Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:50

"Аюу таптаган калк". Айтматов жазган нивхтер


"Нивх " - "адам". Амур жээги менен Сахалин аралдарын жердегендер.

Амурдун бою менен Сахалин аралдарын жердеген түпкүлүктүү калктар тууралуу “Майда элдер маржаны" долбоорунда Сибирди жердеген калктардын тарыхый тагдыры жана учурдагы көйгөйлөрүн айтып беребиз.

Тээ алмустактан бери Сахалин аралдары менен Амурдун төмөнкү алабында жашаган элди "гиляктар" дешчү, анысын "кайык" деген уңгудан чыккан сөзгө байланыштырчу. "Саны өтө аз, турмушу начар, тегерек чети аңгыраган ай талаа" деп коюшчу.

Орус нивхтери тууралуу кабарды оболу 1644-жылы Амур дарыясы башталган жерге чейин жеткен Василий Поярков маалым кылган. Ал эми майда калктар тууралуу этнографиялык очерк капитан Геннадий Невельскойдун каламына таандык. Ал 1849-жылы Сахалин арал экенин, жайылып аккан Амур дарыясы кеме жүрүүгө ыңгайлуу экенин ырастаган.

Невельской "гиляктар" деген калк "жарым жапайы", "каны кызуу жоокер эместигин" билдирген. "Баары чогулуп топ-топ болуп" жашайт, "бир жерде 15тен 200гө чейин жан чогуу тирилик кылат; ортого очогу коюлган шоңшогой боз үйлөрдүн боорунда жумшак жылуу текчелери болчу, үйдү ортодогу меш менен сыртка чыгарылган мор жылытчу" деп жазган. Невельской сүрөттөп жаткан “боз үй" – нивхтер кыштап чыкчу жай ("то-раф"); жайкы үйү жерден бийик көтөрүлүп ууктар менен кармалып турчу ("ке-раф"). Аны, жайкы боз үйдү Невельской керектүү кампа деп түшүнүп алган.

Нивхтердин кышкы үйү. Түштүк-Сахалин.
Нивхтердин кышкы үйү. Түштүк-Сахалин.

"Күнгө кургатылган ... балыкты юколо деп аташат; түндүктө жашаган элдердин эң негизги азыгы мына ушул катырылган балык, бизде туз менен нанды кандай барктасак, буларда балык ошондой" деп жазган Невельской.

Адатта юколону горбуша же кет, айрым учурда наваги, камбала балыгынан жасашат... Нивхтердин дагы бир иши – деңиз жырткычтарына аңчылык кылуу. Аны азык катары колдонушкан, иттерине беришчү.

Невельской нивхтин үйүнө каалаган адам, атүгүл чоочун адам деле жашап алса болорун белгилеген. Бирок үй ээси келгинге үйдө жасалчу милдеттерди түшүндүрүп берет, кожоюн мейманы каада-салтты кантип сактаганын байкап турат – "келген адам сөрүдө жатканда башын дубалга жөлөбөшү керек, анан да үйгө кирген адам очоктогу отту сыртка алып чыкпашы керек". Салтты сактабаган конокту үйдөн чыгарып коюшат, андайды башкалардын коноктоого акысы жок. Ыраакы Чыгышты изилдеген Владимир Арсеньев кийин мына ушул жосунду алгачкы коомдук коммунизм деп атаган. Биртоп каада-салттардан "гиляктар" Невельскойдун тушунда көп кыйыктанбай баш тартышкан.

Кайсы бир Паткен орустар картөшкө өстүрүп, андан өлбөй жүргөнүн көрүп, («Алардын түшүнүгүндө жерди тээп, ага бир нерсе отургузган адам ошол замат өлүшү керек») жер иштетүүнү чечкен.

“Кайсы бир Паткен орустар картөшкө өстүрүп, андан өлбөй жүргөнүн көрүп ("Алардын түшүнүгүндө жерди тээп, ага бир нерсе отургузган адам ошол замат өлүшү керек") жер иштетүүнү чечкен. Невельскойдун аялы Паткендин келинчеги менен жөөк салып картөшкө отургузган. "Паткендин үй-бүлөсү картөшкө көтөрүлүп чыкканда... ал казылып алынгандан кийин кыштакта картөшкө жегендердин бирөө да өлбөгөнүн көргөн Екатерина Ивановнаны ушундай алкоого алышкан", - деп жазган нивхтер үчүн кайсы бир деңгээлде Колумб болуп калган Невельской.

