Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Орусия: "Новая газетанын" кеңсесине белгисиз затты төгүп кетишти


"Новая газета" басылмасынын Москвадагы кеңсеси.

Орусиядагы көз карандысыз “Новая газета” басылмасынын кеңсеси “химиялык чабуулга” туш болгонун жарыялады. Гезиттин Москвадагы кеңсесине химиялык кескин жыттанган белгисиз затты төгүп кеткени тууралуу анын редакциясы 15-мартта кабарлады. Бул жытты редакция кызматкерлери гана эмес, басылманын башка коноктору да сезишкен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ИИМдин өкүлдөрү окуя болгон жерге келип, текшеришкен. Эч ким жабыркаган эместиги айтылды.

Басылма редакциясынын өкүлдөрү химиялык заттын жыты 2017-жылы “Новая газета” гезитинин журналисти Юлия Латининанын үйүнө жана унаасына кимдир-бирөөлөр чачып кеткен химиялык заттыкына окшош экенин айтышты. Ал учурда көз карандысыз журналисттин үйүнө жана унаасына уулуу химиялык зат чачылгандыгы аныкталган.

“Новая газета” Орусиядагы оппозициячыл маанайы менен таанымал либералдык-демократиялык багыттагы басылма. Башкы редактору - Дмитрий Муратов.

Гезит өлкөдөгү терс көрүнүштөр боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. Маселен, ал орус бийлигинин өкүлдөрүнүн Түндүк Кавказдагы мыйзам бузууларын, айрым ири жемкорлук көрүнүштөрдү ашкере кылган.

XS
SM
MD
LG