Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Беларус оппозиция лидери Тихановская Берлинде Христиан-Демократиялык Биримдик партиясынын курултайында чыгып сүйлөдү


Светлана Тихановская өзүнүн саясий кеңешчиси Франак Вячорка менен. 20.10.2020.
Светлана Тихановская өзүнүн саясий кеңешчиси Франак Вячорка менен. 20.10.2020.

Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркелдин Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын курултайына Беларус оппозициясынын лидери, 2020-жылы 9-августта Александр Лукашенкого каршы атаандаш талапкер болуп чыккан Светлана Тихановская да конок катары чакырылып, анда чыгып сүйлөдү.

ХДБнын Берлинде онлайн өткөрүлгөн эки күндүк курултайында оболу Австриянын премьер-министи Себастьян Курц куттук сөз айтты.

Андан соң чыгып сүйлөгөн Светлана Тихановская немис саясатчыларына Лукашенконун режими боюнча Бундестаг кабыл алган резолюцияларды колдогондуктары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал ХДБ курултайында ким лидер болуп чечилгендигине карабастан, бул партия Беларустагы эркиндик менен демократияны колдоосун уланта берет деп ишенээрин баса белгиледи.


Бозгундагы Тихановская соңку айларда Германияга бир нече ирет келип, мында канцлер Ангела Меркел жана башка германдык жетекчилер, Бундестагдагы ар кыл фракциялардын башчылары менен жолугушту. Германиянын социал-демократтары Беларустагы кесиптик кошуундардын кыймылына колдоо көрсөтүп келет, жашылдар болсо саясий камактагыларды колдоого алууда, ал эми ХДБ партиясы Беларустагы саясий көйгөйлөрдү Евробиримдиктин деңгээлинде козгоого салым кошуп келет.

Тихановскаянын саясий кеңешчиси Франак Вячорка “Немис доошу” (Deutsche Welle) каналына курган маегинде Германиядагы оңчул популисттик “Германиянын атаандаш нугу” партиясы гана беларус оппозициясына ишениңкиребеген маанайда мамиле кылат, деп билдирди.


ХДБ курултайы 16-январда партиянын төрагалыгына Армин Лашет (Armin Laschet) мырзаны шайлаган. 59 жаштагы Лашет өлкөнүн калк жыш жайгашкан Түндүк Рейн – Вестфалия аймагынын премьер-министри болуп иштеп келген. Лашет мырза эми күзүндө парламенттик шайлоо аркылуу өлкөнүн өкмөт башчысы үчүн күрөшкө ат салышаары күтүлүүдө. (TT)

XS
SM
MD
LG