Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө баяндама жасады


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө атайын баяндама жасады. Бейрасмий жолугушуу Беларустагы маалымат каражаттарынын эркиндигине арналды.

БУУнун атайын баяндамачысы Беларустагы журналисттер бирикмесинин маалыматына таянып, 2020-жылы Минск жана башка шаарларда 450дөн ашык журналист кармалып, жүзгө жакыны камакка алынганын билдирди. Өлкөдө 50дөй интернет барак жабылган.

Тихановская жолугушууда сүйлөп жатып, эл аралоык коомчулукту камактагы журналисттерди бошотууга салым кошууга чакырды.

Ошондой эле беларус оппозициясынын өкүлү БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүп, Беларустагы кырдаалды талкуулоого үндөдү.

Былтыр 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларына каршы Беларус коопсуздук кызматтары күч колдонуп, миңдеген кишилер, арасында медиа кызматкерлери кармалган, бир тобу жаракат алган.

Европа Биримдиги жана АКШ өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун кайра шайланышын жарыялаган расмий жыйынтыкты тааныган эмес жана өлкөдөгү куугунтуктоолорго байланыштуу расмий Минскиге каршы санкцияларды киргизишкен.

Лукашенкого атаандаш чыккан Тихановская шайлоодон кийин башка өлкөгө бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG