Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Германияда тажик жараны жети жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда сот баш калка сурап жүргөн тажик жаранын «Ислам мамлекети» террордук уюмуна мүчө болгону үчүн жети жылга эркинен ажыратты.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Равшан Б. террордук уюк түзүүгө байланыштуу шек саналып жаткан тажикстандыктардын тобун жетектеген.

31 жаштагы Равшан Б. коюлган айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, өкүм чыгарылардын алдында кечирим сурап, «өкүнөрүн» айтты.

Ал «Ислам мамлекети» террордук уюмунун бөлүмүнө акча табыш үчүн башка тажик жарандары менен кошо бир орусиялыктан буюртма алып, Албанияга 40 миң долларга киши өлтүрүү үчүн барган.

Ал жактагы пландары ишке ашпай калып, Германияга кайтып келишкен. Кийинчерээк Дюсселдорф шаарына жакын жерде исламды сындаган бир кишини өлтүрүү ниетинде болушкан деп шек саналууда.

Прокуратура билдиргендей, алар парапландарды жана батперектерди колдонуу менен Германияда террордук чабуулдарды уюштурууну көздөшкөн. Топтун башка мүчөлөрү өз сот жүрүмүн күтүп, убактылуу абакта отурушат.

XS
SM
MD
LG