Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Орусия коронавируска каршы үчүнчү вакцинасын каттоодон өткөрдү


Москвада коронавируска каршы эмделип жаткан адам. 18-январь, 2021-жыл.
Москвада коронавируска каршы эмделип жаткан адам. 18-январь, 2021-жыл.

Орусия өзүндө чыгарылган коронвируска каршы үчүнчү вакцинасын сыноонун бардык баскычынан өтө электе эле каттады. Премьер-министр Михаил Мишустин Орусия «үч вакцина чыгарган дүйнөдөгү жалгыз өлкө экенин» айтты.

Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасынын алгачкы 120 миң дозасы мартка чейин өндүрүлөрү күтүлүп жатат.

Жыл соңуна чейин «КовиВактын» 20 миллион дозасын чыгаруу пландалууда.

Чумаков атындагы борбордун окумуштуулары бул вакцина коронавируска 90% туруштук бере аларын айтышууда. Бирок сыноонун үчүнчү баскычы апрелден эрте башталбай тургандыгы да маалымдалды.

Былтыр августта Орусия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы «Спутник V” вакцинасын катоодон өткөргөн. Ал дагы сыноонун үчүнчү баскычынан өтө электе эле кабыл алынгандыктан, эл аралык илимпоздор анын коопсуздугунан жана натыйжалуулугунан күмөн санашкан.

Кийинчерек The Lancet" медициналык журналы «Спутник V» вакцинасынын эки дозасы коронавируска 91.6% туруштук бере аларын жазды.

Орусиялык "КовиВак" дары заты кишинин денесине коронавирустун «өлтүрүлгөн» түрүнүн анча-мынча бөлүкчөсүн киргизип, дененин иммунитеттик каршылыгын туудурат. Бул – вакцина өндүрүүнүн классикалык ыкмасына жатат жана ушул ыкма Кытай менен Индияда да колдонула баштаган.

Орусия алгачкылардан болуп өз вакцинасын чыгарса дагы, азыркыга чейин 2,2 миллион гана жаранын же калктын 1,5% гана эмдөөгө жетишти.

Эмдөө жаатында дүйнөдөгү өлкөлөрдүн алдыңкы сабында Израил бара жатат. Бул өлкөдө калктын 50 пайызга жакыны эмдөөдөн өттү.

XS
SM
MD
LG