Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Молдова COVAX программасы аркылуу вакцина алды


"AstraZeneca" вакцинасы.
"AstraZeneca" вакцинасы.

Молдова COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинаны акысыз алган Чыгыш Европадагы биринчи өлкө болду. Бул тууралуу Молдованын президенти Майя Санду 5-мартта өзүнүн "Твиттердеги" барагында кабарлады.

Өлкөгө бейшембиден жумага караган түндө алып келинген AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясын тосуп алуу аземине Санду айым өзү катышты. Эми коронавируска каршы 14400 доза менен алгач дарыгерлер эмдөөдөн өтөт.

Молдова президенти эмдөө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына жардам берет деген үмүттө.

Молдовалык тургун коронавируска каршы эмделүүдө. Кишинёв. 2021-жылдын 2-марты.
Молдовалык тургун коронавируска каршы эмделүүдө. Кишинёв. 2021-жылдын 2-марты.

Молдовада төрт миллиондой киши жашайт. Пандемия башталгандан бери вирустан улам бул өлкөдө төрт миңдей киши каза болду.

COVAX программасы дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн жарандарын коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууну көздөйт. Алгач болуп бул программа алкагында Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо эмдөөдөн өткөн.

Румыния 27-февралда COVID-19 илдетине каршы “AstraZeneca” компаниясы өндүргөн вакциналардын биринчи партиясын Молдовага жеткирген.

2020-жылы декабрь айында Румыниянын президенти Клаус Йоханнис Кишинёвго болгон иш сапары учурунда Европа Биримдиг бөлгөн квотадан 200 миң вакцина дозасын Молдовага жөнөтүүгө убада кылган. Бул көмөк – өлкөнүн жаңы жана батышчыл президенти Майя Санду айымга колдоо көрсөтүү ишаарасы болду.

XS
SM
MD
LG