Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Москва полициясы ондогон кишини "жарамсыз" топтун иш-чарасына катышты деп кармады


Москва шаардык Думасынын депутаты Михаил Тимонов мырзаны полиция кармап кетүүдө. 2021-жылдын 13-марты.
Москва шаардык Думасынын депутаты Михаил Тимонов мырзаны полиция кармап кетүүдө. 2021-жылдын 13-марты.

Орусия полициясы борбор шаардагы көз карандысыз жергиликтүү депутаттардын чогулушуна чабуул жасап, мындагы ондогон кишилерди "жарамсыз" топ уюштурган иш-чарага катышты деген жүйө менен кармап кетти.

"Радио Свобода" медиа мекемесинин кабарчысы билдиргендей, "Муниципалдык Орусия" шеринелик иш-чарасы Москванын Измайлово мейманканасында 13-мартта эртең менен башталган жана тартип сактоо кызматкерлери 40 мүнөттөн кийин келип, ага катышкан кишилерди четинен кармап кете башташкан.

Кармалгандардын тизмеси, шеринеге камтылган топтордун биринин айтымында, кеминде 100 кишини түзөт жана алар Орусиянын президенти Владимир Путинди сындаган саясатчылардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн арасындагы таанымал инсандар.

Бул иш-чара “Бириккен демократтар” долбоору тарабынан уюштурулган. Бул долбоор прокуратура органдарында сакталган "жарамсыз" уюмдардын тизмесине кирген эмес.

Кармалгандардын арасында “Ачык Орусия” («Открытая Россия») уюмунун жетекчилеринин бири Андрей Пивоваров менен Анастасия Буракова, Екатеринбургдун мурдагы мэри Евгений Ройзман, Москва шаарынын депутаттары Илья Яшин жана Юлия Галямина, оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурза жана журналисттер бар.

Бул коомдук шеринеге (форумга) болжол менен 150гө жакын киши катышты деп маалымдалды.


Орусиянын "жарамсыз уюм" жөнүндөгү мыйзамы 2015-жылы май айында өлкөдөгү кайчы пикирлердегилерди ооздуктоо боюнча мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана башка чектөөчү иш-аракеттердин толкунунун алкагында кабыл алынган.

Быйыл күзүндө өлкөдө жаңы шайлоолор күтүлөт. Адатта, анын ирегесинде орусиялык өкмөттү сындаган оппозициячыл жана көз карандысыз талапкерлерге тыюу салууну жана шайлоодон четтетүүнү камтыган ар кыл расмий аракеттер күч алып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG