Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Шайлоо: Болгариянын бийликтеги партиясы коалициялык өкмөт түзүүгө мажбурланчудай


Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов
Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов


Премьер-министр Бойко Борисовдун “Жарандар – Болгариянын Европалык Өнүгүүсү Үчүн” (“Граждани за европейско развитие на България”; кыска аталышы ГЕРБ) деп аталган чордончул-оңчул партиясы 4-апрелдеги парламенттик шайлоодо болжол менен 25 пайыз добуш менен жеңишке жетет деп болжолдонуп жатат.

“Alpha Research” сурамжылоо фирмасынын маалымдашынча, оппозициялык Социалисттик партия 17,6 пайыз добуш менен экинчи орунда ишенимдүү келе жатат.

Сыналгы жылдызы Слави Трифонов башында турган "Ушундай эл бар" аттуу партия 15,2 пайыз менен үчүнчү орунду ээледи.

“Alpha Research” сурамжылоо фирмасынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу алдын ала сурамжылоосунун маалыматы. Болгария. 2021-жылдын 4-апрели.
“Alpha Research” сурамжылоо фирмасынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу алдын ала сурамжылоосунун маалыматы. Болгария. 2021-жылдын 4-апрели.


Дагы эки оппозииячыл партия – “Адам Укуктары жана Эркиндиктери үчүн Түрк Кыймылы” (DPS) жана улутчул маанайдагы Болгариянын Улуттук Кыймылы (IMRO) да жалпы 240 орундуу парламенттен кайсы бир орундарды алышат деп болжолдонууда.

ГЕРБ партиясынын 25 пайыз добушка ээ болгондугу расмий тастыкталчу болсо, анда бул – бийликтеги партиянын 2009-жылдан берки биринчи жолку эң начар көрсөткүчү болуп калмакчы. 2017-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партия 33,5 пайыз добушка ээ болгон.


Мындай жыйынтыктын шартында Борисов мырза премьер-министр кызматын дагы төрт жылдык мөөнөткө улантуусу үчүн зарыл болгон көпчүлүктү камсыздоо максатында ГЕРБ партиясы башка да парламентке кирген партиялар менен коалиция түзүүгө мажбур.

61 жаштагы Борисов он жылдан бери өлкө саясатында үстөмдүк кылып келет. Азыркы оппозициячыл партиялардын көпчүлүгү анын ГЕРБ партиясы менен ымала түзүүгө көңүлсүнбөй жатышат.

Трифонов мырза ГЕРБ партиясы менен да, Социалисттер партиясы менен да коалициялык ынтымак түзүүгө ниети жоктугун билдирди.

Болгариялык адис жана Темпл Университетинин Рим кампусунун деканы Эмилия Занкина айым “Азаттыкка” куран маегинде Борисов “идеологиялык жактан туура келбеген” партиялардын өкүлдөрү менен эптеп “калкып туруучу көпчүлүктү” түзүүгө жетишет ко деп жоромол кылды.

Занкинанын айтымында, мындай өкмөт ар бир маселе боюнча улам-улам ич ара соодалашууга аргасыз болушу ыктымалдан алыс эмес. (TT)

XS
SM
MD
LG