Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштады


Президент Режеп Тайып Эрдоган.
Президент Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-марттагы элге кайрылуусунда коронавирус пандемиясынан улам киргизилген коменданттык саат жана карантин чектөөлөрү өлкөнүн айрым аймактарында алына тургандыгы айтылды.

Түркиянын 81 облусу коронавирусту жуктуруп алгандардын жана оор бейтаптардын абалына жараша жеңил, орто, кооптуу жана өтө кооптуу деген категориялардагы аймактарга бөлүнөөрү кабарланды.

Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда катаал пандемия чектөөлөрү сактала бермекчи, ал эми жеңил жана орто категориядагы аймактарда элдин көчөгө чыгуусуна жана ресторан, коомдук жайлардын ачылышына уруксат бериле тургандыгы белгилүү болду.

Бирок кечки саат 21.00дөн таңкы саат 05.00гө чейин өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси күчүндө калат.

Ошондой эле 1-марттан тартып Түркиядагы бала бакча, башталгыч класстар жана жогорку классттардын окуучуларына мектепте билим алуусуна уруксат берилди.

Ал эми чет өлкөдөн Түркияга барган ар бир жарандан ПЧР тести милдеттүү түрдө алынат.

83 миллион калкы бар Түркияда, 1-мартта берилген маалымат боюнча, 9 миллионго жакын жаран коронавирус эмдөөсүнөн өткөн. Алгач медицина кызматкерлери, полиция жана мугалимдер вакцина менен эмделген.

Tүркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган.

Ал эми расмий маалыматтар боюнча, 1-мартта Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 28 638 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллион 700 миңден ашты. 2 жарым миллиондон ашык бейтап коронавирустан сакайып чыкты.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Өлкөдө коронавируска каршы эмделген бир катар кыргызстандык карыя мигранттар бар экендиги кабарланды. (ElB)

XS
SM
MD
LG