1854-жылы Амур башталган жерден "Паллада" кемеси менен жазуучу Иван Гончаров өткөн. Гиляктарды ал кыскача гана үстүрт эскере кеткен: "Чыкылдаган чилденин 36° суугунда бул адамдар кар алдындагы коңултукта баары чогулуп, арасында эмчектеги баласы менен энелер уктай беришкенин айтышты, үшүп кетсе чегедектерди жагып жылынып алышат экен, жыгач деген бул жерде абдан көп го. Балык, өсүмдүктүн тамырын (сарымсакты) жешет экен. Балыгы да, сарымсагы да аз, жашоосу өтө кыйын, аңгыраган боштуктан башка эч нерсе жок".

Чехов менен Муракамиден этнография жана порнография

1890-жылы жай бою Сахалинде болгон Антон Чехов нивхтер тууралуу биртоп маалыматтарды жазып калтырган.

"Сахалин аралы" китебинен: "Болжолдо гиляктардын ата конушу Сахалин аралы эле болгон окшойт, кийинчерээк алар жакын турган кургак жерлерге көчүп өтүшсө керек, антишке түштүктөн чыккан айналар мажбур кылган болушу мүмкүн. Айналар Жапаниядан келишкен, айналарды жапандар кысымга алып жер которууга мажбур болушкан... Гиляктар монгол же тунгус урууларына кирбейт, башка бир белгисиз уруудан, мүмкүн ал уруулар учурунда күжүлдөп күчтүү чыккан болуу керек, жайылып жаткан Азиянын кубаттуу башкаруучуларынан болгондур, эми болсо кичине жерде бир кездеги жайдары, жапакеч калк акыркы кылымдагы жашоосун кечирип жатат".

Нивхтердин кайдан чыкканы тууралуу окумуштуулардын талашы ушу кезге чейин токтоло элек.

Нивхтер саны тууралуу бири-бирине кошпогон маалыматтарды салыштыра отуруп (1856-жылдагы 3270 менен 1889-жылдагы 320 ортосундагы айырма – кайсы жерде бир нөлдү унутуп калдык экен?) Чехов минтип жазган: «Жалаң сандарга ишенсек, дагы бир 5 – 10 жылдан кийин Сахалинде бир да гиляк калбайт".

Буга улай жазуучу момундай түшүндүрмөнү калтырган: "Ведомосторду… эч кандай практикалык даярдыгы, илимий жөндөм шыгы жок кеңседе отургандар түзүшөт ".

2010-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы өзүн нивхмин дегендер 4652 адам экенин көрсөттү. Нивхтердин сырт келбетин Чехов минтип сүрөттөйт: "Бети… тегерек, жайык, ай жылдыздуу, саргылт түс, кең ийин, жүзүн жуубайт, көзү жүлжүк, суюк, сербейген сакалдуу; чачтары сыйда, капкара, катуу, өрүп желкесине таштап коёт. Жүзүнөн жапайылыктын изин байкабайсың; кунт коюп караган, аз сүйлөгөн, маңыроо-кызыгуу… Гиляктын дене түзүлүшү чымыр, кең далылуу; орто бойлуу, кээде кыска бойлуу… Арык, бирок тарамыштуу, бели ипичке; ынтыккан семиз же очорулуп баса албай калган гилякты көрбөйсүң. Сахалиндин нымдуу суук абасында жашаган адам өзүн жылуу сезиши үчүн майлуу тамак жеши керек, май жылуулукка зарыл. Эмнеликтен гиляк майлуу тамакты көп жешинин себеби ушуга байланыштуу болушу мүмкүн. Майы килкилдеген түленди, кызыл боор балыкты, осетр, киттин майын, этти каны менен сугунуп, майлуу тамакты кам, кээде кургатып, анан да тоңдурулган түрүндө жешет... Айрым бир учурларда гана эт менен балыкка манжур сарымсагы, жер-жемиш кошулат".

“Башкалардын үстөмдүк кылышын, бийлигин тааныбаган калк, мүмкүн буларда "улуу", "кичүү" түшүнүгү деле жок".

Чеховдун ырасташынча, гиляктын кийими "суук, нымдуу, ыкчам өзгөрүлүп турчу климатка" ыңгайлашкан, ээн-эркин басып-турсун деп тигилген. “Көйрөңдүк" үчүн кээде гиляктар абакта жаткандардын кийимдерин кийип алышат. "Эч качан жуунушпайт"; "ич кийимин жуушпайт, териден тигилген кийими менен ултарган чарыгын карап турсаң, качанкы өлгөн иттин терисин сыйрып жамынып алгандай таасир калтырат ".

Гиляктар өздөрү "сасып, жашаган үйлөрүнөн бүксүгөн балыктын жыты келип турат". Аялдар менен балдар тамеки түтөтүп турганын көрөсүң. Невельскойду улап Чехов да нивхтер "чогоол эместигин, уруш-жаңжал, мушташты жактырбай, коңшулары менен ынтымакта жашарын" белгилеген. Тапшырылган ишти "нивхтер кечиктирбей аткарышат", берген убадасына бекем, уурулук кылбайт. Нивхтердин коммунисттик (же анархистик?) жашоо ыңгайына байланышкан дагы бир байкоо: “Башкалардын үстөмдүк кылышын, бийлигин тааныбаган калк, мүмкүн буларда "улуу", "кичүү" түшүнүгү деле жок".

Чехов нивхтерде аздыр-көптүр көп аял алуучулук таралганын белгилеп, "үйлөнүү, мисалы, ичимдиктен ашып кеткен маанилүү иш эместигин" жазган. Аял маселесине келгенде гиляк аны өзүнөн төмөн турган бир бечара же буюм катары эсептейт, буга келгенде кулчулукту айыптабайт, кадыресе бир көрүнүш катары карайт.

Чеховдун этнографиялык жазмалары ойдо жок жерден кызыгуу жаратты. 2003-жылы Сахалинди кыдырган Харуки Мураками Чеховдун китебин окуп, кийин болсо анын нивхтер тууралуу жазгандарын "1Q84" романында калаты контекстте пайдаланган.

Санги нивхтер үчүн акындан бийик

1897-жылы Сахалинде болуп келген Влас Дорошевич нивхтер тууралуу текеберсинип: "Шөмтүрөгөн бечара жапайылар, акыл-эс, адеп-ыйман жагынан Тайгадагы жолдош-жоролорунан (аюулардан) анчалык деле ашып кетпеген пенделер" деп жазган.

Рувим Фраерман "Васька-гиляк" (1932) деген повестиндеги баш каарманын биралды аяп, жан тартып сүрөттөгөн. "Гиляк калкы кайраттуу, деңиз менен саякатка көнгөн адамдар" экенин Николай Задорнов "Алыскы жер" (1949) романында баяндаган. Нивхтердин жашоо-турмушу Геннадий Гордун "Алыскы дарыянын боюнан келген уланында" (1955) чагылдырылган.

Советтик авторлор майда калктар тууралуу Дорошевич же Чеховго караганда этият, сый мамиледе жазышкан. Революцияга чейин ээн-жайкын колдонулган "жапайылар", "туземдер" сындуу сөздөр саясий жагынан ката эсептелинип (анын ордун "түпкүлүктүү аз сандуу калктар"), "гиляктар" деген сөз да четке сүрүлгөн. Бирок Дорошевич да, Фраерман да, бири экинчисине коошпогону менен, баарысы – сырттан келген көз караш болчу. Нивхтер үчүн башка үн – өзүнүн үнү маанилүү болчу. Анын үстүнө совет заманында аз сандуу калктарда өзүнүн жазуусу чыкпадыбы. Сөздүн тикелей, каймана маанисиндеги биринчи нивх жазуучусу Владимир Санги 2020-жылдын март айында ал 85 жылдыгын белгиледи. Жазуучу Сахалинде нивхтердин айылында жарык дүйнөгө келген. Ленинградда окуган. Нивх жана орус тилдеринде жазат: "Нивх аңыз кептери", "Туздуу тамчылар", "Кевонгдордун үйлөнүүсү", "Айлык жүрүш"…

Бир жолу ал Чыңгыз Айтматовго балалыгы жөнүндө айтып берген - "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести ошондо жаралган.

