Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Түркия апрелде ооган тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргүсү келет


Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымат жыйынында. Доха, Катар. 2021-жылдын 11-марты.
Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымат жыйынында. Доха, Катар. 2021-жылдын 11-марты.

Түркия келээрки айда, АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгарып кетүү мөөнөтүнүн аяктаарынын ирегесинде, Стамбулда ооган тынчтык жыйынын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкара өзүн "Ооганстандагы эң маанилүү аракет ээлеринин бири" деп эсептээрин 12-мартта билдирди.

"Биз бул (жолугушууну) Катардагы боордошторубуз менен макулдашып жасайбыз", – деди Чавушоглу. Дохада буга чейин жүзөгө ашырылып келе жаткан Ооган өкмөтү менен талиптердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн айырмалуу айлампасына Түрк тышкы иштер министри дал ушундайча шилтеме кылганын “Анадолу” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Чавушоглу жолугушуунун так датасын айткан жок. Ал ошондой эле Түркия тынчтык жүрүмүнө атайын өкүл дайындоону көздөп жаткандыгын кошумчалады.

"Талиптер дагы, сүйлөшүү жүргүзүп жаткан делегация дагы, – башкача айтканда, өкмөттүк тарапты айтып жатам, – мындай жолугушууну өткөрүүнү мурдараак бизден өтүнүшкөн", – деди Чавушоглу.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын бийлиги талиптер менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ооганстандагы акыркы америкалык аскерлерди 2021-жылдын май айына чейин чыгарып кетүү тууралуу чечим кабыл алып кеткен. Ал эми азыркы президент Жо Байден бул макулдашууну кайра карап чыгууда.


Түркиянын дипломатиялык демилгеси дал ушул кырдаалга туш келди.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бир нече күн мурда Ооганстандагы БУУ жетектеген тынчтык аракеттерине кескин түрткү берчү жаңы кадам жасады. Ал Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге жазган катында 90 күнгө зомбулукту кыскартууга жана эки тараптан тең курала турган өткөөл өкмөттү түзүүгө чакырды.

Блинкен мырза ошондой эле АКШнын аскерлерин 1-майга чейин чыгарып кетүү боюнча мурдагы долбоорду Вашингтон жүзөгө ашырабы же жокпу деген маселе жаатында азырынча чечим кабыл алына электигин да белгилеп, президент Ганини “лидерликти чечкиндүү түрдө” көрсөтүүгө чакырган.

Бирок расмий Кабул да, талиптер да бири-бирине ишенбей келишет. (TT)

XS
SM
MD
LG