Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Импичмент соту: Трамп бул жолу да акталды


АКШ Сенатынын Д.Трампка импичмент жарыялоо маселесин караган отуруму. 13.2.2021.
АКШ Сенатынын Д.Трампка импичмент жарыялоо маселесин караган отуруму. 13.2.2021.


АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трампка карата импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү өзүнүн бешинчи күнү, 13-февралда, аны актап чыгуу менен аяктады.

Мурдагы президентке быйыл 6-январда Капитолийге чабуул коюп, ичине чейин кирип, кыйла тополоң кылган анын тарапташтарын ал атайылап козголоңго шыкактаган билдирүүлөр менен байма-бай чыгып козуткан деген олуттуу доо коюлган болчу.

Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана көз карандысыз сенаторлор, мурда күтүлгөндөй эле, Трампты айыптуу деп расмий табуу үчүн кошумча 17 республикачы сенаторду өздөрүнө тарта алышкан жок. Аларды 7 гана республикачы сенатор колдоп чыкты.


Добуш берүүнүн бул жыйынтыгы, теория жүзүндө, Трампка 2024-жылы АКШнын президенттигине кайрадан талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берет.
Бирок Сенаттагы 50 демократ жана көз карандысыз сенаторлор менен кошо жети республикачынын кошулуп, Трампты айыптуу деп эсептээрин билдиргендигинин өзү эле 13-февралдагы добуш берүү өлкөнүн президентине карата импичменттик сот жүрүмүнүн тарыхындагы ар кыл партиялардын өкүлдөрү пикирдеш чыккан айырмалуу добуш берүү окуясы катары бааланууда.

Капитолийдеги Трамптын тарапташтарынын тополоңу. 2021-жылдын 6-январы.
Капитолийдеги Трамптын тарапташтарынын тополоңу. 2021-жылдын 6-январы.

Трампты актаган добуш берүүдөн кийин дароо эле Сенаттагы азчылыктын лидери, кентуккилик республикачы Митч МакКоннелл мурдагы президент жөнүндө катуу сын пикирлерин айтып чыкты. Бул – Трампка катуу моралдык соккуга тете болду.

Ал эми Трамп Сенатта өзү акталып чыккандан кийин бул окуяга карата кескин турумун билдирип, экинчи импичмент далаалатын АКШнын тарыхындагы "мастенге аңчылыктын эң ири аракеттеринин кезектеги баскычы" деп баалады.
Трамп мырза 6-январда Капитолийге кол салган өз тарапкерлеринин тобун эч кандай айыптоону камтыбаган өз билдирүүсүндө: "Американы кайрадан Залкар кылып жаратуу үчүн биздин тарыхый, мекенчил жана татынакай кыймылыбыз жаңыдан гана башталды", – деди.

Капитолийге кетчү жолдогу көпүрөнүн үстүндө "(Сотто) айыпта же шериктеш бол" деген сөздөр жазылган ураан илинип турат. Вашингтон. 2021-жылдын 9-февралы.
Капитолийге кетчү жолдогу көпүрөнүн үстүндө "(Сотто) айыпта же шериктеш бол" деген сөздөр жазылган ураан илинип турат. Вашингтон. 2021-жылдын 9-февралы.

Азыркы президент Жо Байден болсо бул окуя АКШнын тарыхындагы кайгылуу бап болуп калаарын айтып, «демократиянын назиктиги» жөнүндө эскертти. «Рейтер» кабар агенттигинин маалымдашынча, Байден ар дайым «сак болуп, демократияны коргоп калуу» керек, ал эми «Америкада зомбулук менен ашынгандыкка эч жол жок», деп баса белгиледи.

Байден Трампты айыптуу деп табуу сунушун жактаган 57 сенатордун ичинде рекорддук көрсөткүчтө – жетиге чейин жеткен республикачы да болгондугун айрыкча белгилеп айтты.

Бирок Трамп бул жолу дагы акталып чыкканы менен баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калды. (TT)

XS
SM
MD
LG