Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Тажикстан: белгилүү инсандардын сөөктөрү көчүрүлдү


Душанбенин чок ортосундагы Айни атындагы сейил бакта оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.
Душанбенин чок ортосундагы Айни атындагы сейил бакта оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

Тажикстанда белгилүү ишмерлердин сѳѳгү казылып алынып, башка жайга жашырылды. Бийликтер мындай кадамга маркумдар коюлган жайды паркка айлантуу аракетинен улам барган. Бул жөрөлгө маркумдардын жакындарынын макулдугу менен ишке ашырылганын ѳлкѳ бийлиги билдирүүдѳ. Анткен менен сѳѳгү кѳчүрүлгѳн айрым ишмерлердин жакындары мындай чечимден кабарсыз калганын айтып, нааразы болушууда.

Өткөн аптада Тажикстандын баш калаасы Душанбедеги Айни атындагы сейил бакта орун алган көрүстөндөн бир нече мамлекеттик ишмердин сѳѳгү башка жайга кѳчүрүлдү. Булардын арасында мурдагы жогорку даражадагы жетекчилер Жаббор Расулов, Бобожон Гафуров, эл акындары Боки Рахимзода, академик Мухаммад Осими, окумуштуулар Камол Айни менен Мукадимм Ашрафи бар.

Совет доорундагы Тажикстандын жетекчиси Жаббор Расуловдун жээни Ирина Тихонованын айтымында, таятасынын сѳѳгү башка жайга которулары тууралуу маркумдун балдары жана неберелери кабарсыз калган. Буга нааразы болгон Тихонова пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты:

- Душанбеде таятамдын сөөгүн жашыруун казып алышып, башка жакка көмүштү. Бул тууралуу жакын туугандарына, балдарына жана неберелерине эскертилген жок. Мен бул жөнүндө албетте апам Ланага айтпайм, анын кандай кабыл аларын элестете да албайм, - деп жазды Ирина Тихонова.

Ошондой эле Жаббаровдун урпактары буга байланыштуу Душанбенин бийлигин сотко берүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду.

Ал эми Тажикстандын президентинин социалдык өнүгүү жана коомдук байланыш боюнча жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода бул дооматтарды четке кагып, Илимдер академиясынын кызматкерлери Жабор Расуловдун Москвада жашаган кызы менен байланышканын айтты:

- Ал уруксат берген. Расуловдун башка туугандарына өлкөнүн мурдагы жетекчисинин сөөгү Лучоб көрүстөнүнө көчүрүлөрү эскертилген.

Абдужаббор Рахимзода, тажик президентинин жардамчысы.
Абдужаббор Рахимзода, тажик президентинин жардамчысы.

Ал эми сѳѳгү кѳчүрүлгѳн акын Боки Рахимзоданын кызы Сурайенун айтымында, чечим жайында эле кабыл алынып, аларды мэрияга атайын жыйынга чогултушкан. Ал жактан туугандар уруксат беришкен:

- Бирок биз көчүрүү иш-чарасына бардык туугандар чакырылат деп күткөнбүз. Бийлик жашыруун, качан болорун айтпай эле сөөктөрдү казып алып, башка жакка көмүп койду. Менин агам мунун себебин шаар бийлигинен сураганда бул окуяны жалпы журтка жар салып, маалымат каражаттарынын чагылдырышын каалашпаганын айтышкан.

Тажикстандын чыгаан ишмерлеринин сѳѳгү Душанбедеги Садриддин Айни атындагы сейил бактагы кѳрүстѳнгѳ коюлган эле. Бул жай 1958-жылы негизделген. Ошол маалдан бери сейил бактын борбордук бѳлүгүнѳ ѳлкѳгѳ эмгеги сиңген адамдардын сѳѳгү коюлуп келген. Алардын арасында тажик маданиятынын негиздѳѳчүсү саналган Садриддин Айнинин күмбѳзү да жайгашкан.

Садриддин Айнинин мавзолейи.
Садриддин Айнинин мавзолейи.

Быйыл тажик бийликтери аталган сейил бакты оңдой баштады. Анын алкагында парк эс алуучу жай катары ѳзгѳрѳт. Ошондуктан Садриддин Айниден башка ишмерлердин сѳѳгүн кѳчүрүү чечими кабыл алынганын Душанбе шаардык бийлигинин ѳкүлү Обид Назаров «Азаттыкка» билдирди:

- Парк деген көңүл ачуучу жай эмеспи. Бул жакка эл эс алганы, сейилдегени келишет. Мындан ары Айни паркы дал ошондой жай болот.

Ал эми атактуу инсандардын сөөктөрү Лучоб көрүстөнүнө жерге берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG