Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Германиядагы Христиан-Демократиялык Биримдиги партиясын Армин Лашет жетектеп калды


Германиянын Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын жаңы төрагасы Армин Лашет. Берлин. 2021-жылдын 16-январы.
Германиянын Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын жаңы төрагасы Армин Лашет. Берлин. 2021-жылдын 16-январы.

Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркелдин Христиан-Демократиялык Биримдиги (ХДБ) партиясынын төрагалыгына 16-январда Армин Лашет (Armin Laschet) шайланды. 59 жаштагы Лашет өлкөнүн калк жыш жайгашкан Түндүк Рейн – Вестфалия аймагынын премьер-министри болуп иштеп келген.

Анын негизги атаандашы – бир кезде Ангела Меркел менен да өкмөт башчылыкка атаандашып чыккан консерватордук көз караштагы саясатчы Фридрих Мерц (Friedrich Merz) болду. Ал бир учурда ХДБ партиясынын бундестагдагы фракциясын жетектеп турган.

ХДБ партиясынын эки күндүк курултайы видео жыйын түрүндө өткөрүлүп, добуш берүүнүн экинчи айлампасында Лашет менен Мерцтин бири тандалышы керек болгон жана добуш берүүнүн жыйынтыгында Лашет жеңишке ээ болду. Лашет үчүн 521 добуш, ал эми Мерц үчүн 466 добуш берилгендиги кабарланды.

Армин Лашет.
Армин Лашет.

Эми Лашет мырза жыл соңунда Меркел айым кызматынан кеткенде өкмөт башчылыкка партиянын атынан талапкер боло алат.

Шайлоо онлайн түрүндө эмес, электрондук почта аркылуу добуш жөнөтүү түрүндө өткөрүлдү. Анткени онлайн добуш берүү түрүнө азырынча Германиядагы партиялар жөнүндөгү мыйзам уруксат бербейт.

Лашет эми жакынкы келечекте партия жергиликтүү шайлоолордо жеңип чыгышы жана канцлердик кызматты сактап калышы үчүн бар күчүн жумшай тургандыгын айтты. Ал 2012-жылдан бери өз партиясынын жетекчисинин орун басары болуп келген.


Эми сентябрда жалпы мамлекетте парламенттик шайлоо өтөт. Удаа төрт жолу өкмөт башчы болуп келген Меркел айым бул шайлоого катышпай тургандыгын былтыр алдын-ала жарыялаган. 2018-жылы Ангела Меркел ХДБ партиясынын жетекчисинин орунун Аннегрет Крамп-Карренбауэр айымга бошоткон, бирок бул айым 2020-жылы февралда бул кызматтан баш тарткан.

Андан бери COVID-19 илдетинин айынан ХДБ партиясынын курултайы эки жолу башка мөөнөткө кечеңдетилген.

Акыры бул партиялык курултай 15-16-январда онлайн түрүндө өткөрүлдү. (TT)

XS
SM
MD
LG