтолду:

- Биз климаттын өзгөрүшүнүн таасирин сезип жаткан биринчи жана ал үчүн бир нерсе жасай ала турган акыркы муунбуз. Ошентип, бүгүн мен жеке өзүм дүйнөнүн эң ири экономикасынын, көмүр кычкыл газдын экинчи ири бөлүүчүсүнүн лидери катары биз бир нерсе жасай баштадык деп айтуу үчүн келдим. Өткөн аптада эле биз энергиянын калыбына келип туруучу булактары, энергоэффективдүүлүк боюнча бир катар жаңы чараларды жарыяладык. Мындан керектөөчүлөрдүн 10 миллиард доллары үнөмдөлөт, 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү дээрлик 300 миллион тоннага кыскарат. Бул бир жылда жолдон 16 миллион унаанын баш тартканына барабар.

Улуттар уюмундагы саммитти утурлай АКШда климаттагы өзгөрүүлөргө көңүл бурдурууну көздөгөн демонстрациялар өттү.

Нью-Йоркто жекшемби күнкү жүрүшкө кеминде 300 миңдей адам катышып, ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнү колдогон эң масштабдуу акция болду.

Ал эми дүйшөмбү күнү Нью-Йорктун каржылык борборуна жүздөгөн адам чогулуп, баалуу кагаздар базары - Уолл Стритти көздөй кеткен жолду буушту.

“Уолл Стритке суу каптатуу” деп аталган акциясы менен демонстранттар Нью-Йорк биржасы бизнестен чогулткан акча менен климаттын бузулушуна салым кошуп жатканына нааразычылык билдирди. Полиция демонстранттардын кеминде үчөөсүн камады.

"Уолл Стритке суу каптатуу" акциясынын катышуучулары. Нью-Йорк, 22-сентябрь, 2014-жыл.
"Уолл Стритке суу каптатуу" акциясынын катышуучулары. Нью-Йорк, 22-сентябрь, 2014-жыл.

Соңку маалыматтарга караганда, Арктикада муздун көлөмү быйыл жайда ага байкоо салынып келген акыркы 36 жыл ичинде алтынчы ирет ири көлөмдө эриген.

Окумуштуулар Арктикада муздардын эришинен улам Жер шаарынын түштүк ыптасындагы аба ырайы кескин өзгөртөт деп чочулашат.

Бул аралыкта Антарктиданын сууларындагы муздар рекорддук калыңдыкка жетти. Окумуштуулар муну жергиликтүү климаттык шарттар менен байланыштырууда.

Нью-Йорктогу саммитте БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча бир нече иликтөө жүргүзгөн өкмөттөр аралык комиссиясынын төрагасы Ражендра Кумар Пачаури сөз алып алардын тыянагы менен тааныштырды:

- Эгер биз температуранын глобалдык өсүшүн эки Цельсий менен чектөөнү кааласак, булганыч газдардын бөлүнүшүнүн көбөйүшү 2020-жылдан тарта токтошу керек. Эгер биз бизнести кадимкидей эле уланта берсек, эки градустук чекте калуу мүмкүнчүлүгү бул кылымдын ортосуна чейин колдон чыгып кетет.

Абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу өндүрүштү кыскартуу дегенди туюндурат. Бул өз кезегинде жумушчу орундарын азайтат. Дүйнө экономикасындагы ири оюнчулар климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүү боюнча глобалдык жаңы макулдашууга мына ушул себептен улам жетише албай келет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG