Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Болгария дагы бир орус дипломатын АКШнын аскерлери жаатында тыңчылык кылды деп өлкөдөн чыгарууда


Орусиянын Болгариядагы элчилигинин имараты. София шаары.
Орусиянын Болгариядагы элчилигинин имараты. София шаары.

Болгариянын бийликтери ысымы аталбаган орусиялык дипломатка 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө убакыт берди. Бул дипломат Евробиримдик менен НАТОнун мүчөсү болгон болгар өлкөсүндө тыңчылык кылды деп шектелүүдө. Ушуну менен расмий София 2019-жылдын октябрынан бери алтынчы орус дипломатын «тыңчылык кылды» деген шек менен өлкөдөн чыгарууда.

Болгариянын тышкы иштер министрлигинин 18-декабрда «Твиттерде» жарыялаган маалыматына караганда, «персона нон грата» жарыяланган бул орусиялык киши «дипломаттык макамына шайкеш келбеген» иш-аракетке барган. Ал эми Болгариянын прокуратурасы башка бир билдирүү таркатып, анда алиги орус дипломаты 2017-жылдан бери тыңчылык иш-аракет жүргүзгөн, анын ичинде аскердик машыгуу маалында Болгарияда болгон америкалык аскерлердин саны жаатында жана башка аскердик маалыматтарды тымызын алууга далаалат жасаган, деп айтылат. Прокуратуранын билдиришинче, бул дипломат жашыруун сырды алуу үчүн болгар жаранына акча сунуштагандыгы далилденген.

Болгар бийликтери азырынча бул дипломаттын ысымын ачыктай элек.

Ал эми Орусиянын Софиядагы элчилиги алиги дипломат аскер иштери боюнча атташе болгондугун, анын «негизсиз түрдө» өлкөдөн чыгарылып жатышына байланыштуу расмий Москва да жооп берүүгө акылуу экендигин билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG