Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

2024: Айга адам барат, электромобил базары солгундайт


Жасалма интеллект 2023-жылы мейнстримге айланды. Катализатору, албетте, 2022-жылдын соңунда чыккан ChatGPT болду. Быйыл адамзат жасалма интеллект деген эмне, аны кантип колдонуу керек, жакшыбы же жаманбы деп түшүнүүгө аракет кылды. Индия Айдын түштүк уюлуна конгон алгачкы мамлекет болуп калды. Ал эми 2024-жылы 50 жылдан кийин Айга адам конору күтүлүүдө. Коронавирустун көп түрлөрүнө каршы вакциналар сыноодо өтүп, суперкомпьютерлер чыгары пландалууда. 2023-жылы болгон негизги илимий-технологиялык жаңылыктарды тизмектеп, 2024-жылы эмне күтүлөрүн алдыда баяндайбыз.

Жасалма интеллект: дүрбөлөң жана хайп

Жасалма интеллект боюнча дүрбөлөң 2023-жыл жаңырары менен эле башталган. Өспүрүмдөр ChatGPTден эссе жазып, үй тапшырмаларын аткартып баштаганда, мектептер бул чат ботту жапырт блоктошту.

Жасалма интеллекттин бул түрү музыка жаратып, адамдын добушун жасап, дагы толгон токой ишти аткара алгандыктан жазуу, сүрөт тартуу, программалоо менен алектенгендердин жашоосуна да коркунуч жаралды. Мындан улам Голливуддагы актерлер менен сценарий жазуучулардын бир нече айга иш таштоосуна дагы түрткү болду.

Айрым окумуштуулар жасалма интеллект адамзаттын келечегине коркунуч жаратарын эскертип жиберишти. Башкалары бул кооптонуулар апыртылган дешүүдө. ChatGPTни ойлоп тапкан Open AI компаниясынын негиздөөчүсү Сэм Альтман жасалма интеллекттин пайдасы жакырларга көбүрөөк тиет деген пикирде.

"Бул технологиялык революция баарын алдыга карай жылдырат. Бирок баарынан дагы жакырларга жардамы көбүрөөк тийет. Маселен, азыр мыкты медициналык тейлөө дүйнөдөгү колунда жокторго жеткиликтүү эмес болушу мүмкүн. Жасалма интеллекттин жардам менен жакырлар мыкты медициналык кеңештерди бекер ала алышат. Билим берүү тармагын алсак деле ошондой. Азыр бир гана байлар мыкты билим алууга шарты бар. Эгер биз билим берүүнү бекер деңгээлге жеткире алсак, бул байларга караганда жакырларга пайдалуураак болот", - деген Альтман.

AI же болбосо жасалма интеллекеттин коопсуздугу боюнча Британияда ири жыйын өтүп, анын жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды. PitchBookтун статистикасына караганда, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча жасалма интеллектти түзүү менен алектенген стартаптарга жалпысынан 21,4 миллиард доллар жумшалган. Салыштыра кеткенде, 2022-жылы жалпысынан 5,1 миллиард инвестицияланган.

Ал эми 2024-жылдын соңунда OpenAI компаниясы Chat GPT-5ти чыгарары күтүлүүдө. Ал буга чейинки чат ботторго караганда кыйла кенен мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Адистер ошондой эле Google компаниясынын 2023-жылдын декабрь айында чыгарган Gemini чат ботунун өнүгүүсүнө дагы тыкыр көз салышууда.

Chat GPTнин азырынча башкы атаандашы деп саналган бул чат бот математикалык оор тапшырмаларды аткарып, аудиону текстке айлантып, суроолорго тагыраак жооп берет.

Бирок айрым талдоочулар 2024-жылы жасалма интеллекттин айланасындагы уу-дуу бир аз басаңдарын айтышууда. Буга жасалма интеллекттин айласындагы юридикалык чектөөлөр дагы жолтоо болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Айдагы жарыш

2023-жылы Индия Айдын түштүк уюлуна өз аппаратын кондурган алгачкы, ал эми жалпы эле Айга конгон төртүнчү мамлекет болду. Буга чейин мындай миссияны Советтер Союзу, АКШ жана Кытай гана ишке ашырган. Алардын аппараттары Айдын экваторуна конуп келген.

Андан эки күн мурда эле Орусиянын жарым кылымдан берки Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калган. Индиядан озунуп, Айдын түштүк уюлуна биринчи болуп конууну көздөгөн Москванын "Луна-25" космос кемеси Айдын бетине кулап түшкөн.

Айдын түштүк уюлуна кызыгуунун башкы себеби, ал жакта муз түрүндөгү суу болушу мүмкүн. Андай болсо, сууну химиялык жактан ажыратып, ракета үчүн отунга айлантса болот.

Эксперттердин эсебинде, Индия буга анчейин көп деле акча сарптаган эмес. Миссиянын жалпы наркы 75 миллион долларды түзгөн.

Ай миссиялары 2024-жылы да уланары күтүлүүдө.

1970-жылдардан бери алгачкы жолу НАСА Айга адам жиберүүнү көздөп жатат. Тактап айтканда, "Артемида II" миссиясынын алкагында "Орион" космос кемесинин бортунда төрт астронавт-үч эркек жана бир аял Айды он күн ичинде айланып чыгышат.

Муну менен алар кийинки "Артемида III" миссиясынын пайдубалын түптөшөт. Анын алкагында Айга бир аял жана эркек астронавтты кондуруу планы иштелүүдө.

Кытай дагы 2024-жылы өзүнүн «Чанъэ-6» миссиясын Айга жөнөтүүнү көздөп жатат. Ал Айдан кандайдыр бир үлгүлөрдү чогултууга багытталат. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, бул Айдын аркы бетинен үлгү чогулткан биринчи миссия болуп калат.

Жапониянын 2024-жылга пландаган Martian Moons eXploration миссиясы Марстын Фобос жана Деймос спутниктерин иликтейт. Ал Фобоско конуп, ал жактагы үлгүлөрдү чогултуп, Жерге 2029-жылы кайтып келет.

Андан тышкары НАСА өзүнүн “Клипер” деп аталган кемесин Юпитердин жандоочу Европага 2024-жылы жиберүүнү көздөп жатат. Анын максаты Европадагы жер алдындагы океанда жашоо бар-жоктугун аныктоо.

Космос демекчи, аксион деген кара материянын бөлүкчөлөрүн аныктоо боюнча эксперименттин жыйынтыктары 2024-жылы жарык көрөрү күтүлүүдө. Аксиондорду Күн чыгарып, кийин алар жарыкка айланат деген божомол бар. Бирок бул өтө майда бөлүкчөлөр жакшы изилдене элек. Анткени ал үчүн абдан сезимтал аспаптар жана күчтүү магнит талаасы зарыл. Азырынча муну BabyIAXO компаниясы Гамбургдагы күн телескобу аркылуу жүзөгө ашырууга киришип жатат.

2024-жылы окумуштуулар нейтрон бөлүкчөсүнүн чыныгы салмагын аныкташы мүмкүн. 2022-жылы окумуштуулар анын салмагы 0,8 электронвольт деп чыгарышкан. 2024-жылы бул сан такталышы мүмкүн.

Жасалма эмбрион, чиркей чыгарган завод, жаңы муундагы вакцина

Окумуштуулар 2023-жылы лабораториялык шартта жасалма түйүлдүк жарата алышты.

Адамзаттын эмбриону сперматозоид менен энелик клетканын кошулуусу аркылуу жаралып, жатынга жабыштырылса, анын “лабораториялык көчүрмөсүн” жаратуу үчүн мунун баары зарыл болгон жок.

Илимпоздордун айтымында, жасалма эмбрион адамзаттын эки жумалык түйүлдүгүнөн эч айырмаланбайт. Жасалма эмбрион кош бойлуулук үчүн тесттер аныктай ала турган гормондорду да бөлүп чыгарган. Алгачкы эки жума түйүлдүктүн андан аркы өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү.

Бул эксперимент үчүн эркектин уругу менен энелик клетканын ордуна өзөк клеткалары колдонулган. Жасалма эмбриондорду иликтөө генетикалык жана тукум кууган оорулардын пайда болуу себептерин аныктоого жардам берет деген үмүт бар. Ошондой эле жасалма уруктандыруунун же ЭКОнун жыйынтыктарын жакшыртууга жардам бериши мүмкүн. Бул эксперимент медиктерге эмнеге айрым эмбриондор өнүгүп, ал эми башкалары өнүкпөй каларын түшүнүүгө көмөктөшөт. Андан тышкары кош бойлуу кезде кайсы дары-дармектерди колдонсо болот деп текшерүүгө да жол ачат.

Саламаттык темасынан алыстабай, бул тармакта 2024-жылы күтүлүп жаткан жаңылыктар тууралуу азыноолак айта кетсек.

2024-жылы Бразилияда ооруларга каршы күрөшкөн чиркейлерди чыгарган завод ишке кирет. Тактап айтканда, чиркейлерге патогендик вирустардын жайылышын ооздуктаган бактериалдык штамм жуктурулат.

Муну менен илимпоздор денге жана зика вирустарынан 70 миллион кишини скатап калышы мүмкүн.

АКШ бийлиги кийинки муундагы үч вакцинаны сыноого каражат бөлөт. Эки вакцинанын башкы максаты - дем алуу органдарында иммунитет жаратуу менен жугуштуу илдеттерден сактоо.

Ал эми үчүнчү вакцина мРНК антителаларды жана Т-клеткалардын реакциясын күчтөндүрөт. Муну менен коронавирустун ар кандай варианттарына каршы узак мөөнөттүү иммунитет жаралат.

Ал арада 2024-жылдын май айында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму Пандемияга каршы күрөшүү боюнча макулдашуунун соңку долбоорун сунуштары күтүлүүдө. Ал документ дүйнөдөгү мамлекет бийликтерин болочоктогу пандемияларды алдын алууга жана алар менен күрөшүүгө даяр болууга багытталган.

Alef debuts Model компаниясынын учуучу автоунаасы
Alef debuts Model компаниясынын учуучу автоунаасы

Учуучу автоунаа, электромобилдердин тагдыры

Кошмо Штаттардын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы калифорниялык стартапка уча турган транспортту чыгарууга жана сыноого уруксат берди.

Alef Model A деп аталган бул электрондук транспорттук каражат кадимки автоунаалардай эле жолдо жүргөн, ошол эле маалда уча ала турган алгачкы аппарат экенин компаниянын башкы директору Жим Духовни айтты.

Маалыматка караганда, эки орундуу бул аппарат тик учуп, коно алат. Ал жерде саатына 40 чакырым жүрө алат. Ал эми ылдамдыкты тездетиш үчүн учуу керек. Компания аппаратты 2025-жылдын соңунда сатыкка чыгарууну көздөп жатат. Автоунаа 300 миң доллар турат

Учурда бир катар компаниялар тик учуп-конгон автоунааны чыгаруу багытында иштеп жатышат.

Ал эми 2024-жыл электромобил өндүрүүчүлөр үчүн оор жыл болуп калары күтүлүүдө. 2023-жылдын соңунда GM, Tesla жана Форд компаниялары электромобилдердин өндүрүшүн кеңейтүү планынан баш тартышты. Талдоочулар 2024-жылы деле бул тармакта кырдаал оор болорун боолгоп жатышат. Алардын эсебинде, 2024-жылы электромобилдер базарында соода дээрлик токтойт.

Threads жана X

2023-жылдын жайында Фейсбук жана Whats Аpp социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган "Мета" компаниясы жаңы Threads деген аталыштагы сервисин ишке киргизди. Социалдык түйүн иштей баштаган алгачкы беш күн ичинде ага 100 миллиондон көп адам катталып, буга чейинки Open AI дын рекордун басып өттү. Бирок үч жумадан кийин бул колдонуучулардын жарымынан көбү чыгып кеткен. Буга издөө функциясынын жана веб версиясынын жоктугу себеп болгону айтылууда. Ал мурунку Твиттер, азыркы X менен түз атаандаш болору айтылган.

Жаңы тиркемеде 500 символдон турган билдирүүлөрдү жазса болот. Ошондой эле узундугу беш мүнөткө жеткен видеолорду, сүрөттөрдү жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бар. Эксперттердин пикиринде, Илон Маск киргизген жаңы эрежелерге ичи чыкпаган Твиттердин колдонуучуларынын көбү жаңы социалдык түйүнгө өтүп кетиши ыктымал.

Былтыр Твиттердин башына келген Маск дароо эле компаниянын топ-менежерлерин иштен алып, андан кийин кызматкерлердин 80% кыскарткан.

Июль айынын башында бекер аккаунттар күнүнө окуй алчу посттордун санына чектөө киргизген. 2023-жылдын октябрь айында Маск Твиттердин аталышын X деп өзгөрттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG