Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Шульц 100 жашында дүйнө салды


Жорж Шульц
Жорж Шульц

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, «кансыз согуштун» аякташына салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер Жорж Шульц 100 жашында көз жумду. Бул тууралуу кабарлаган Гувер институту маркумду «үч президент тушунда кызмат аркалаган таасирдүү саясатчы» деп сыпаттады.

Шульц президент Роналд Рейган бийликте турганда 1982-89-жылдары Мамлекеттик департаментти жетектечү. Жогорку 4 кызматты ээлеген эки саясатчынын бири болгон. Президент Ричард Никсондун тушунда ал финансы, андан кийин эмгек министрликтерин жетектеген, бюджет комитетинин директору болгон. Башкы дипломаттын бул кызматтагы алгачкы жылдары СССР менен түрдүү маселелерден улам тиреш заманына туура келген.

СССРде Михаил Горбачев бийликке келгенде Шульц Рейганды советтик лидер менен жакшы мамиле түзүүгө көндүргөн. Мамкатчы Палестина - Израиль жаңжалын жөнгө салууга көп аракет жумшап, 1980-жылдары Ливандагы кандуу жарандык согуштун аякташына салым кошкон.

Саясаттан кеткенден кийин маркум Стэнфорд университетиндеги Гувер институтунда эмгектенген. Кээ бир республикачыл саясатчыларга расмий эмес кеңешчи болгон.

XS
SM
MD
LG