Санги Москвада турчу, 1990-жылдары атаконушу Сахалинге келип, Кет уруусунун башчысы болуп шайланган. Санги – нивх жазма адабиятынын негиздөөчүсү, нивхтин орфографиясы, алиппеси окуу китептеринин ж.б. автору. Нивх маданияты үчүн ал Кирилл менен Мефодий, туңгуч басмаканачы Фёдоровдон ашса ашкан, асти кем калбаган эмгек сиңирген.

Сангинин "Ых-миф легендаларынан" (Сахалин): "Менин элимдин өткөнү, маданияты начар изилденген. Нивхтер биздин кылымга алгачкы жамааттык-уруулук мамиле катнаштарды алып келди. Мына ушул өзгөчөлүк окумуштуулардын кызыгуусун арттырып келатат. Кезинде Фридрих Энгельс нивхтерге кызыккан… Профессор Штернберг нивхтерден тууганчылык менен топтошуп үйлөнүүнүн классификациялык системасын тапкан…"

"Аюуну жардамчы катары иштетүүнүн ыгын үйрөнүп алышкан … Кышкы уйкуда жаткан аюуну ойготуп, көнүктүрүп, анан чанага кошкон".

Санги – нивх эл оозеки чыгармачылыгын жыйноочусу жана баалоочусу: "Менин төрт миңге жеткен калкымдын руханий турмушунун асылбаа мүлкү - жомоктор, тылгурлар менен нгастурлар. Мына ушуларда алардын ою, тилеги, багыт алган жолу, өткөнү менен бүгүнкүсү бажырайып ачылат… Алгачкы жамааттык коомдогу адамга баары оорчулук менен келген. Ар бир кадамы олчойгон оорчулук, өмүргө турчу коркунуч менен коштолгон... Ал жашоо үчүн күрөшчү, аңчылыктын жаңы куралдарын жасачу, жапайы жаныбарларды колго үйрөтчү, алардын баарын өзүнө жардамчы кылып алчу".

Учурунда Невельской гиляктар үйүндө аюу кармашарын жазган. Бул жырткыч нивхтерде дайыма өзгөчө сый-урматка ээ болчу. Кышында салтка айланган "аюу майрам" шаң-салтанат менен өтчү: аюуну жасап короодо жетелеп, тамак беришчү… – андан соң так сакталчу жосун менен өлтүрүшчү.

Санги: "Аюуга урмат-сый көрсөтүү байыркы ишеним менен жашаган калктардагы көп маанилүү, кенен-кесир таралган адат. Пилвонгун уруусундагы адамдар аюуну жардамчы катары иштетүүнүн ыгын үйрөнүп алышкан … Кышкы уйкуда жаткан аюуну ойготуп, көнүктүрүп, анан чанага кошкон".

Нивхтердин жайкы үйү.
Нивхтердин жайкы үйү.

Башка сибирлик жана ыраакы чыгыш элдериндей эле нивхтер анимисттик көз карашты карманышат, болгондун баарын жандуу катары көрүшөт – суу да, жер да, дарактар да жаны бар дешет... Сангинин маалымдашынча, шаманды керек кезде гана эстешкен: "Кимдир бирөө ооруп калат, дагы бирөөнүн жолу болбой калат же жут короодогу малды каптайт … Нивхтин ишениминде күчтүү шамандын колунан баары келет . Алар канаттуу болуп уча алат, жырткыч болуп жойлойт, көзгө көрүнбөй коюшат!"

Азыр нивхтерди жоголуп бараткан калктардын катарына кошууга болот – башкасын айтпаганда да, нивх тилинин толугу менен колдонуудан чыгып калышы жагдайдын кандайлыгын көрсөтөт.

"Тил" дегендин алмустактан бери келаткан мааниси "эл" дегенди түшүндүрөт. Владимир Санги – нивхтердин биринчи гана жазуучусу эмес, кыязы, соңку сүрөткери катары калышы ыктымал. Өкүттүү арман ушул, кийинки 20 – 30 жыл аралыгында тил жоголду. Азыр ал тилде Сангинин өзүн кошкондо бир нече адам гана сүйлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG