Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Блинкен Кремлдин "Радио Свободанын" үнүн басуу далаалатын айыптады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Вашингтон. 2021-жылдын 30-марты.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Вашингтон. 2021-жылдын 30-марты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын "чет элдик агент" мыйзамын колдонуу менен "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын (ЭЕ/АҮнүн “Радио Свобода” ж.б.) кызматтарын жаап салуу же үнүн басаңдатуу максатындагы далаалаттарына тынчсыздануусун билдирди.

Блинкен АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао менен "дүйнө жүзүндө демократиялык принциптерди сактоодо жана жайылтууда эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттары ойногон ролду талкуулоо үчүн" жолуккан соң, өз пикирин ортого салгандыгын Мамлекеттик департамент 6-апрелде билдирди.


Орусиянын медиа каражаттарын көзөмөлдөөчү “Роскомнадзор” мекемеси акыркы айларда "чет элдик агент" мыйзамынын катаал чектөөлөрүн сактаган жок деген доо менен "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус тилдүү кызматына 1 миллион долларга жакын айып пул салды. Мекеме бул медиа кызмат 400гө жакын мыйзам бузуу учурларына жол берди деп санайт.


Мамлекеттик департаменттин билдиришинче, Блинкен мырза менен Чао айым "Орусия өкмөтү медиа эркиндигин чектеп жатат деген олуттуу тынчсызданууларын орток бөлүшкөн".

"Алар «Эркин Европа/Азаттык үналгысын” Орусиядан чыгарып салуу жана көз карандысыз кабар таркатуунун үнүн өчүрүү максатында Москва жакында милдеттүү жарлык тагып коюу талаптарын жана каржылык жазаларды киргизди жана бул чаралар «Эркин Европа/Азаттык үналгысы” менен “Америка доошуна” кылмыш жазаларын чегерүү ыктымалдыгын да камтыйт, деп белгилешти”.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин айтымында, бул медиа тармактардын редактордук жактан көз карандысыз кабар таркатуулары – медиа каражаттарын жазалоочу кыртышка ээ өлкөлөр үчүн зор мааниге ээ. Мындай өлкөлөрдө көз карандысыз журналистикага цензура таңууланат, ойду эркин билдирүү укуктары чектелет же бул укукту пайдалангандар жазалоого кабылышат, деп Мамдепартаменттин билдирүүсүндө баса белгиленген. (TT)

XS
SM
MD
LG