Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Евробиримдик Венгрияны, Болгарияны жана Румынияны сынга алды


Еврокомиссиянын башкы штабы. Белгия.
Еврокомиссиянын башкы штабы. Белгия.

Евробиримдиктин аткаруу органы болгон Еврокомиссия мыйзам үстөмдүгүнө арналган баяндамасын 30-сентябрда жарыялады. Баяндама биримдиктин саммитин утурлай жарыяланды. Анда Венгрия «сот системасынын реформасы олуттуу тынчсыздануу жараткан» өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Ал эми Польшанын сот реформасы 2015-жылдан бери ишке ашпай келе жатканы айтылган.

Варшава менен Будапешт сот системасына, маалымат каражаттарына, өкмөттүк эмес уюмдарга жана илимий чөйрөгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү аракетинен улам Евробиримдиктеги лидерлердин сынына кабылып келатат.

Венгрияда жогорку деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөш чектелген бойдон калып жатканы, маалымат каражаттарына бийликтин таасири күч экени жазылган. Венгриянын юстиция министри буга дароо жооп кайтарып, «Фейсбуктагы» баракчасында Еврокомиссиянын сынын «ката жана негизсиз» деп билдирди.

Еврокомиссиянын сынына сот системасынын көз каранды эместигин камсыз кылуудагы кемчиликтери үчүн Болгария менен Румыния да кабылды.

XS
SM
MD
LG